Журналист, Устат, Инсан...
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Эх жашоо. Күчкө, акылга, талантка толуп, кыргызга пайдалуу көп иш жасайт элем деп тургандарды аябадың. Кыргыз журналистикасынын дыйканы - "Эркин-Тоо", Ленинчил жаш", "Асаба", Би-Би-Си, Азаттык, ЭлТР, КТРК - Султан Жумагуловдун деги иштебеген жери калбаптыр. Экөөбүз 90-жылдары Чынара Жакыпова жетектеп турган IWPR институтуна макала жазып жүрүп таанышкан элек. Андан бери туугандай болуп калыптырбыз. Кош болуңуз, Султан байке! Сиз жасайм деп жең түрүнө киришип аткан жакшы иштерди жердештериңиз сөзсүз турмушка ашырат. Биз сизди унутпайбыз! Кыргызча жашоо сиз ойлогондой жакшы жагына өзгөрөт! (Венера Жуматаева)
Султан Жумагулов журналисттик эрудициясы, билими жана жоопкерчилиги бири-бири менен айкалышкан мыкты сүрөткер эле. Ал катардагы бардык адамдар байкай бербеген көрүнүштөрдү так, даана көрүп, андан тема чыгарып, анан да ал көрүнүш өнүгүп кетсе улуттун келечегине кандай шарапатын же кесепетин тийгизээрин тез эле терең изилдеп жазган баамчыл эле. (Бүбүкан Досалиева)
"Мен Султан Жумагуловду 1983-жылдан бери билем, анда ал айтылуу “Ленинчил жаш” гезитинде иштечү. Ошондон бери Суке менен ага-ини, устат-шакирт, кесиптеш катары үзөңгүлөш болдук. Ал өмүрүн кыргыз журналистикасынын өсүп-өнүгүшүнө арнады. Биринчиден, ал сөздүн чыныгы маанисиндеги кесипкөй журналист эле. Кайда иштебесин чындык маалымат жасоого кызмат кылды, аны кесиптик, адамдык принцип катары туу тутканын көп көрдүм. Экинчиден, ал устат-педагог журналист эле. Журналисттик кесиптеги көп жылдык бай тажрыйбасын кагазга түшүрүп, китеп кылып чыгарып, шакирттерин, журналистикага келаткандарды акыйкат, адилет, калыс болууга чакыргандан чарчаган жок. (Бакыт Орунбеков)
Устат, мугалим.. Султан агай жөнүндө мыкты журналист, чебер сатирик, жоопкерчиликтүү жетекчи менен катар ушул эки сыпаттаманы айта алам. Анын өмүрүндө журналистика канчалык маанилүү болсо, устаттык ошончолук мааниге ээ. Ал университет же окуу жайда иштебей туруп, чыныгы педагогго айланды. Бизде көптөгөн мыкты журналисттер, сөздүн гүлүн терген калемгерлер бар. Бирок алар өз билгенин, чеберчилигин башкаларга үйрөтпөй, өзү менен кошо алып кеткен учурлар арбын. Бирок Султан агай жөнүндө антип айта албайбыз. Ал өз атын, даңкын ойлоп гана иштесе болот эле. Мыкты макалаларды, чыгармаларды жазып, китеп артынан китеп чыгарган дарамети жетмек. Ал үчүн агайдын деңгээли, таланты, чеберчилиги төп келмек. Бирок ал өзү билгенин шакирттери, жаш кесиптештери менен бөлүштү. Үйрөттү. Жол көрсөттү. Көп убактысын, энергиясын редакторлук менен устаттыкка арнады. (Бакыт Асанов)
Таланттуу журналист, мыкты редактор, эң башкысы жашоого позитивдүү караган жакшы адам элең. "Кыргызча жашоо бормулаларын" сенден артык эч ким жаза албайт. Жашоону сен башкача сүйчүсүң. (Бурулкан Сарыгулова)
Султан агай ар дайым өзгөрүүнү каалачу. Бир эле кесипте эмес, жалпы өлкөнүн масштабында жаман сапаттардан арылып, алдыңкы өлкөлөр сыяктуу сапаттуу, ыңгайлуу жашоону курууга далалат кылды. Өзгөрүүнү башкалардан эмес, өзүнөн баштачу. Ооруп жатканда да айыккыс дартка чалдыктым деп өзүн таштабай, мен өзгөрөм, айыгам деди. Буга өзү да ишенди, башкаларды да ишендирип жатты. Өлүмдөн коркон жок. Акыркы жолу байланышканымда “Адам ооруйт, айыгат. Мен да айыгам, убада берем. Бир аз чыдагыла» деген эле. Айыккыс дарт агайдын убадасын аткарууга жолтоо болду. Бирок баскан жолу, адамгерчилиги, өзгөрүүгө далалаты менен башкаларды өзгөртүүгө, кыйынчылыкка карабай аягынча күрөшүүнү үйрөтүп кетти. (Элиза Кененбаева)
