Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду

Дамирбек Асылбек уулу

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иш министрлиги Кыргызстанга нота жиберди. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда башка өлкөнүн жарандыгын алган киши кантип депутат болгон деген суроолорду пайда кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку окуянын негизинде Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылышы мүмкүн экендигин четке каккан жок. Ал ортодо Дамирбек Асылбек уулунун буга чейин аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу да маалыматтар айтыла баштады.

Казакстандын расмий маалыматы

Аткезчиликке айыпталып Казакстанда камакка алынган Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу айрым маалымат каражаттары кечээ жаза башташкан. Мындай маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий ырастап, Кыргызстандын дипломатиялык мекемесине нота жибергени 22-февралда белгилүү болду.

ТИМдин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев учурда тиешелүү иштер башталганын кабарлады:

- Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий катты бизге жөнөттү. Маалымат тастыкталды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү депутатка байланыштуу соңку маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөрүн жана ал текшерилерин билдирди.

Дамирбек Асылбек уулу башка өлкөнүн жарандыгын алаарда кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча Кыргызстандын президентине кайрылган эмес. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов буларды айтты:

- Калкты жана жарандык актылардын абалын каттоо департаментине андан жарандыктан чыгуу боюнча арыз келип түшкөн эмес.

Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгын кайсы жылдары алганы азырынча белгисиз.

Буга чейин депутаттын фракциялаштары ал спорт менен машыгып жүргөн учурунда Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканын билдирген эле.

“Кыргызстандын жараны катары билчүбүз”

Мындан улам Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда жарандыкты 2000-жылдары спорттук карьерасын аяктаганга чейин алышы мүмкүн деп божомолдонуп жатат.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстандын жараны катары гана билишерин, депутат өзү мурда-кийин казак жарандыгы тууралуу сөз кылбагандыгын белгилешти.

Аталган фракциянын депутаты Кубанычбек Нурматовдун маалыматты мамлекеттик органдар жакшылап териштириши керек деген пикирде:

- Эми бардык документтер чогултулуп БШКга тапшырылат. Ал органдын юристтери жакшылап териштирет. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы ал жарандыктан чыгуу үчүн кайрылган эмес деп билдирбедиби. Бизде деле маалыматыбыз жок болчу. Балким, спортто жүргөндө алганбы? Балким ага каршы атайын жасап коюшу мүмкүнбү, белгисиз. Биз аны Кыргызстандын жараны катары билчүбүз. Кыргызстандын атынан күрөшүп, желегебизди көтөрүп жүргөн.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга уруксат жок.

Дамирбек Асылбек уулу эки чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Алгач жолу 2009-жылы андагы бийликчил “Ак жол” партиясынын тизмесинен депутат болсо, экинчи ирет 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка келген.

Жогорку Кеңеш.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттаардын алдында анын соттолгон-соттолбогонун, башка өлкөнүн жарандыгын алган-албаганын тыкыр текшерип чыгышы керек.

Мындан улам Дамирбек Асылбек уулу башка өлкөнүн жараны болсо, ал кандайча эки ирет депутаттык мандатты алган деген суроо азыр коомчулуктун көңул чордонуна чыгып олтурат.

БШК: Маалымат тастыкталса, мандатынан ажырайт

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыргызстандын жараны экенин ырастаган паспорттун негизинде катталарын белгилеп, Дамирбек Асылбек уулу да дал ушул документти көрсөткөнүн айтып жатат. Анын ырасташынча, эгер БШКга депутаттын казак жарандыгы экенин тастыктаган докмумент келсе мандаты алынат:

Абдыжапар Бекматов.

- Башка мамлекеттин жарандыгын алганын биздин мамлекеттик органдар билбей калышы мүмкүн. Мисалы, Орусияда биздин 400 миңдей мигрант жарандык алып алышкан. Ошолордун көбү, маселен, биздин да жарандыктан чыкпай, кош жарандуулукта жүрө беришет. Бул да ошондой болуп калышы мүмкүн. Биринчи кезекте ал өзү жарандыгын жашырган адам катары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде Дамирбек Асылбек уулунда башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келсе, анын мандаты алынат. Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча негиздердин ичинде ушул да бар.

