Мунун алдында Мискенбаевге ""Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесин жетектеп турганда ири өлчөмдөгү акчаны кымырып алган" деген мазмундагы арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.
Мискенбаев соңку окуяны саясий куугунтук катары баалады. Ошол эле маалда "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги акча тууралуу араздашуу терең иликтенишин талап кылгандар да бар.
Мээрбек Мискенбаев өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген. Ал 2-июлда "Азаттыктагы" маегинде, суракка чакырыла электигин, адвокат жалдаганын билдирди. Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги акча чыры мындан эки жыл мурда көтөрүлгөнүн, бирок доомат ырасталбаганын айтты:
- Мен парламентте депутат болуп турганда Өмүрбек Текебаев менен айтыша кеткем, ошондо бул маселе козголгон. Эки жыл текшерип эч нерсе таба алган эмес. Кылмыш иши козголгонун Интернеттен окудум. Бирок "эмненин негизинде, кандай болду эле" деп менден бир да жолу сурашкан жок. "Биз чалып, өз жүйөлөрүбүздү айталы, документтерди көрсөтөлү" десек бирөө да жооп бербей жатат. Ошондуктан мен адвокат жалдадым. Мага кылмыш иши 17-мартта айткан сөзүмдүн негизинде козголду. Мен анда "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков эл тарапка өтсүн, үй-бүлөлүк башкаруу болуп кетпесин, президентибизге жаман сөз тийбесин, элдик президент болсун" деген эле жакшы ниет менен айткам. Ошондон бери коркутуу, каралоо болуп жатат. "Мегакомдун" директорунун кеңешчиси элем, ал жактан "кет" дешкенинен кеттим, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалыгынан "кет" дешти, аны да таштап, үч-төрт айдан бери ден соолугумду карап, өз иштерим менен алек болуп жүргөм. Азыр "Айкөл Ала-Тоо" - партиядан күчтүү коом, бул уюмда ажырым жаратып, жок кылганга аракет кылып жатышат. Негизги максат ушул.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Мээрбек Мискенбаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы туурасында расмий маалымат бере элек. Мекемедеги ишенимдүү булактардын айтымында, экс-депутат "Алдамчылык" беренеси менен айыпталып жатат жана ал тууралуу "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун өкүлү Марипа Алыйкулова арызданган. Бул макала жазылып жаткан чакта "Азаттык" Алыйкулова менен байланыша алган жок.
Марипа Алыйкулова мындан эки жыл мурда "Азаттыкка" арызданып келген. Анда Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынан баасы 2 миллион сомдон ашык көмүрдү апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары алганын, бирок көмүр сатылып, акчасы кымырылып кеткенин айтып чыккан. Андан сырткары 700 миңдей сомдун да дайыны чыкпай жатканын билдирген. Бул факты боюнча Башкы прокуратурага, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок арызы каралбай жатканын белгилеген:
- Чогулушта биз туура эмес иштерди угуп калдык. Бизге отчетту кагаз түрүндө таратып берди. Ал жерден 2 миллион 136 миң сом деген акча чыгып калды. Ошончо суммадагы көмүр Мискенбаевдин шайлоодогу үгүт ишине берилген экен. "Үгүт жүргүзсүн, жардамдашкан, жаракат алган балдарга да берилсин" дешкен экен. Андан сырткары "апрель окуяларында каза болгондорго куран окуп, эскеришсин" деп жалпы суммасы 600-700 миң сом чогулуптур. Бирок ошол эскерүү иш-чарасына 50 миң сомдой эле кеткен. Калган акча кайда?
