Назарбаевдин санаасы, Рахмондун сүйүнүчү

Казакстандагы митингдер бир көрүнүш

Өткөн жуманын соңунда Казакстандагы массалык митингдер президент Нарзарбаевди бийликтен кулатуунун башталышы катары сыпатталса, Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун референдум аркылуу “түбөлүк мамлекет башчысы” болууга 90 пайыздан ашык шайлоочунун ишенимин алганы геосаясий талкуунун чоң темасына айланууда.

Кошуналардагы саясий кырдаалдын өбөлгөлөрү, себептери, кесепети жана келечеги кандай болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна саясий серепчи Кубан Абдымен жана саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, кошуна Казакстандын мындан бир ай мурда бир нече шаарында жер маселеси боюнча митингдер болду эле. 21-майда мурдагыдан масштабдуу башталган акциялар күч менен басылып, катышуучулар камакка алынып, калганы куугунтукталууда. Саясий кырдаалдын курчушунун негизги себеби жерби же башкабы?

Кубан Абдымен: Казакстандагы окуялар аймактагы эле эмес, жалпы эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган суроо болууда. Ошол себептен окуянын ички себептери кандай экендигинин тегерегинде кызуу талкуу болуп жатканы бекеринен эмес.

Менин оюмча Казакстандагы окуялардын төркүнү бүгүн эле чыга калган жок. Мындан он жыл мурда Алматынын тегерегиндеги жерге байланыштуу да нааразычылыктар болгон. 2011-жылы Каспий денизине жакын жердеги Жаңы-Өзөн деген жердеги кенчилердин нааразычылыгы да жерге байланыштуу болгон. Анын катышуучулары да катуу куугунтукка кабылган.

Мурда Тажикстандын президенти болуш үчүн 35 жаштан жогору куракта болуш керек болсо, азыркы Башмыйзам боюнча 30 жашка түштү.

Азыркы протесттер да жөн жерден чыккан жок. Мурда мыйзам боюнча чет элдиктерге жер 10 жылга ижарага берилип келсе, жаңы долбоордо 25 жылга берилет дегени элдин катуу нааразычылыгын туудуруп жатат. Экинчиси - бул окуяга Казакстанга нааразы болгон сырткы күчтөрдүн таасири бар экендиги айтылууда. Казакстанга нааразы болгон чоң өлкөлөр бар, ошол эле Америка жана Орусия...

“Азаттык”: Казакстан Орусияга эмнесинен жакпай калды деп ойлосуз?

Кубан Абдымен: Эгер эл аралык серепчилердин ойлорун жалпылаштырсак Казакстандын бир эле мезгилде Америка, Англия, Евросоюз, Түркия, Араб өлкөлөрү менен тең ата, бирдей мамиле кылган саясаты Орусияга жакпай жатат деген пикирлер басымдуулук кылууда.

“Азаттык”: Кечээ орус саясат таануучуларынын бири Казакстандагы кырдаалды “Украина сценарийи” күтүп турат деп баалады. Бул жерде Назарбаевдин бийликтен кетишиби тууралуу болуп жатабы же Казакстандын мамлекеттик коопсуздугунда “Украина сценарийине” окшош кооптонуу жагдай бар десек болобу?

Чолпон Сыдыкбаев: Казакстан - геосаясий жагынан алганда аймактагы таасирдүү, ошол эле мезгилде кен-байлыктарга бай, өзгөчө мамлекет. Биринчиден, Казакстандын ички маселеси бышып жетилип калгандай.

Экинчиден, ички маселеге сырткы күчтөр түрткү, шыкак берүүдө. Океандын ары жагынан, Орусия тараптан да таасир талашуу аракеттери жүрүүдө. Экономика жагынан алганда ортодон жогорку деңгээлдеги ишканалардын активдеринин жарымынан көбү кытай ишкерлеринин колунда. Бул дагы таасир берүүчү фактор.

