Жети-Өгүз: кык жыттанган курорт
Курорттун үч корпустан турган дарылоо жайынын курулушу 1989-жылы аяктап, ошол жылы ишке берилген.
Отуз жылдан бери ремонт көрбөгөн жайдын дубалдарынын шыбы түшүп, терезелери сынып, дарылоо бөлмөлөрүндөгү эски эмеректер менен аппаратуралар тарыхый эстеликке айланып бара жаткансыйт.
Жети-Өгүз суусу шаркырап, минералдык табигый түрдүү суусу көп жайдын өткөн кылымдын орто ченинде курулган №3 жана №4 корпусуна жайгашкандар ичер суу менен жакшы дааратканага зар. Дарылануудан чыккан адамдар чөккөн отургучтарга отурса тура алышпай убара.
Ага чейин курулган турак жай корпустары, эс алуучу, спорттук оюндар өтчү жайлар эбак иштен чыгып, эс алуучуларга өзгөчө ырахат тартуулаган скульптуралар биринин артынан бири кулап, фонтандар соолуган.
Курорттун аймагындагы суу өтчү түтүктөрдүн коопсуздугу эч кимди тынчсыздандырбайт сыяктуу.
Бир кезде миңдеген эс алуучу пайдаланган шейшептер жуулчу жайдын азыркы абалы ушундай. Кир жуучу аялдар шейшеп, сүлгүлөрдү жайкысын кермеде кургатып алганга курсант.
Бир кезде эс алуучулар чимириле бийлеген бий аянты баштаган жайкы клуб, фонтандар эбак эстен чыгып, дары суу топтолчу жайдын ачык калышы көпчүлүктү кооптондурат.
Бир нече жыл мурун карагай, кайың, арча жана түркүн гүлгө оронгон жай азыр кыркылган, сугарылбай куураган дарактардын ордосуна айланып баратканы эс алуучуларды ойго салат.
Анткен менен курорт бээ саап, сүтүн, кымызын саткан жеке ишкерлер менен курортто малын эркин жайган кызматкерлердин "ишмердигин" өнүктүрчү жайга айланып, эс алуучулар маараган койлорду, терезе түбүндө түнү бою кишенелеген жылкыларды, ээн-эркин майкандап оттоп, эс алуу жайын тезекке толтурган уйларды "эрмектеп эс алышат".
Курортко кирер менен каңылжарды жарган малдын кыгынын жыты көп эс алуучуларды иренжитерин жетекчилер оюна албайт сыяктуу. Ал эми табигат берген дары суулар, ылай менен дарылоо, дарылоосу токтотулган жайлар жана ал жердеги санитардык абал менен тамактандыруунун деңгээли өзүнчө сөз кыла турган чоң көйгөй.