“Ак жол” чек ара бекетинде тыгын азайган жок

Айрым айдоочулар 10-12 сааттан бери турушканын айтышууда. 12-октябрь, 2017-жыл

Казакстан менен чектешкен “Ак жол” жана башка өткөрмө бекеттерде 10-октябрдан бери узун кезек пайда болуп, миңдеген эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык, “Ак жол” чек ара бекетинде 200дөн ашык автоунаа казак тарапка өтө албай турат. Түшкү саат экиге карата тараткан маалыматта, “Ак тилек” өткөрүү пунктунда 150 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Бул пунктта казак тарап жарым саатта бирден машинаны өткөрүп жатат.

Ал эми “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында автоунаалардын көлөмү салыштырмалуу аз.

“Ак жолго” барган “Азаттыктын” кабарчысына чек арадан жарым саатта бирден автоунаа өткөрүлүп жатканын айдоочулар да кабарлашты. Айрымдары 10-12 сааттан бери турушканын айтышса, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары алып бараткан мөмө-жемиштери чирип кетерин айтып, сарсанаа болушууда.

Ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөр кечээки күнгө салыштырмалуу аз-аздан өткөрүлүп жатат. Автоунааларды чек арадан өткөрүүдө кыйынчылыктар болуп жаткандыктан адамдар чек аранын эки тарабынан башка унааларга түшүп кетишүүдө.

Чек арага жакын орнотулган чатырларда муктаж адамдарга медициналык жардам көрсөтүлүп, бекер тамак-аш берилип жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде өзгөрүү жок

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн эртең менен тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде койо берилген. Бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги байкалууда.

11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.

Сапар Исаков менен Нурсултан Назарбаев Сочиде. 11-октябрь, 2017-жыл

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн айрымдары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Чек арада жол азабын тарткандар

Чек арада күчөгөн текшерүү кантип башталды?

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда кечки саат алтыдан баштап транспортту жана адамдарды күчөтүлгөн тартипте текшерип, өткөрө баштаган. Ушундан улам өткөрмө бекеттерде кезек күткөн адамдар жана автомашиналардын саны миңдеп саналат.

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болуп, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турат.

Казакстандын базарларында соода менен алектенгендер күтүүдөн башка аргасы жок экендигин айтышса, Мухабат Абдуллаева жакынкы аралыкта чек арадан өтө албасына көзү жетип, кайра кетүүгө мажбур болду:

- Кайра кайтышым керек болчу. Жетише албачудаймын. Адам абдан көп, мурда мындайды көргөн эмесмин.

"Ак жол" бекети.

​Өзбекстандын жараны Адалат Назарова болсо Кыргызстанда дарыланып, үйүнө кайткан кези экен. Бирок эми чек арадагы абалды көргөндөн кийин жүрөгү ооруп турганын айтып өттү:

- Ооруп калып, кызым экөөбүз келгенбиз. Үйүбүзгө жете албай, таң заардан бери зарыгып отурабыз. Акыбалды өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы.

Казакстан менен чектешкен Чүйдөгү дагы бир көзөмөл-өткөрмө бекет - “Ак тилекте” болсо бир чакырымга созулган унаалардын кезегин көрүүгө болот. Казакстан, Орусияга жашылча-жемиш ташыган бул автоунаалар 15 сааттан бери ордунан жыла албай турушат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак чек арасы: аягы көрүнбөгөн кезек

Майрамбек Кенжалиев Казакстандын Караганды шаарына мөмө-жемиш алып бараткан. Азыр эми алары бузулуп, сатыкка жарабай калат деп кооптонуп турган мезгили:

- Товарыбыз бир күндө эле бузулуп кетиши мүмкүн. Соода-сатыкка бир топ эле зыянын тийгизип жатат. Тез арада чечилбесе, карапайым эл эле залакасын көрөбүз. Бул жерде 500дөй фура турат. Казакстандан Кыргызстанга кирип эле жатышат. Биз болсо Казакстанга кире албай эле койдук.

Чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча расмий Астана азырынча маалымдай элек. Кыргызстандын чек арачылары да 11-октябрдан тарта бардык чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартип менен иштөөгө өткөнүн “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкарыева билдирди.

- Мындай тартип президенттик шайлоо мөөнөтүнө ылайык киргизилди. Ошол эле учурда Кыргызстан тараптан чек ара көзөмөлүн уюштуруу мөөнөтү жана нормалары өзгөрбөйт. Чек арадан өтүүдө эч кандай чектөө жок.