Султан агайдын бизге айткан насааттары, кеңештери, баскан жолу бизге өрнөк болуп кала бериши керек. Агай эл аралык журналистиканын стандартын жогору баалаган. Бейтараптуулук, демократиялык баалуулуктарды жогору коюп, “аң-сезимди өзгөртүү керек” - деп дайыма айтып келчү. Биз ошол агай үйрөткөн жол менен, агай көрсөткөн ыкма менен иштей беребиз. (Айзада Касмалиева)
Агай эң ириде мамлекетчил эле. Профессионал журналист катары ондогон жаштарга, анын ичинде мага да жазганды, теманы ачып берүү ыкмасын, жөнөкөй, элге жакын тилде жазууну үйрөтүп кетти. Коом эмгекчил, билимдүү болсо, ысырапкорчулук азайса, Кыргызстан эртерээк ирденсе деген тилеги бар эле. Ишенгиң келбейт, ажал деген ушул экен, каалаганын колдон сууруп кете берет тура... Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Султан агай! (Жанар Акаев)
Бул сүрөт Улан жалаң "К" тамгасы менен жазган макаласы менен 1-орунду алып, Азаттыктын кеңсесиндеги сыйлык тапшыруу аземи болуп жатканда тартылган.
Султан Жумагулов чыныгы редактор болчу. Макалабыздын текстин карап чыгып, камырдай жууруп, кайра ийлеп, өзүң тааныбай кала тургандай кылып өзгөртүп, мыктылап салчу. Бул кайра-кайра кайталангандыктан агайдын жазганын көрүп, акырындап такшалып, жакшыраак жазып калчубуз. Мына ушундай жөнөкөй эле ыкма менен Султан агай мага окшогон ондогон, жүздөгөн журналистти журналист кылды. Таптап чыгарды, адам кылды. (Эрнист Нурматов)
Султан агай... АГАЙ деген атка татыктуу адам элеңиз, түгөнбөгөн кенч элеңиз... Сизден таалим-тарбия алган, сиз көрсөткөн, багыттаган жолго түшкөн журналисттер кандай гана бактылуубуз. Сиз жеке мени эң ириде будамайланбай жеңил, шар иштегенге үйрөттүңүз, көп нерсеге көзүмдү ачтыңыз. Агалык да көп кеп-кеңеш бердиңиз... Рахмат, агай!.. Жаткан жериңиз жайлуу болсун! (Элеонора Бейшенбек кызы)
Султан агайды эстегенде анын адамгерчилиги, мыкты юмору, боорукердиги көз алдыма тартылат. Ага жардам сурап кайрылган адамдардын эч кимисине "жок" дечү эмес, баарына жардам берчү. Агай менен тамактануу өзүнчө бир ырахат эле, дайыма күлдүрүп, башынан өткөргөн кызыктуу окуяларды айтып берчү. Агайдын дагы бир касиети бар эле - ал сыртыңан күлүп, бирок ичиң өрттөнүп жатканын бир карап эле баамдачу жана сөзсүз кеңеш берчү. (Зейнеп Алтымышева)
Султан агайдын кызматкерлер менен иштөө стили өзчөгө болчу. Ар бири менен иштешип, баарына бирдей мамиле кылчу. Журналистиканын кайсы тармагы болбосун өзүнүн идеясын айтып, качан кеңеш сураба, акыл-насаатын аячу эмес. ( Мирлан Токталиев)
Султан байкенин тушунда 2013-жылы “Азаттыктын” таңкы эфирлери түз ободо Бишкектеги студиядан чыга баштады эле. Ошол уктуруулардын алгачкы модераторлорунун бири катары эфирге даярданып жүрүп мен Султан байкеден биринчи кезекте тереңирээк ой-жүгүрткөндү, кайсы тема болбосун кеңири көз караштан талдай билүүнү үйрөндүм. Албетте, жетекчи катары ал менин жүрөгүмдө жөнөкөйлүгү, калыстыгы жана мээнеткечтиги, адамдын ички дүйнөсүн сезе билүү өзгөчөлүгү менен эсте калат. (Рахат Кеңешова)
Султан агай кызматкерлерине күйүмдүү жетекчи эле. Баарын баамдап турчу. Ар бир журналисттин, оператор, сүрөтчү болобу жөндөмдүүлүгүн жакшы байкай алчу. (Жанар Жолдошбаев)
