Кыргызстанда Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жана Жогорку Соттун судьялык кызматтарына тандоо мыйзам бузуулар менен өттү деген нааразылык күч алды. 10-августта өлкө президенти Роза Отунбаева Сотторду тандоо кеңеши ишин тымызын жүргүзгөн жана коррупциялашкан судьяларды өткөрдү деп сындады. "Азаттыктын" кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.