Мурда мыйзам боюнча чет элдиктерге жер 10 жылга ижарага берилип келсе, жаңы долбоордо 25 жылга берилет дегени элдин катуу нааразычылыгын туудуруп жатат.

Ички таасир дегенде казак этносунун улуу, кичүү, орто жүз деген факторун да эске алышыбыз керек. Ошол эле казак серепчилеринин пикирине таянсак, улуу жүз менен кичүү жүздүн ортосунда саясий тирешүү мындан эки-үч жыл мурда эле башталган. Назарбаев болсо улуу жүздүн өкүлү экендиги белгилүү. Бул тирешүү жакында ачыкка чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк тарыхтагы тажрыйбаларга таянсак, бийликте отуз жыл отурган адам алтын баштуу болсо да элди тажатып жиберет.

Кубан Абдымен: Дагы бир факты бар. Казакстанда табылган мунай-газ чыккан жерлерде кичүү жүздүн өкүлдөрү жашашат, бирок кен байлыктарды башкаруу Назарбаевдин айланасындагыларга таандык экендиги да чоң нааразычылыкты туудуруп келет. Ага кошумча Казакстан мунайга бай мамлекети болгону менен анын пайдасы жалпы элдин кызыкчылыгына иштебей, аймактар өнүкпөй калганы, негизги байлык Алматы менен Астанада эле топтолгону чындык. Аймактардагы элдин жашоо шарты кыргызстандыктардан кем болсо болор, бирок ашпаганын да көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, 22-майда Тажикстанда президенти Эмомали Рахмон референдум аркылуу “өмүр бою президент” болууга жетишти. Өлкө Конституциясынын 41-пункттуна өзгөртүүлөр киргизди, ага ылайык Рахмон кандай негизги артыкчылыктарга ээ болду?

Чолпон Сыдыкбаев: 22-майдагы референдум тажик президенти Рахмондун бийлигин абсолюттук денгээлге чейин бекемдеди десек болот. 1990-жылдардын башында атуулдук согуштун убагында Рахмонду Дүйшөмбү шаарынан мэри деп аташчу. Анткени борбор шаардан ары анын бийлиги жок болчу. Согуш бүткөндөн кийин Эмомали Рахмон бүт бардык күчүн бийлигин бекемдөөгө үрөп келатат. Бул убакка чейин да референдумдар өткөн. Каримов, Назарбаевдин артынан атаандашып жаткандай туюлат.

Дүйнөлүк тарыхтагы тажрыйбаларды таянсак бийликте отуз жыл отурган адам алтын баштуу болсо да элди тажатып жиберет.

Кандай гана катуу режимдеги бийлик болбосун анын арты, аягы болорун, кийинки келген бийлик аны чекесинен сылабашын ал жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан референдум өткөрүп мыйзамдуу жолун түздөп коюнун камын көрүүдө.

Референдум аркылуу Конституцияны дагы бир пункту өзгөрдү. Мурда Тажикстандын президенти болуш үчүн 35 жаштан жогору куракта болуш керек болсо, азыркы баш мыйзам боюнча 30 жашка түштү. Бул аракет бийликти баласы Рустам Эмомалиге алып берүү аракети катары бааланууда. Баласы үч жылдан кийин 33 жашка чыгат экен...

Кубан Абдымен: Конституцияга кирип жаткан 41 түзөтүүнүн экөө президентин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Биринчиси - Рахмон мындан ары президенттик орунга канча кааласа катыша берет, чектөө жок. Экинчиси - Рахмон, 2015-жылдын аягында кабыл алынган мыйзамга ылайык, “улуттун лидери” статусу менен ким бийликке келсе да, баласыбы же башкабы, баары бир кийинки келе турган президенттен ыйгарым укуктары жогору болот.

Ким келбесин Рахмон өлөр өлгөнчө Тажикстанды өзү башкара турган болду. Учурда 2 миллиондон ашык тажиктер чет өлкөлөрдө жүргөнүнө карабай, референдумга 95 пайыз шайлоочу келип катышты деп жарыялаганга ким ишенет...