ЕАЭБ: Казакстанга жооп кайтаруу демилгеси

Кыргыз-казак чек арасы.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Казакстан тараптан Кыргызстан товараларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого чектөө киргизилип жатканына байланыштуу өкмөткө каршы чараларды көрүүнү сунуштады.

Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда айтылып, Кыргызстан Казакстандын жумуртка, ун жана башка айыл чарба продукциясына бөгөт коюусу керектиги белгиленди.

Бирок кыргыз өкмөтү азырынча жооп чара көрүүгө болбостугун билдирди. Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу саларын өткөн жумада эскерткен.

Депутаттардын "батыл" сунушу

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өлкөдөгү инвестициялык абалды кароого алып, негизги инвестициялык көрсөткүчтөр 2015-жылга салыштырмалуу 16 пайызга төмөндөп кеткени тууралуу маалымат алышты.

Сырттан инвестиция келбей, тескерисинче, акча сыртка кетип жатканын сындаган депутаттар Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында дагы өз мүмкүнчүлүгүн тийиштүү деңгээлде колдоно албай жатат деп өкмөттү зекиди.

Казакстан тараптан киргизилген фитосанитардык чектөөлөрдү мисал келтирген депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын пикири ЕАЭБдин алкагында эч нерсеге арзыбаганын айтып, Кыргызстан чечкиндүү кадам таштай турган учур келгенин кыйытты.

- Инвесторлордун бардыгы Кыргызстан эл аралык сот, уюмдарда өз укугун канчалык талаша алаарын байкап турушат. Чындыгында эле биз өз таламыбызды керек болсо ЕАЭБде дагы талаша албагандай сезилип жатат. Буга Казакстандын фитосанитардык кызматынын бизге киргизген чектөөсүн айтсак болот. Андыктан, келгиле, биз да казактардын импортуна бөгөт койолу. Эмне үчүн алардан келип жаткан сүт азыктары же жумурткасына чектөө койо албайбыз? Бизге мөөнөтү эскирген жумуртканы экспорттоп жатканы тууралуу маалыматтар келип эле жатпайбы.

Комитет жыйынында дагы бир депутат Экмат Байпакбаев Казакстандын ун тармагына чектөө киргизүү керек деп, кошуна өлкөдөн талаптагыдай ун келбей жатканын билдирди.

Эл өкүлү Казакстандын ветеринардык жана фитосанитардык чектөөсүн курулай шылтоо деп атап, кошуна өлкө өз рыногун атаандаштыктан коргоп жатат деп белгиледи:

- Эмнегедир биз өз рыногубузду коргогубуз келбей жатат. Келгиле, алдыга кадам таштайлы. Биздин мыйзамда Кыргызстанга байытылган ун келиши керек деп жазылган. Бирок чындыгында андай ун келген жок. Бул Казакстандын ун тармагына чектөө киргизүүгө толук негиз болуп бере алат. Эгер биз унга санкция киргизсек, бардыгы өз ордуна келет деп ойлойм.

Өкмөт сунушту колдобойт

Өкмөт өкүлү депутат Бекешевдун сунушун дароо четке какты. Вице-премьер-министр Олег Панкратов товарлар чек арадан өтпөй жатканы Кыргызстандын өзүнүн күнөөсү деген ойдо.

Ошондой эле Панкратов өлкөгө байылтылбаган ун алып кирүүгө мыйзам уруксат берерин кошумчалады. Ал эми ЕАЭБдин кемчилигинен да артыкчылыгы көп экенин белгилеген вице-премьер-министр, бул артыкчылыкты коомчулук журналисттердин айынан сезбей жатат деп актанды.

Олег Панкратов

- ЕАЭБдин алкагында абдан көп алгылыктуу иштер аткарылды. Бир жылдан ашык убакытта биз бул уюмда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алдык. Бирок маалымат каражаттары ЕАЭБдин быша элек жерлерин улам чагылдырып жатат. Чындыгында бизде толугу менен бажы тоскоолдугу алынды. Товарлар боюнча эч кандай чектөө жок, болгону товарлардын 10-15 пайыз түрү азырынча ветеринардык көзөмөлдүн айынан чыкпай турат. Бирок бул дагы убакыттын иши дейбиз.

ЕАЭБ чабал уюмбу?

Чек арада чыгып жаткан бүгүнкү көйгөйлөрдү мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын ЕАЭБге шашылыш киргенинин кесепети деп эсептейт. Ал аткаминерлердин ЕАЭБге кирбегенде абал мындан дагы оор болмок деген сөзү суу кечпесин айтып, коңшу Тажикстан менен Өзбекстан бул уюмга мүчө болбой эле жылды дурус экономикалык көрсөткүчтөр менен жыйынтыктаганын айтууда. Ал эми депутаттардын Казакстанга жооп кайтаруу демилгесин Абдрахманов жеңил-желпи чечим деп, бири-бирин коркутуудан ашык кете албаган сөздөр экенин айтты.

Өмүрбек Абдрахманов

- Контрсанкцияларды киргизүү бул - эң туура эмес сунуш. Биз чек араны жаап казактарды коркутуп-үркүтө албайбыз. Тоскоолдуктарды алып салуу маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек. Негизи башынан ушунун баарын эсептеп туруп ЕАЭБге кирсек жакшы болмок. Эми киргенден кийин президент, өкмөт башчынын деңгээлинде сүйлөшүп, тоскоолдуктарды алыш керек.

Буга чейин Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу саларын эскерткен. Расмий органдарга келген катта ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө зарыл болгон товарлар 3-январдан тарта Казакстандын аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керектиги айтылган. Ушул тапта аталган маселе боюнча Бишкек менен Астана ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.