Ыр менен көп кыйынчылыкты жеңдим

Иллюстрация

Адам баласы жарыкка келгенде жаңылбас жашоо баштайм деп ойлойт экен. Бирок баары анчалык арзанга турбайт экен. Өзүмдүн балдай таттуу балалыгымда өмүрдөн артык, алтындан кымбат апаман айрылдым… Ал учурда бойго жете элек элем, көп кыйынчылыктарды эжелеримдей сезбептирмин.

Мен тагдырга таарынбайм, бул дагы жараткандын буйругу деп түшүнөм. Ошентип арадан уктасам түшүмөн кетпеген күндөр, айлар, жылдар өттү.

Ушул деңгээлге жеткениме колдоочуларым, бир тууган эжелеримдин салымы зор. Мен аларды өмүр бою сыйлап өтүүгө даярмын жана милдеттүүмүн.

Мектепте жакшы деген бааларга окудум. Коомдук иш-чараларга активдүү катышып, көптөгөн белек, сыйлыктардын ээси болдум. Ар бир адамда көөнөргүс талант болот экен. Менде ырчылык талант, шык бар экенин байкадым. Ошентип, талантымды өркүндөтүп, келечекте белгилүү ырчы болууну самап туруп алдым.

Бардык нерсе убакыт менен чектелет экен. Мына, учурда миңдеген окуучулардын арасында бүтүрүүчү болуп турам. Бул көз ирмемде ар бир бүтүрүүчүнүн оюнда "кайсы кесипти кантип кандайм?" деген суроо жаралат болуш керек. Мен бул суроого 7-классымда, алгачкы сахнага чыкканымда жооп бергем.

Музыка мен үчүн өзгөчө, табышмактуу дүйнө. Ырдоо менен гана көп кыйынчылыктарды жеңип келем. Ырсыз жашоомду элестете албайм. Эжелерим алсыз жеримди билишет, тамашалап, күлүп калышат. Кайсы алсыз жери деген суроо жаралышы мүмкүн? Бул – микрофон. Кайда барбайын, ырдап, көңүлдүү маанай тартуулап калуу - бул мен үчүн эргүү.

Сахнада турганымда залда отурган көрөрмандардан башкача энергетикалык күч, дем алам. Мен ишенем жана эмгегимди, аракетимди өзүмдүн кен келечегиме, жакын адамдарыма жана жетим балдарга арнайм.

Учурда музыкалык окуу жайга тапшырайын деп турам. Буюрса, мыкты музыкалык билим алсам дейм. Талантымды өстүрүп, келечекте атактуу, белгилүү, мендей болуп өскөн балдарга сыймык, стимул болгондой, үлгүлүү ырчы болгум келет.

Кийин дагы башка кесипке окусам деп кыялданам. Билим алуунун чен бирдиги жок деп ойлойм. Сапаттуу билим алып, балалыктын даамын татпай калган балдарга, бөбөктөргө жардам бергим келет.

Жогорку окуу жайга тапшыруу мен үчүн кубаныч. Анткени канчалаган балдар запкы жеп, алтындай ата-энесинен ажырап, жашоонун татыктуу өкүлү боло албай калышат. Кээ бири максат коюп, жакшыга жанашса, кээ бири алдан тайып, жаман жолго түшүп, турмушунан адашып отурушат. Айтып отурсаң көйгөйлүү, жүрөктү өйүткөн социалдык маселелер жан кейитет.

Эч бир наристе жамандык көрбөсүн. Келечекте ардактуу кесиптин ээси, мамлекетибизге салымын кошкон, дүйнөнү дүңгүрөткөн мыкты адистерден болушун каалайм.

"Ар бир кесип ардактуу" деген сөз бар эмеспи. Кандай кесип тандабайлы, бийик даражалуу адам бололу.

Калыйнур Нургазиев, Кемин районунун Орловка шаарынын 11-б классынын таланттуу бүтүрүүчүсү