Интернеттен кардар тапкан элеттик уздар

Сары-Камыш айылындагы уз-чеберлер.

Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылындагы аялдар бычуу, тигүү, токуу чеберчилигине каныгып, жасаган буюм-тайымдарын Интернет аркылуу сатып,пайда табуу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.

Бул иш-аракеттер Бириккен Улуттар Уюмунун “Элеттик аялдардын экономикалык жактан мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Кыргызстандын аймагында 2014-жылдан бери иштеп жатат.

Айжаркын Зайнабидин кызынын айыл жеринде кол өнөрчүлүккө үйрөткөн кыска мөөнөттүү окууга катышып жатканына үч күн болду. Ал азыр койдун жүнүнөн ноутбук үчүн баштык жасап жатат. Ал колго тигилип, саймалаган кийиз баштыкты үйдөн чыкпай эле сатууну да үйрөнүүдө:

Айжаркын Зайнабидин кызы

- Сабакка катышкан күндөн бери ноутбук сала турган баштык жасап жатам. Бүгүн үчүнчү күн, бүтүрөм. Мурда чоң энелерибиз шырыма тиккенде, жанында отуруп үйрөнгөнбүз. Азыр минтип жаңыча ыкма тиккенди да үйрөнүп жатабыз. Көрсө, бардык нерсе өзүбүздөн чыгат экен. Акчанын баары колдо экен. Аны биз ушул убака чейин билбей жүрүптүрбүз. Мисалы, койдун жүнүн кыркканда ошол жерде эле өрттөп салабыз да.

Сары-Камыш айылынын 51 жаштагы тургуну Эркин Айдаралиев кыз-келиндер менен кошо килем согууну үйрөнүп жатат. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери айыл жеринде кийим бычып, тон тигет. Жаңыдан үйрөнүп жаткан өнөрү тууралуу Эркин Айдаралиев буларды айтты:

Эркин Айдаралиев

- Килем сокконду, жиптерин кандай тартыш керек, аркакты кантип өткөрүү жолдорун үйрөнүп жатам. Өзүм деле оймо-чийме оюп, кийизге жээк басам, кийим-кече тигем. Мисалы, бул кемселди өзүм шырыдым. Ынтызарлык менен аракет кылсаң, кандай гана нерсе болбосун үйрөнөсүң. Адамда каалоо жана аракет болсо бардык ийгиликке жетсе болот.

Гүлбайра Сарытаева балдардын чапанын кыска убакытта эле тигип бүткөнүн айтты. Эми аны сатып ала турган кардарды Интернет аркылуу тапкан экен.

- Мурда Кара-Суунун базарына барып “буюмумду сатып бересиңерби” деп соодагерлерге кайрылчубуз. Кардарлар менен сүйлөшчүбүз. Андан башка Ноокатка, Өзгөнгө жөнөтчүбүз. Азыр эми Интернет аркылуу сатууну үйрөтүштү эле буюмдарды сүрөткө тартып жайгаштырдык. Дароо эле кардарлар телефон чала баштады. Кийизден баштык, балдардын чапанын сурап жатышат. "Канча даана бар, буюртма аласыңарбы?" деп чалышууда. Ошентип Интернеттен эле буюртма ала баштадык.

“Элеттик аялдардын экономикалык жактан мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу” долбоорун Бириккен Улуттар Уюмунун төрт уюму биргеликте ишке ашырып жатат. Долбоор 2014-жылы Кыргызстандын Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында башталган. Айыл жеринде кол өнөрчүлүктү колго алган долбоордун бир бөлүгүндө атайын дизайнер, маркетолог адистер кыз-келиндерге иш жүзүндө сабак өтүшүүдө.

Кол өнөрчүлүктү колдоо фондунун эксперти Динара Чочунбаева жаш муун терме, сайма, курак, килемчилик сыяктуу улуттук кол өнөрчүлүктү унутуп баратат деген пикирде:

Динара Чочунбаева

- Жаштар ийик эмне экенин билбей калышыптыр. Көрбөсө билбейт да. Биз мында заманбап базардын талабына ылайыкташтырып жаңы буюмду жасаганга дизайнер, аны сатуу үчүн маркетинг боюнча адисти чакырдык. Ушул жерде отуруп жаңы үлгүдөгү буюмду жасаса, ошону кол телефон менен эле сүрөткө тартып, Интернетке жайгаштырып сатууну үйрөтүп жатабыз. Айылдагы кыз-келиндерди беш күн ичинде базар экономикасына киргизип жатабыз. Мисалы, жазында, жайында, күзүндө талаада иштесе кышында үйдө эле отурушат да. Үйдө отуруп жасап, үйдө эле сатса болот деген бул аялдарга жаңылык болуп жатат.

Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылында азыр жыйырмага жакын аял кол өнөрчүлүккө үйрөнүп жатат.

Кол өнөрчүлүк сабагы

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму буга чейин айыл жериндеги аялдарга жашылчаны өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын, сугат сууну сарамжалдуу колдонууну жана үй шартында жашылча-жемишти кайра иштетүүнү үйрөткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​