Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тергөө комитетинин Кузьмин райондук бөлүмү кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Жапырт мушташка катышкан төрт кыргызстандык, ондон ашуун өзбекстандык кармалып, суралып жатат. Бул окуя боюнча Орусиянын президентине караштуу Улут аралык мамилелер боюнча кеңештин чет элдик жарандардын социалдык-маданий адаптациялоо комиссиясынын өкүлү Раимкул Аттокуров бир нече суроолорго жооп берди.
«Азаттык»: Кыргыз жигити каза болгон калайман мушташ жөнүндө кандай маалыматыңыз бар?
Аттокуров: Москва аймагынын Некрасовка деген району бар. Ошол жердеги курулуштарда кыргыз, өзбек жарандары иштейт. Анан 30-июлда кандайдыр турмуштук түшүнбөстүктөн улам кыргыз-өзбек жаштары мушташып кетишиптир. Мушташтан 1999-жылы төрөлгөн жигит ооруканага түшүп, каза болду. "Башына же далысына темир тийген" деп жатышат. Жигит өзү Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылынын кулуну болот экен.
«Азаттык»: Анын сөөгү 31-августта жөнөтүлөт деп айтылды эле, ал жагынан маселе жаралган жокпу?
Аттокуров: Бул эми ден соолугунан эмес, мушташтан каза болгондуктан тергөө иштери жүрөт экен. Бирок бардык уруксат кагаздары, акча жагынан жардам берип сөөгүн мекенине жөнөттүк.
«Азаттык»: Шектүүлөр суралып жатабы?
Аттокуров: Тергөө иштери боюнча азыр мушташка катышкан балдардын баары суракка алынып жатат. Бул иш элчиликтин, коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Биздин юристтер да карап жатат. Бул иш жөн калбайт.
«Азаттык»: Эми Орусияда эки улуттун тең мигранттары көп экени белгилүү. Чатак дагы ырбап кетпеши үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатабы?
Жаш жигиттер Кыргызстандан келип эле ар кандай иштерде эмгектенип башташат. Аларга айтаарым - эң биринчи иретте миграциялык мыйзамдарды сакташы керек. Андан кийин келген жердин маданиятын, салтын, башка улуттар менен ынтымактуу болууну үйрөнүшү керек.
Аттокуров: Эми кыргыз жамааттары башка коңшу мамлекеттерден келген диаспоралар менен тыгыз байланыштабыз. Алардын да илимдүү-билимдүү инсандары, аксакалдары бар. Алар менен байланышып, "ушундай окуя болуп кетиптир, эми жаштар касташып калбасын" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
«Азаттык»: Дегеле, акыркы учурда Орусияда мекендештер катышкан кылмыштар, кырсыктар көп катталып жатпайбы. Ушул жагынан кыргыз жамааттарынын, уюмдарынын алдын алуу иштеринде ролу канчалык деп ойлойсуз?
Аттокуров: Тилекке каршы, ушундай кырсыктар көп болуп жатат. Кырсык айтып келбейт экен. Анын алдын алып калуу оңойго турбасын билебиз. Жаш жигиттер Кыргызстандан келип эле ар кандай иштерде эмгектенип башташат. Аларга айтаарым - эң биринчи иретте миграциялык мыйзамдарды сакташы керек. Андан кийин келген жердин маданиятын, салтын, башка улуттар менен ынтымактуу болууну үйрөнүшү керек. Муну баары эле турмушта керектүү сапаттар. Биз колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Төрт тилди камтыган баракчаларды чыгарып таратуудабыз. Кыргыздар чогулган жерлерде аксакалдарга мыйзамдарды сыйлоо боюнча айтып жатабыз.