"Ак жол" өткөрмө бекетинде түзүлгөн абалды эске алып жана алдыда аба ырайы салкындай турганына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине автотранспорт топтолгон жерге чатыр тигип, биодааратканаларды орнотууну жана адамдарды ысык тамак, таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы берилгенин премьер-министр Сапар Исаков Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, чек арадан өтүү Таластагы “Чоң-Капка”, Чүйдөгү "Ак жол", "Чалдовар" жана "Ак тилек" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кыйындаган.

Кыргыз-казак алакасы: эрегиштин эпкини

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев 10-октябрь күнү эртең менен өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы боюнча атайын билдирүү жасаганын айткан. Ал билдирүүдө казак премьери буга чейин Кыргызстанга көрсөтүлгөн каржылык жана материалдык колдоолорду тизмектеп кеткен.

Өкмөт жыйынында ал билдирүүсүнө токтолгон казак премьери Бахытжан Сагинтаев кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин айткан сын пикирине экинчи ирет кайрылып, расмий Бишкекке минтип ишарат жасаган эле:

- Кечээ мен Кыргызстандын президенти Атамбаевдин эч кандай негизи жок, сандарды бурмалоо менен туура эмес айткандары боюнча билдирүү жасадым. Казакстандын ийгиликтери талашсыз жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган. Казакстан Кыргызстанга бир тууган мамлекет. Бул жөн эле сөз эмес. Мисалы, Кыргызстандын сыртка чыгуучу транспорттук жана соода байланыштары - авиа каттамдар, темир жолу жана автомобиль жолдору Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Бирок биз буга чейин эч качан чектөө чараларын киргизген эмеспиз...

Бахытжан Сагинтаев.

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин Кыргызстан Казакстандын аймагы аркылуу сырткы дүйнө менен байланышарын эскерткен ишаратынан кийин эле кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө чектөөлөр киргизилди.

Бул чектөөлөрдүн себеби "кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү" деп айтылганы менен саясат талдоочулар анын төркүнүн казак бийлигинин Бишкекке кысым көрсөтүү аракети менен байланыштырышууда.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев эки тараптын эрегишүүсү эч кимисине жакшылык алып келбестигин эскертти:

- Казакстандын олигархтары биздин ички ишибизге, саясатыбызга кийлигишип жаткан болсо, анда бул аябай эле туура эмес. Анткени казакстандык олигарх Булат деген адамдын (Булат Утемуратов) биздин саясатчылар менен телефондук сүйлөшүүсү деген аудиотасма интернетке чыкпадыбы. Биздин жетекчилер ага карата чындыкты айтып койсо, ошого карата эрегишүү болбошу керек. Бул жерде элде эмне айып? Эл кыйналбашы керек. Расмий Астана анан "Кыргызстандын бүт байланышы Казакстан аркылуу, анан биз кысып коё алабыз, чектөөлөрдү киргизип салышыбыз мүмкүн" деген сыяктуу ишарат жасаганы туура эмес. Андай болсо биз тараптан дагы басым көрсөтүү рычагдары колдонулса, анан алар жактан кайра ага жооп болуп, ортодогу эрегишүү күчөй берсе, анда эки ортодо эле боордош эки эл кыйналат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырып жаткан учуру. 7-ноябрь, 2014-жыл

Саясат таануучу Марс Сариев расмий Астана Атамбаевге ачууланганы менен Кыргызстан менен мамилени курчутууга барбайт деген ишенимде:

- Албетте, соңку окуялар расмий Бишкек менен расмий Астананын учурда мамилеси сууп турганын көрсөтөт. Бирок мунун баары убактылуу. Казакстандын бийлиги күтө алат деген ишенимдебиз. Анткени бир жумадан кийин Кыргызстанда жаңы президент шайланат. Казак бийлиги мына ошол жаңы президент менен мамиле түзгөнгө аракет жасап, ортодогу тарыхый мамилени сактап калууга расмий Астана жактан аракет болот деген ойдомун. Анткени бул жерде эки бир тууган өлкөнүн карым-катнашы кандайдыр бир саясий таарынычтардан улам үзүлүп калбашы кажет. Муну эки тарап тең эле түшүнүп турат. Анан калса Атамбаевдин казак бийлигине айткан нааразычылыгы биринчи кезекте шайлоонун астында ички аудиторияга багытталганын казакстандык саясат талдоочулар деле айтып жатышпайбы.

Кыргыз жана казак бийлигинин ортосундагы кайым айтышуулар жана нааразылык ноталарын алмашуу 19-сентябрда президент Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алган күндүн эртеси башталган эле.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.