Жол картага кол коюлган жок
Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Армениянын борбору Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан:
- Бүгүн жол картага кол коюлган жок. Биз мындан аркы иштерди Евразия экономикалык биримдигинин, эки тараптуу кеңешмелердин алкагында жүргүзөбүз. Андан кийин гана кандайдыр бир чечимдер кабыл алынат, - деген Новиков Казакстан мындай кадамын Кыргызстандан келген аткезчилик менен байланыштырганын кошумчалады.
Ошол эле маалда министр бул көйгөй ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде бар деп белгиледи.
Жол карта түзүү тууралуу макулдашууга 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Астанадагы жолугушуусунда жетишилген. Документтин долбоору 48 пункттан туруп, кыргыз-казак мамилесиндеги бардык маселелерди чечүүгө багытталганы айтылган.
Кыргызстан Казакстандын жардамынан баш тартты
Кыргызстан Казакстандын жардамынан баш тартты
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков баштаган өкмөттүк делегация 24-25-октябрь күндөрү Ереванга евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Анын алкагында өкмөт башчы Сапар Исаков казак премьери Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Тараптар ортодогу келишпестиктерди жөнгө салуу маселесин талкуулап, буга байланыштуу жол картасынын долбоору менен таанышышты.
Сүйлөшүүлөр 25-октябрь күнү дагы уланып, бирок жогоруда айтылгандай, жол картага кол коюлбай калды. Бул жол картасы чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жөнгө салып, казак тарап киргизген транспорттук бөгөттү алып салууга жол ачмак.
Премьер-министри Сапар Исаков Еревандагы кеңешмеде союздаш өкмөттөргө бул жагдайды расмий маалымдап, аны өнөктөштүккө жатпаган терс көрүнүш катары белгиледи:
- Тилекке каршы бул маселе азыркыга чейин чечиле элек. Бирок биз казакстандык достор, бир туугандар муну чечет деген ниетте элек. Анткени бул уюмдун алкагындагы укуктук-келишимдик базабыз бизге чек арада биздин товарлар жүктөлгөн автоунаалар токтотулуп, туруп калбаш керек деп айтууга толук негиз берет. Биздин ортобузда мына ушундай көйгөйлөр болушу керек беле? Ошондой эле мындай абал өнөктөштүк боюнча биз кол койгон келишимдерге канчалык туура келет?
Казак тараптын позициясы
Бирок Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев чек арадагы абал атайын жасалган тоскоолдук эмес экенин айтып, бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы гана көзөмөл күчөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Казакстан анын айынан ири каржылык жоготууларга учурап жатканын жүйө келтирди.
- Биз айтып коюшубуз керек, чек арада жасалып жаткан бардык иш-аракеттер кандайдыр бир максатта кыргыз тарапка багытталган эмес. Бул (мыйзам бузуулар) тууралуу биз мурда да айтып келгенбиз. Азыр да текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ал айткандарыбыз тастыкталып жатканын көрүп жатабыз. Бул жерде салык боюнча жоготууларды жана аткезчиликти азайтуудан башка Казакстандын эч кандай максаты жок.
Сагинтаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө Кытайдан кирген товарлардын импортунун көрсөткүчү азайганын, бирок Кыргызстанга кытай товарлары мурдагыдай эле кирип жатканына токтолгон.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков бул жөн гана шылтоо экенин айтып, чек арада тизилген жүк ташуучу унаалардын узун кезеги бир канча чакырымга жетип калганын мисал келтирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалдан жана кайчы көз караштарынан улам ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жалпы жыйыны кечигип башталганы жана чыңалган абалда өткөнү кабарланды.
Буга чейин Кыргызстан түзүлгөн абал боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга маалымат берген. Бирок уюм ал боюнча азырынча үн ката элек.
Маселени жаңы президент чечеби?
Мурдагы экономика министри Эмилбек Үмөталиев аталган уюм кырдаалды жөнгө салууга таасир эте албастыгын айтып, анын калыстыгынан шек санады:
- ЕАЭБдин комиссиясына ишеним болгон эмес, анткени ал көбүнчө Орусиянын адистеринен топтолгон институт. Өздөрүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн анча-мынча беларустар менен казактардын адистери бар. Ошондуктан алар канчалык калыс жана адилеттүү болуп бере алат? Алар, биринчиден, бир өлкөнүн гана кызыкчылыгын колдойт. Бизге анчалык боор ооруп, болуша турган потенциалды байкабаптырмын.
Экономика боюнча адис, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев маселени эки тараптуу шартта чечүү бир топ ыңгайлуу болмок деген ойдо:
- ЕАЭБдин комиссиясы жарым жылда бир чогулат. Ошого чейин созулуп кетиши мүмкүн. Эми чынында созулчудай да болуп жатат. Бул экономикага абдан көп зыян алып келиши мүмкүн. Казакстан биздин ишкерлерге чоң тоскоолдуктарды жасап жатат. Буйруса, бир айдан кийин жаңы президент мандатын алат. Ошондо кайрадан президент баш болуп барып, түздөн-түз сүйлөшүп чечиш керек. Бул батыраак чечиле турган жолу.
Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына Кыргызстан төрагалык кылды. Премьер-министри Сапар Исаков экономикалык биримдиктин ичинде тар кызыкчылыктагы тоскоолдуктарга жол бербөөгө чакырып, аны интеграцияга зыян келтире турган аракет катары баалады.
Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашын бөгөп салганы белгилүү. Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек. Кыргызстанга таандык жүк ташуучу унаалардын орус-казак чек арасында дагы токтоп турганы катталган.