Соргок судьялар сот реформасын каалабайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттор элдин үмүтүн, мамлекеттен алган акчаны актабай жатканын айтты. Өлкө башчысы Сот тандоо кеңеши сунуш кылган 32 судьяны дайындабай, документтерин артка кайтарды.

Сот реформасынын аксап жатканына эмне себеп болууда? Анын натыйжасын көрүш үчүн кандай саясат жүргүзүш керек? «Абийир кодекси» калыс чечимге чакыра алабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова катышты.

«Азаттык»: - Алмамбет мырза, президент Жээнбеков соттордун курултайында сот бийлигиндеги реформага ичи чыкпаганын айтып, сынга алды. Реформанын натыйжа бербей жатканынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов: - Мен сот системасында көптөгөн маселелер бар экенин, сот реформасы азыркы Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселе экенине толук кошулам, аны эч ким тана албайт.

Президент коомдук пикирге, эл аралык, жергиликтүү изилдөөлөргө, кол алдындагы кызматтардын корутундуларына таянып ошондой сын пикир айтып жатат деп ойлойм. Сот адилеттүүлүгү жок мамлекетте экономикасы, башка тармактардын баары чабал болот. Сот адилеттүүлүгү жок жерде укуктук нигилизм күчөйт, укук корголбойт, инвестиция келбейт. Башкача айтканда, «мыйзам буйлалаган төөгө айланып» калат. Ошондуктан «сот адилеттүүлүгү бизге аба менен суудай керек» деп президент коңгуроону туура кагып жатат.

«Азаттык»: - Клара айым, президент өз сөзүндө «азыр да өлкөбүздүн жаңы укуктук мейкиндикке өтүү процесси айрым тоскоолдуктар менен коштолуп келет. Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз» деди. Сиздин баамыңызда, реформага ким жолтоо болуп жатат?

Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: - Президент соттордун жоопкерчилиги жөнүндө катуу айтты. Учурда 10 судьяга кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Бул факт биздин сот системабыз үчүн аябай жат көрүнүш. Судьялар бир топ узак тандоодон өтүшөт. Анан бир айдын ичинде эле бир нече судьяларга иш козголгону азыркы Сот тандоо кеңешинин ушул убакытка чейин жасаган иши эч нерсеге жарабайт дегенди билдирет. Ошондуктан президент «негизги маселе Сот тандоо кеңешинде жана сотторду тазалаш керек» экенин айтты.

Биринчи кезекте жемкор соттордон, бийликтин буйругун аткарган соттордон кутулуш керек. Сот реформасынын натыйжа бербей жатышынын башкы мүшкүлү – соттордун өзүндө, негизги тоскоолдукту ошолор жасап жатышат. Соттордун көз каранды болушуна мыйзамдык шарттар бар. Башка бюджеттик мекемелерге караганда соттордун айлыгы бир топ жогору. Соттордун иштөө шарттары да оңолуп, материалдык базасы да жакшырууда. Ошого карабай коомдо сотторго карата ишеним аз.

Соттордун жоопкерчилигин көтөрүү иши да начар. Биздин изилдөөбүз боюнча акыркы беш жылда 45 судьяга иш козголгон. Алардын бирөө да кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок. Жарымынан көбү акталып, калганынын иши кыскарып кеткен, дагы бир бөлүгүнө айып салынып, жоопкерчиликтен кутулуп кетишкен.

Дагы караңыз Жээнбеков: «Соттор акчаны актай элек»

«Азаттык»: - Алмамбет мырза, мурда «саясатчылар менен байланышкан соттук чечимдер бийлик башындагылардын кысымы, басымы менен жасап жатат» дешчү эле. Азыр деле ошондой сын-пикирлер айтылууда. Өзгөрүү болгон жокпу?

Алмамбет Шыкмаматов: - Азыр «саясий жүйө менен козголду» деген кылмыш иштеринин артында миллиондогон адамдардын ырыскысы, мамлекетке келтирилген зыяндар жатат. Аларга акыры бир күнү кимдир-бирөө жооп бериш керекпи? Мурдагы бийликтеги «саясий мотив» менен азыркыны айырмалай билиш керек. Коррупцияга ким барат? Аткаминерлер барат! Алардын жеп-ичкенин көзгө сайып көргөзүп жатса, анын эмнеси саясий мотив? Саясий мотив деген Текебаев, Салянова, Кадыров, Талгарбековдун иштери. Мисалы, Талгарбековдукунда кылмыштын курамы жок, мамлекетке бир тыйын зыян келбесе да, «сен бийликти сындадың» деп 10 жылдан ашык кесип жиберген.

Ал эми азыркы маселеге келсек, Бишкек ЖЭБинен 100 миллион сом уурдалса, музейден 20-30 миллион, ат майдандан 10 миллион сом уурдалганы далилденип жатса, ал жерде кайдагы саясат?

Дагы караңыз Миллиондорду сугунган прокурорлор

«Азаттык»: - Клара айым, 2019-жылдын 1-январынан баштап жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштадык. Бул жагдай сот реформасын ийгиликтүү жүргүзүүгө шарт түзө алабы?

Клара Сооронкулова: - Жалпысынан айтканда жаны кирген мыйзамдар, кодекстер сот реформасына жакшы шарт түзүп берет деп айтсак болот. Бирок кыялданууга азырынча эрте. Негизги маселе - ал мыйзам актылары чечим чыгаруу учурунда кандай колдонулду? Эгер тергөөчү, прокурор, соттор билимсиз болсо, абийирсиз, уятсыз болсо эч кандай реформа алдыга жылбайт. Ошондуктан реформанын башка кыймылдаткыч күчү – адамдык фактор.

Экинчиден, реформа жөнүндө кеп кылганда жалаң эле соттор жөнүндө айтуу туура эмес. Кечээ курултайда прокуратура, ИИМдин тергөөчүлөрү, УКМКнын иши тууралуу кеп болгон жок. Аталган органдар тарабынан сотторго кысым бар. Соттор прокурорлордон коркот. Биз 2018-жылдагы Тартип комиссиясынын ишин талдап чыкканда соттордун иши боюнча көпчүлүгү прокурорлор кайрылары белгилүү болду. Соттордун иши боюнча Тартип комиссиясы менен прокурорлордун ортосундагы жаңжал да болгон.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Соттордун иши илгерилебеди (аудио)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.