Казакстан: мигранттарды коркуткан кабар

10-октябрь түнү WhatsApp, Фейсбукта “Казакстандагы кыргыз мигранттарын массалык түрдө текшерүү башталды, чек ара жабылды” деген өңдүү ар кандай маалыматтар желдей тарады.

Кыргызстандыктар бири-бирине WhatsApp аркылуу “Казакстанда иштеген кыргыздарды текшерүү күчөйт, атайын рейддер башталат” өңдүү имиш кептерди тарата баштады. Ошондой эле интернетте “Таразда кармалган кыргыздар” делген кайсы бир имаратта жыйырмадан ашык кишинин отурганы тартылган тасма да пайда болду.

Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Алдаяр Маматов базарларда кыргыз мигранттарынын документтерин текшерүү жүрүп жатканын билдирди:

- Биз диаспоранын өкүлү катары Миграция кызматынан сурадык. Жылдык отчет болгонун, жыл сайын ушундай текшерүү болорун айтышты. Документтериң туура болсо коё берип жатат. Туура эмес болсо РИИБге алып барып текшерип жатышат. Депортация жөнүндө уга элекпиз. Бирок "Кенжехан", "Арлан", "Казына" деген базарларга мурда кирип, такыр текшерген эмес. Кечээтен бери текшерип, рейд болду дешти. Кызматкерлер тыкыр текшергени менен сылык-сыпаа эле кайрылып жатышат.

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Алматыдагы базарда иштеген дагы бир кыргызстандык Адилет Турсуматов ушундай кабарлардан улам жумушка чыкпай койгондор болгонун айтууда.

- Бул маалыматтар өзүбүздөй эле кишилерден уккан имиштер. Мен өзүмдү текшерген жок дос, тааныштарымды текшериптир. Соода кылбай качып жүргөндөр бар.

Бирок мындай кабарларды казак тарап расмий ырастаган жок. Кыргызстандын тиешелүү органдары да Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарга кысым болуп жатканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн билдире элек. Социалдык тармактарда мигранттар өздөрү эле дүрбөлөңгө түшүп жатканын, массалык кармоо, рейддер жок экенин айткандар болууда.

Руслан Акматбек

Бул абалга байкоо салып жаткан экономист Руслан Акматбек ушундай учурда кыргыз өкмөтү жарандарга так маалымат жеткирүүсү зарыл деп эсептейт. Себеби, Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалда такталбаган маалыматтар ар кандай саясий окуяларга шыкак бериши мүмкүн дейт.

- Соцтармактарда, интернетте ар кандай маалыматтар тарап жатат. Азыр баарыбыз кооптонуп турабыз. Ал жакта туугандарыбыз, айрымдардын бизнеси бар. 100 миңдей мекендешибиз иштейт экен. Анан ар кандай божомолдор болуп жатат. Азыр жок дегенде бир расмий маалымат чыгарып, айтып койсо болмок. Себеби бул күтүүсүз башка окуялардын алдын алмак.

Кыргызстандын негизги соода алакалары Казакстан менен байланыштуу. Расмий маалыматтар боюнча 100 миңдин тегерегинде кыргызстандык мигрант соода тармагында иштейт. Кыргызстан коңшу өлкө менен Евразия экономикалык биримдигинде мүчө, ага ылайык мигранттардын иштөө шарттары жеңил болушу керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.