Мээрбек Мискенбаев "“Кыргыз көмүр” ишканасынан көмүр алып сатып жиберген, жардам үчүн келген акчаны өзү каалагандай пайдаланган" деген маалыматты жокко чыгарды:
- "Кыргыз көмүрдөн" биз 300 тонна көмүр алганбыз. Анын документтеринин баары турат. Ал жерде биздин техника бар, ошонун ижара акысын эле алганбыз. Анан "бир күнү эки миллион, үч миллион, бир күнү алты, бир күнү 13 миллион сом алган" деп айтып жатышат, өзүбүздүн да башыбыз айланып калды. "Ал акчаны ким алыптыр, каякка бериптир, кимге бердиңер?" деп эч ким эч кимди сурабай жатат. Жөн эле куру доомат. "Айкөл Ала-Тоонун" 500 мүчөсү бар, Кыргызстандын мен-мен деген жигиттери чогулган. Анан ошолор акчаны жегизип коюп эле карап турабы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Карим Стамов "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү. Анын пикиринде, Мискенбаев негизсиз жалаага, саясий куугунтукка кабылды:
- "Коомдук бирикменин акчасын жеп кетти" деп жатат. Анда менин, менин жанымда отурган кишилердин үлүшүн жеп кеткен болот да? Эгер андай болсо: "Эй, сен биздин акчабызды жеп кеттиң" деп кубалайт элек да. Эми мындан ары биз деле жөн турбайбыз. Бул жерде Мээрбектин кылган-кылбаган иштери үчүн бүтүндөй коомдук бирикмеге, жараат алган, ажал менен күрөшкөн адамдардын кадыр-баркына шек келип жатат. Бул - саясий куугунтук. Негизи бар чындыкты айтып койгону үчүн куугунтук болуп жатат.
Бирок Мээрбек Мискенбаев жана анын "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги ишин сындагандар да жок эмес. Алардын бири, апрель баатыры, ыңкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров:
- Муну эч ким саясий куугунтук деп баалабашы керек. Кылмыш ишинин козголушу туура эле. Бөлүнгөн акча, бөлүнгөн көмүр каякка кеткени тууралуу, мыйзамсыз берилген үйлөр боюнча Мискенбаев толугу менен "Айкөл Ала-Тоонун", апрель баатырларынын астында жооп бериши керек. Мына азыр эми убактысы келди.
Укук коргоочу Качкын Булатов болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийлик да, апрель окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары түзгөн уюмдар да бири-бирин пайдаланган учурлар болгонуна токтолду:
- 2010-жылдан кийин бийлик башчылары тарапкерлерин, көз караштары бир болгондордун баарын карабай, "Айкөл Ала-Тоо", "Мекен шейиттери", "Апрель баатырлары" деп, аларга аябай көңүл буруп, кимдир-бирөөлөргө каршы күч кылып түзүшкөн. Алар да жөн турбай, бийликтен колдоо алгандан кийин өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, жалган баатыр кылып, үй, акча ала башташты. "Айкөл Ала-Тоодо" Мискенбаевден башка дагы жеп-ичкендер бар. Алардын баары чыгат.
Жарандык активист Айбек Мырзанын пикиринде, Мээрбек Мискенбаеге козголгон кылмыш иши КСДПдагы саясий ажырымдын уландысы болуп саналат. Анын баамында, азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү, кайсы бир кылмыш иштерин жандантуу аракети "мурдагы бийликке жана анын таламдаштарына жасалган куугунтук" деген сөздөргө негиз болбошу керек:
- Кылмыш иштерин козгоо, камоо бир тараптуу эле болбошу керек. Себеби, акыркы камоо иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жанындагыларга эле тиешелүүдөй көрүнүп жатат. "Ошол эле Райымбек Матраимов, "качып издөөдө жүрөт" деген, "маалында президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чуркаган" деген Нурлан Сулайманов эмнеге камалбайт?" деген суроо көп берилип жатат. Ошолордун да жоопкерчилиги каралышы керек. Адилеттүү болуп, азыр өзүнүн тегерегинде жүргөндөрдү да жоопкерчиликке тартышы керек.
2010-жылы апрель ыңкылабында ондогон адам окко учкан жана жарадар болгон. Бийлик аларга "апрель баатырлары" деген наам ыйгарган, бир катар жардам берилген, жеңилдиктер каралган. Ыңкылапка катышкандар, жабыр тарткандар жана курман болгондордун тууган-уруктары "Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Эр Теги” жана “Апрель байрагы” деген өңдүү уюмдарга биригишкен болчу.