Ак калпак космоско каршыбы?

Бишкектеги Ак калпак күнү. 5-март, 2018-жыл.

Кыргызстанда бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди. Эл арасында бул багытта өтүп жүргөн иш-чаралар тууралуу эки ача ойлор айтылып келет. Айрымдар мындай демилге жаштардын өз элине, мекенине болгон сүйүүсүн ойготоорун айтышса, кай бирөөлөр ага карама-каршы пикирде. Ушул өңдүү аракеттер улуттук баалуулуктардын кадырын көтөрүүгө канчалык салым кошуп жатат?

Теңтуштары менен шаар аралап жүргөн 15 жаштагы Айтеңир Кадыралиев бүгүн майрамдын урматына биринчи жолу ак калпак кийип чыкканын айтат:

- Бүгүн Калпак күнү болгондуктан калпак кийип чыккам.

- Башка убактарда да кийип жүрөсүңбү?

- Жок, өмүрүмдө кийген эмесмин. Бүгүн досторум менен дал ушул темада сүйлөштүк.

- Досторуң эмне деди?

- Билбейм, жарымы "мындан кийин калпак кийбейлиби" десе, жарымы каршы болду.

- Сен өзүң кандай чечимге келдиң?

- Мен чынында билбейм. Бүгүн биринчи жолу эле кийип чыктым. Көргөндөр "жарашат экен" дешти. Мындан ары да кийип жүрөм го…

Анткен менен коомчулукта бул күнгө атайын маани берип, ак калпак кийип чыккандарды сүйбөгөндөр да бар. Алардын бири Жыпара Төрөбаева:

- Кыргыздын дайыма кийип жүргөн калпагын мен эмнеге майрам деп куттукташым керек? Бул баш кийимди бир эле күн эмес, дайыма кийип жүргөндөр да болгон. Азыркы жаштарыбыздын бир эле күн селфи үчүн кийип, эртеси чечип коюшканын мен жакшы көрбөйм.

Ак калпак күнүн белгилөө тууралуу демилге көтөрүп чыккан топтун башында турган режиссер Рысбек Жабиров Жыпаранын пикирине кошулбайт. Демилгечи өзүнүн бул сунушу менен коомчулуктун улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун ойготтум деп эсептейт:

- Мен өз элимдин улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматынын алгачкы каалгасын ачып бердим деп айта алам. Билесиң, калпак күнү белгиленгенден тартып улуттук кийимдерге баары кызыга баштады. Кайсы бир күндөрү азыр биз кийип жүргөн чапандарды "башка бир улуттардыкы эле", "артист көйнөк" деп жүрсөк, азыр аларды көчөгө кийе баштадык. Ал тургай кыргыз чапандары да бренд болуп калды. Аны менен бирге энелер элечекти да жакшылыктарга кийигенди адатка айлантышты.

Жазуучу Олжобай Шакир болсо мындай майрамдарды белгилөө ошол элдин улуттук өксүгү деген пикирде:

Олжобай Шакир.

- Арту́р Шопенга́уэрдин "арсыз, алсыз эл өзүнүн улуттук болор-болбос баалуулуктары менен сыймыктана берет" деген мааниде кеп кылганы бар. Салижан Жигитовдун да "колунан эч нерсе келбегендердин баары улутчул болуп чыгат" деген жакшы кеби бар эмеспи. Бизде да азыр колунан эч нерсе келбегендер улутчул болуп жатышат. Маселен, Ак калпак күнүн майрамдаардын алдында ошол калпактын алдында кандай баш бар экенин ойлонушубуз керек да. Биз дүйнөгө эгер бар болсо башыбыздагы илим-билимди, интеллектуалдык өрнөгүбүздү даңазаласак болот. Башка даңазалообуз курулай риторика болуп жатпайбы. Биз мындай кургак сүрөөн менен улутту алдыга сүрөй албайбыз. Иллюзия мунун баары…

Мурдагы маданият маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Ак калпак күнүн белгилөө улуттук баалуулуктардын кадырын көтөрөт деп ишенет:

Алтынбек Максүтов.

- Космоско чейин учуп, алдыңкы технологияларды жасап жаткан өлкөлөр, мисалы, Жапония, Кытай, Корея ж.б. мамлекеттер өздөрүнүн улуттук кийимдерин тээ илгери эле тактап, өнүктүрүп, өздөрүнүн өзгөчөлүгү менен дүйнөгө таанытып койгон. Андан кийин гана экономикалык жактан өнүгүп, космоско учуп атышат. Биз өзүбүздүн улуттук кийимибизди тааныбай туруп эч качан улут, мамлекет катары калыптана албайбыз. Себеби алгач ар бирибиз өзүбүздүн ким экенибизди таанышыбыз керек. Ошол эле учурда калкты улуттук кийимдерди кийүүгө үндөө өлкөгө экономикалык жактан салым кошот. Анткени кыргыз кийимдери Кыргызстанда гана тигилет.

Мурдагы министр бул сөзүн социалдык түйүндөрдө талкууланып жаткан “башка өлкөнүн жарандары комоско учуп жатышса, биз болбогон иш-чараларды уюштурганыбызга корстонбуз” деген пикирлерден улам айтты.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлүп, былтыр Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Ак калпак менен Туунун зоболосу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.