Султан агайда "мен жетекчимин, сен төмөн турасың" деген сапат такыр жок эле. Дайыма тең туруп, дос катары кабыл алчу. Кесиптеш болгону менен атадай камкордук көрсөттү, атадай тарбия берди. Өмүрүмдөгү бурулуштарга тиешеси бар аз адамдын бири – Султан агай. Бу кишинин назарына илинип, кесиптеш, насиптеш болуп калганым бактым болсо керек. Мен билгенден агай шаан-шөкөттү, үйрүлүп түшмөйдү же ыйлап-сыктамайды көп жактырчу эмес. Дайыма "баары жакшы болот, баары Кудайдан, жигитпиз" деп кашкөйлөнүп турчу. Анык тоонун уулу болчу. "Үйрөткөнүмдү, устат болгонумду колко кылбайм, билгенди кийинкилерге бериш керек" деген сөзү кыттай уюп турат. Шакирттери көп. Унутпайбыз, учугун улантабыз. Агайдан илип калганыбызды башкаларга жеткиребиз, буюрса.. (Али Токтакунов)
Султан агай менен мен бир айдан ашык убакыт гана иштешип калдым. Ал убакыт аралыгында Султан агай ар бир кызматкер үчүн боор тарткан, камкор жетекчи катары эсимде калды. (Эмилбек Чекиров)
“Бормулалар” сенин гана табылгаң болчу. Аны эми сендей кылып эч ким жаза албайт. Ал ошонусу менен кызык болуп, сенин атыңды өчүрбөй, адабият тарыхынан тийиштүү ордун алат болуш керек. ( Бекташ Шамшиев)
Султан агай жоктон бар кылган редактор эле. Эптеп жазылган макала агайга баргандан кийин сулуу кыздай кулпуруп кайтып келчү. "Убакытты пайдалуу иштерге короткула" дегени эсимде калды. Театрга, музейге бардым, мындай китеп окудум десең чын дилинен кубанчу. Мекенчил инсан кандай болот десе мен Султан агайды айтмакмын. (Санжи Туйтунова)
Султан агай мен үчүн ириде журналистикадагы устат, насаатчы. Мен “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы болуп жүргөн кезде агай күн сайын түркүн темаларды сунуштап, анын өңүтүн түшүндүрүп берчү. Агайдан мен журналистикадагы жалпак тил эмне экенин үйрөндүм.
Эртең менен Султан Жумагуловдон “Азаттыктын” күнүмдүк иш-планы электрондук почтага келгенде эле кабарчыга бөлүнгөн теманын өңүтү, маңызы так, даана жазылчу. Агайдын бир эле сүйлөмүндө бүтүндөй бир макаланын мазмуну түшүнүктүү болор эле. Кыргыз журналистикасы Султан агай сыяктуу насаатчыга өтө муктаж... Аттиң... (Санжар Эралиев).
Агай турмушта да УСТАТ эле. Дайыма сергек жашоону, спортту, футболду сүйгөнгө үндөчү. Жайы-кышы дебей, мейли кар жаасын, мейли жамгыр жаасын, агай өзү демилгечи болуп футбол уюштурар эле. Жакынкы кезге чейин эле кыш чилдеде футбол аянтчасын Султай агай өзү баш болуп күрөп, карын тазалап, оюн ойногон күндөрүбүз болгон.
Агай өкмөттүк кызматта ар кандай кырдаалда иштегенине карабай, мамлекетчил, эли үчүн күйгөн инсан эле. Ажалга арга жок экен, Кыргыз журналистикасы, Кыргыз мамлекети чоң жоготууга учурады. Ошентсе да Султан агай артына “Кыргызча жашоо бормулалары” сыяктуу көп маданий жана адабий мурас калтырды, ондогон шакирттерди даярдап кетти. (Заирбек Бактыбаев)
(Сүрөт 2012-жылы футбол боюнча уюштурулган журналист Мелис Эшимканов атындагы кубокту утуп алганда тартылган).
"Султандын өмүр жолу минтип алтымыштын акбозуна жетпей үзүлүп калганы кабырганы кайыштырганы менен анын артында калган эмгеги, журналистикадагы опол тоодой орду, андан деле эч жери кем калбаган жазуучулук өнөрү, булары аз келсе кийинки жылдары жылдызы жанган кызмат даражасы - ушулардын баарында жаркылдаган жазы маңдай инимдин адамгерчилиги, бирөөгө кылдай жамандыгы жок ак көңүлдүгү, айкөлдүгү турат." Бекташ Шамшиев.