"Азаттык": Улуттук гвардияга караштуу Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүктө мушташ чыгып, бир жоокер каза болду. Бул окуя боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?
Жаныбек Капаров: Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары ошол жерде. Улуттук гвардияда орун алган окуя болгондуктан менин орун басарым да жерине барып териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Прокуратура териштирүүнүн алдын ала жыйынтыктарын айткандан кийин биз кандайдыр бир чараларды көрө баштайбыз.
Азыркы маалыматтар боюнча, бир чакырылыштагы эки достун ортосунда чатак чыгып, ушундай каргаша болуп кеткен. Экинчи бала да азыр эмне кыларын билбей, жаман абалда турат. Бул жерде эч кандай "дедовщина" болгон эмес.
"Азаттык": Мамлекет башчы эки жылдан бери аскер жаатындагы реформалар тууралуу айтып келет. Ошол реформада аскердеги тартипке да өзгөчө көңүл бурулары баса белгиленген. Бирок эмнегедир жыйынтык чыкпай жаткандай. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
Жаныбек Капаров: Куралдуу күчтөр деле коомдун бир бөлүгү да. Маалымат каражаттарынан мектеп окуучулары өз жанын кыйып жатканы, мушташкандары тынбай кабарланып келет. Мына ошол мектеп окуучулары эле бизге армияга келишет.
90-жылдардагы кризистен улам көп ата-энелер миграция агымы менен сыртка чыгып кетишкен. Балдар тарбиясыз калды. Азыр ошол муундун балдары армияга келип жатат. Бул бир эле Куралдуу күчтөрдүн эмес, жалпы коомдун көйгөйү. Армияда деле биз күжүрмөн даярдык көрүүнүн ордуна балдарды тарбиялоо менен эле алек болуп калдык.
"Азаттык": Реформанын алкагында аскерде тартипти жөнгө салуу үчүн кандайдыр бир иштер аткарылдыбы?
Жаныбек Капаров: Бүгүнкү күндө өздүк курам менен иштей турган офицерлерди Аскер институтунда даярдай баштадык. Чоң аскер бөлүктөрүнө психолог деген кызматты киргиздик. Бардык аскер бөлүктөрүнө киргизсек болот эле, бирок биздин андай мүмкүнчүлүгүбүз жок.
"Жоокерлердин энелери" республикалык комитети менен бирге иштешип жатабыз. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын өткөрдүк. "Кылым шамы" укук коргоо уюму менен бирге бардык бөлүктөрдө мониторинг кылып жатабыз. Аракеттер бар, бирок булар жетиштүү болбой жатат.
"Азаттык": Акыркы төрт жылда алтымыштан ашык аскер каза болуптур, анын көпчүлүгүнө ар кандай ыдык көрсөтүү болгон деп айтылып келет. Өз милдетин тиешелүү деңгээлде аткара албаган аскер жетекчилерине кандай чаралар көрүлдү?
Жаныбек Капаров: Биз укуктук өлкөдө жашайбыз. Биз баарын Аскер прокуратурасына өткөрүп беребиз, алар иликтеп, ишке баа беришет. Сот болот, анын жыйынтыгында жетекчилердин айыбы бар деп табылса биз чараларды көрөбүз. Прокуратура, Аскер соту баа бере электе мен эч нерсе деп айта албайм.
"Азаттык": Эми дагы ошол аскердеги реформаларды күчөтүү үчүн кандайдыр бир иштер аткарылабы?
Жаныбек Капаров: Албетте, ал боюнча биз жумуштарды күчөтөбүз. Болгон окуялар президенттин көзөмөлүндө. Мындай терс окуялар кыргыз эле армиясында эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин армияларында да болуп жатат. Ал эми Кыргызстанда бул өзгөчө көйгөй болуп каралып жатканынын себеби, биз эч жашырбай, баарын ачык эле маалымат каражаттарына айтып жатабыз.
Албетте мындай каргашалуу окуялардын болушун биз да каалабайбыз жана болтурбоонун аракеттерин мындан ары да көрө беребиз.