Кенжебаевдин кармалышы, Айтматованын байланышы

Сыргак Кенжебаевдин "Азаттыкка" комментарий берип жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

​Экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин кармалышы көп суроолорго жем таштады. Айтматова алгач жолдошу Казакстанда кармалганын билдирсе, кийин Кыргызстандын атайын кызматы Кенжебаев Бишкекте алдамчылыкка шек саналып колго түшкөнүн кабарлады.

Мунун артынан эле өзүн жабырлануучу катары тааныштырган кытайлык ишкер ачыкка чыкты. Ширин Айтматова күйөөсүнүн кармалышын саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Кенжебаевдин кармалышын сыры

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда кармалганын 19-декабрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал жолдошун белгисиз жарандар уурдап кетиши мүмкүндүгүн билдирип, казак президенти Касым-Жомарт Токаевден да жардам сурап жиберди.

20-декабрдын таңында гана Кенжебаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) линиясы аркылуу кармалып келгени маалым болду. Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Сыргак Кенжебаев “ири өлчөмдөгү алдамчылыкка” шек саналып жатканын кабарлады.

Рахат Сулайманов

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) Кытай эл республикасынын жараны алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акча каражатын алган Кенжебаевге карата чара көрүүнү сурап кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кытай жараны “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабына катышып, инвестиция алып келүү үчүн ири кытайлык компаниялардын биринин өкүлү катары Кыргызстанга келгени, сынакка катышууга даярдануу учурунда Кенжебаев менен таанышканы аныкталган. Ал эми Кенжебаев кытайлык инвестордун ишенимине кирип алып, күтүүсүз чыгымдарга байланыштуу деген шылтоо менен 350 миң долларын ээлеп алып, кайтарып бербей жатканы белгилүү болду. Бул акчадан тышкары кошумча дагы 250 миң доллар талап кылганынын талашсыз далилдери бар.

Сулайманов ырастагандай, Сыргак Кенжебаев 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат буга кошумча кармалган жаран Ширин Айтматованын күйөөсү экендигинен алардын кабары жоктугун, Кенжебаев өзү сурак учурунда ажырашып кеткенин, жарандык никеде жашай турганын билдиргенин белгилейт.

Дагы караңыз Айтматова: Күйөөм УКМКда, репрессия уланууда

Соңку билдирүүдөн көп узабай эле ушул иштин жабырлануучусу басма сөз жыйынын өткөрө турганы чукул кабарланды. Өзүнүн адвокаты Жанара Аскар кызы менен келген кытайлык, уйгур тектүү ишкер Мотайлифу Маймайтяминг куду эле УКМК билдирген окуяны журналисттерге айтып берди.

Маймайтяминг кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясынын өкүлү катары 2019-жылдын 8-мартында Кыргызстанга келгенин, Сыргак Кенжебаев менен ошол учурда таанышканын билдирди. Алар өнөктөш катары келишим түзүшкөнүн, эгер тендерден утса, кытайлык компания аларга 600 миң доллар акы төлөп бермегин кошумчалады.

- Бул каражаттын 85 пайызын мен, 15 пайызын Кенжебаев ала турган болуп макулдашканбыз. Атайын келишимибиз да бар. Ушул арада Сыргак Кенжебаев мен өзүм ачкан кеңсени Эрлан деген бир баланын атына каттап койгон. Ошол жерде алдамчылык башталды. Ортодо паспортумду алып бербей коюп, 350 миң доллар талап кылды. Акчаны алгандан кийин гана паспортумду берди. Акчамды бер десем, 350 миң доллар жетпей калды деп, мага акча бербей койду. Ошол себептүү мен адвокат аркылуу УКМКга, сотко кайрылдым, - деди Мотайлифу Маймайтяминг

“Бул даттануу Сыргак Кенжебаевдин аялы Ширин Айтматованын ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмеспи?” деген журналисттердин суроосуна адвокат Жанара Аскар кызы таң калды. Ал кабарды эми гана угуп жатканын, Айтматованы тааный турганын билдирип, башка комментарий бере албасын айтты. Ошону менен басма сөз жыйыны аягына чыкпай бүттү.

Мунун алдында Ширин Айтматова жолдошунун кармалышын өзүнүн аракеттери менен байланыштырган. “Азаттыкка” курган маегинде ал “репрессия уланып жатат” деп айтты:

- Ооба, түздөн-түз байланыштырам. Анткени буга чейин күйөөмдү коркутушкан. Ал "Бул ишти кылба" деп менден өтүнгөн. Бүгүн эле “Үмүт 2020” кыймылынын өкүлү Нурсултан Акылбекти дагы камай тургандыктарын айтышыптыр. Абал абдан олуттуу. Мени таң калтырганы эч ким жооп бербей жатканында. Адам аэропортко келген, бирок каттоодон өткөндөн кийин эле дайынсыз кетип жатпайбы.Азыр болуп жаткандар - куугунтук, жалаа жабуу. Бул 37-жылкы репрессиялык орган - чындыкты айтып, бир ууч адам, депутаттар эмес, баарынын жашоосу оңолсун деп күрөшүп жаткандарды бутага алууда. “Үмүт 2020” Кыргызстан, кыргыз эли татыктуу жашасын деп үмүттөнүп, аракет кылабыз. Бирок бул үчүн бизди жок кылууга, жашообузду талкалап, балдарыбызды ата-энесиз калтырууга тырышып жатышат. Бүтүндөй мамлекетти уурдап жаткандарга баары жардам берүүдө. Ушундай көрүнүш орун алып жатса, ушинтип бизди келекелеп атышса, анда аларга президент дагы жардам берип жаткандай өңдөнөт. Азыр атам Чыңгыз Төрөкуловичтин арбагы мунун баарын туюп, түйшөлүп турат деп ишенем. Дайыма эле алар каалагандай болбой, акыры бир акыйкаттык орнойт деп ойлойм.

