Сүт өндүрүүчүлөргө жаңы талап

Казакстан Кыргызстанга малын идентификациялоо талабын да койгон.

Бажы биримдигинин адистери текшерүүдөн соң Кыргызстандагы сүт азыктарын өндүргөн ишканаларга бир канча талап койду.
Алар Казакстанга сүт азыктарын экспорттогон 11 ишкананы жаңы жылдын алдында текшерип кеткен.

Ар заводдо мал доктур болсун

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчи орун басары Самат Алиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сүт өндүрүүчүлөр ал талаптарды аткарууга даяр.

- Алар Бажы биримдигинин санитардык жана ветеринардык эрежелерин сүт ишканаларынын жооптуу кызматкерлери жана адистери билиши керек деген маселени коюуда. Аларды окутуп үйрөтүү керек, анткени заводдордун адистери Бажы биримдигинде кандай талаптар бар экенин билсин деген шарт бар. Ошондуктан Бажы биримдигинин бардык укук-нормативдик документтерин сүт ишканаларга бердик.

Ошондой эле Самат Алиевдин айтышынча, ар бир заводдун сөзсүз өзүнүн ветеринары болушу керек деген да негизги талап бар.

- Өндүрүштүк ветеринардык көзөмөл, башкача айтканда ар бир ишканага мал доктурлардын штатын киргизүү сунушталган. Бул боюнча да сүйлөшүп, бардык ишканалар ага макул болду. 11 ишкана тең бирден-экиден ветеринарларды жумушка алышат.

Казакстан Бажы биримдигинин талаптарын жана эпизотикалык абалдын начарлыгын жүйөө кылып, Кыргызстанда даярдалган сүт азыктарын алууну өткөн жылдын 3-октябрында токтоткон болчу. Тыюу салынганга чейин 2012-жылдын тогуз айында Казакстанга 23,1 миң тонна сүт азыгы экспорттолгон. Башкача айтканда кыргызстандык 11 ишкана Казакстанга күнүнө баасы 5 миллион сомдук 120 тоннадай сүт, каймак-быштак жөнөтүп келгени айтылган. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн дээрлик 60 пайызы экспорттолот дегенди түшүндүрөт.

Экспорт жанданабы?

“Талас сүт” ишканасынын жетекчиси Мырзакан Давлеталиев кыш мезгилинде уйлар байып, сүттүн көлөмү аз болуп жатканы үчүн гана ишканалардын чыгымы анчалык сезилген жок дейт:

- Чек ара ачылбай кыйналып жатабыз. Сүттөр иштетилбей туруп калып жатат. Азыр дагы жакшы - кыш мезгили, сүт аз. Жайында ушундай болсо, кыйналып, абдан жаман болобуз.

Ал эми 3-октябрдан тарта экспорт токтогонуна байланыштуу айрым ишканалар сүт азыктарын өндүрүүнү 50 пайызга чейин кыскартканын билдиришкен болчу.

Мырзакан Давлеталиев Бажы биримдигинин коюп жаткан талаптарын аткарууга ар бир ишкананын мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин айтат:

- 11 сүт заводго берилген эскертүүнү окуп чыксак, баарыбыздыкы окшош эле экен. Бажы биримдигинин талаптары биздикине караганда бир аз башкачараак болот экен. Мисалы, ар бир ишканада ветеринар болсун деген талап бар. Калганы майда-барат сунуш-талаптар. Айтылгандардын баарын жойдук. Негизи, кемчиликтер бүт эле заводдор жоюп койо турган эле нерселер экен.

Ушу тапта Кыргызстан айтылган сунуш-талаптардын аткарылганы боюнча Бажы биримдигине маалыматтарды жөнөтүүдө жана сүт экспортуна жакында уруксат берилет деген ишенимде. Бажы биримдигин Казакстан, Орусия жана Беларус биргелешип түзгөн.