Ички иштер министрлиги талапкердин кош жарандыгы тууралуу маалыматты текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди. УКМК бул боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Дамирбек Асылбек уулу аты-жөнүн да өзгөрткөнбү?

Бул арада Дамирбек Асылбек уулу буга чейин аты-жөнүн жана жаш курагын да өзгөрткөнү туурасында маалыматтар айтыла баштады.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөлөрүнө таянып, Асылбек уулу бир мезгилде “1979-жылы туулган Динарбек Супатаев” деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнүн жазып чыкты.

Ачык булактарга таянган Байсаловдун маалыматында Дамир Асылбек уулу 1997-жылы кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн аты-жөнүн жана жаш курагын эки жашка төмөндөтүп, жаңы паспорт алышы мүмкүн:

- Биздин иликтөө боюнча, ал спорттук ишмердиктен улам фамилиясын өзгөрткөн болушу мүмкүн. 1979-жылы туулса 1996-жылы 16 жаштагы улан катары Югославияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышкан экен. Ал жактан Кыргызстан үчүн коло медал жеңип келген экен. Аны спорт чөйрөсүндө “Супатаев Динарбек” деген ысым менен таанышарын айтышты. Экинчи жагынан, 2001-2004-жылдары Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканы интернеттеги маалыматтар базасында жүрөт. Албетте, Казакстандын атынан эл аралык чемпионаттарга катышуу үчүн сөзсүз түрдө казак жарандыгын алышы керек болчу. Демек, 2000-жылдардын башында, ошол өлкөнүн жарандыгын, казакча айтканда, “азаматтыгын” алышы мүмкүн.

Чындыгында эле депутатты айрым жердештери жана парламенттеги фракциялаштары “Динарбек, Дина” деген ат менен тааный тургандыктарын билдиришти.

Маселен, Кыргызстан күрөш боюнча курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Алмаз Касенов Асылбек уулун “Динарбек” деген ысым менен таанырын айтып, фамилиясын алмаштырганы боюнча маалыматы бар экенин билдирди:

Алмаз Касенов.

- Ал жигит 1998-99-жылдары кадеттерден Азиянын чемпиону болду. Бир катар мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип жүрдү. Кийин казактар чакырып, Казакстандын атына күрөшүп, Азия чемпиондугунда экинчи орунга татыган. Бул Монголияда 2001-жылы өткөн мелдеште. Кийин колунан жаракат алып калып, анын айынан спорттон кетүүгө аргасыз болду. Аны Динарбек деп эле билебиз. Кийин өз атасынын атын алганда уулу болуп калып жатпайбы. Мурун “ов” деген мүчө менен Супатаев болуп жүрсө, кийин өз атасынын атына - “Асылбек уулу” деп өзгөртсө керек.

Ошондой эле интернеттеги видеолордон Дамирбек Асылбек уулуна түспөлдөш адамдын 2003-жылы Казакстандын атынан мелдешке катышканын көрүүгө болот.

Кадырбеков: Кыргызстан үчүн уят иш болду

Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков мындай кырдаал өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирди деген пикирде:

Ишенбай Кадырбеков.

- Эгер айтылып жаткан маалыматтар туура чыкса, кыргыз парламенти эле эмес, Кыргызстан үчүн уят иш. Парламенттик мамлекет деп бийликтин эң жогорку бутагында турган органдын мүчөсүн кылмышка шектелип жатканы аябай начар иш болду. Эми башка өлкө жараны депутаттыкка шайланып кетип жатса, каттоо кызматы, БШК, ИИМ сыяктуу органда көптөгөн көйгөй бар экенин көрсөтөт. Мындай кырдаалга сөз табыш деле кыйын.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Парламентте Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов казак тарапка депутаттардын кепилдиги менен кайрылуу жолдош керектигин айтып чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.