Сыргак Кенжебаев 37 жашта. Мурдараак ал Кыргызстандын камсыздоочулар ассоциациясын жетектеген. Бир-эки жыл башта болсо Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ал беш-алты компаниянын директору катары көрсөтүлгөн. Кенжебаев жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турганын 2016-жылы “Азаттык” чагылдырган.

“Коопсуз шаардын” изи

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова быйыл “Үмүт 2020” кыймылын негиздеп, коррупцияга каршы күрөшүүгө бел байлаган. Ал акыркы айларда Кыргызстандагы ун ишмердигин лоббилеген аткаминерлер, депутат Канат Исаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жубайы тууралуу иликтөөлөрдү жасаган.

Дагы караңыз «Үмүт 2020» ун мыкчыгерлерине сес көрсөттү

“Үмүт 2020” кыймылы Кыргызстандагы коррупцияга каршы, сөз эркиндигин коргоп чыккан “Reакция” митингдерине да активдүү катышып келет.

Жарандык активист Сыймык Жапыкеев соңку жагдайды мындайча комментарийледи.

Сыймык Жапыкеев

- Эмнеге Шадиевди ушинтип кармап калышпайт? Эмнеге башка кылмышкерлерди чет жактан алып келишпейт? Мунун баарын жасашпайт да, эми Ширин Айтматова чыга келсе эле, анын жолдошун камап салышты. Сөздүн ачыгы, Ширин Райымга тийишип жатат, кайра-кайра көтөрүп жатат. Анан алар дагы жөн турбай артынан буйрутма кылышты. Муну менен бийлик Айтматованын үнүн баскысы келип жатат. Бир эле анын эмес, менимче бүт эле коррупцияга каршы чыккандардын оозун жапкысы келет. Сыргак Кенжебаевди да жеке тааныйм, ал мындай жолго барарына түк ишенбейм.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендер быйыл жайда жарыяланып, жыйынтыгы сентябрда гана чыккан. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет сынакка катышкан компаниялардын ичинен кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» эң аз сумманы, 2 654 558 940 сом сунуштап, утуп чыкканын билдирген.

Дагы караңыз «Коопсуз шаардын» аймактагы иши кечеңдеди

Мекеме тараткан маалыматка караганда, экинчи орунду орусиялык БИС компаниясы алган. Тендерге катышкан дагы бир орусиялык «Вега» ишканасынын сунушу Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фондго карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат тапшырбаганына байланыштуу четке кагылган.

УКМК, ИИМ, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнөн, Бишкектин мэриясы менен башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссия «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» ишканасын жеңүүчү деп тапкан.

Эми соңку чырда бул компаниянын да аты аталгандыктан айрымдар ушул эле кытайлык ишкананын өзүнүн жеңишине да шек кеткенин айтышууда.

«Жарандык союз» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев буларга токтолду.

Урмат Казакбаев.

- Сыргак Кенжебаевдин жагдайы боюнча толук маалыматтар чыга элек. Бул Ширин Айтматованын коомчулуктагы ишине байланыштуу да болушу мүмкүн, балким андай эмес. Азыр бир нерсе айтуу абдан кыйын. Кенжебаевдин адвокаты билдирүү менен чыксын, тиешеси бар деп жаткан кытайлык компания өз жүйөсүн айтсын, анан талдайбыз. Бирок Кытай компаниялары биздеги тендерлерди толук түрдө мыйзамдуу утат деп айта албайбыз. Ачыкка чыккан маалыматтарга таянсак, кытайлык компаниялар көбүнчө биздей мамлекеттерди акча менен сатып алышат, өзүнө керектүү чечимдерди тыйын менен чыгартышат. Саламаттык сактоо министрлигине кытайлардан берилген кымбат баалуу автоунааны айталы, Сапар Исаковдун аты чыккан жол, кийин Бишкек ЖЭБи боюнча да кытай компаниялары аралашканын билебиз. Кыргызстандагы жолдорду салуу, оңдоо боюнча тендерлердин 80-90% кытайлык компаниялар утат. Ошондуктан соңку фактылардан кийин да биз “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын да кытайлык компания кандайдыр бир шектүү жолдор менен уткан деген бүтүмгө келе алабыз.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Ал негизинен Бишкек шаарын жана Чүйдүн айрым жерлерин гана тейлейт.

Ал эми кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» долбоордун экинчи этабынын алкагында Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​