Аягы көрүнбөгөн сот реформасы

Иллюстрация

Жарандык коомдун өкүлдөрү Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди иргеп алуу процесси одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, парламентти сотко берди.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк жарандык коомдун айыптоосун четке кагып, тандоо мыйзам чегинде өттү деп ишендирүүдө. Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы саясий кызыкчылык менен түзүлдү деген дооматтар канчалык негиздүү? Төрт жылдан бери келе жактан сот реформасы эмнеге жетишти? Коомчулук азыр сот адилеттигине канчалык ишенет?

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Жогорку соттун мурдагы судьясы, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Султангазы Касымов жана Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчи орун басары Жыргал Исмаилов катышты.

Мурдагы Сотторду тандоо кеңешинин иши эки жылдай мурда мөөнөтүнөн эрте токтотулган эле. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин “айрым бир алешемдиктерден улам аталган кеңеш тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл” деп Жогорку Кеңешке жазган каты негиз болгон. Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы өткөн 2014-жылдын аягында тандалып, бекитилген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аягы көрүнбөгөн сот реформасы (1)

Өткөн жыл аягында президенттик партиядан депутат Галина Скрипкина Кыргызстанда судьялык кызмат орун сатыларын жана анын баасы 35 миң АКШ долларынын тегерегинде экенин айтып чыккан. Жаңы сотторду тандоо кеңеши мурдагысынан эмнеси менен айырмаланат, эмнеси жаңырды?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аягы көрүнбөгөн сот реформасы (2)

Кыргызстан боюнча 447 судья оруну болсо, мурунку Сотторду тандоо кеңеши алардын 138ин тандаган. Ушул тапта өлкө боюнча 300дөн ашык ваканттык орун бар жана 115 орун таптакыр бош.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аягы көрүнбөгөн сот реформасы (3)