БУУ: Жээнбеков элди ынтымакка чакырды

Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясында экология, суу, терроризм жана экстремизм коркунучу тууралуу сөз сүйлөп, парламенттик демократия кыргыз коомунун табиятына шайкеш келерин белгиледи.

Ошол эле учурда Улуттар уюму реформага муктаж экенин, ал өзгөрүүлөр универсалдуулук, географиялык камтуу принциптерине негизделиши керектигин айтты. Мамлекет башчынын жогорку трибунада жасаган баяндамасы Кыргызстанда кандай бааланып жатат?

Көйгөй жараткан климаттын өзгөрүүсү

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан 73-сессиясына катышып, 14 мүнөттүк сөз сүйлөдү. Анда улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги маселелерге токтолду.

2017-жылы бийликти тынч өткөрүп берүү Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолунда илгери кадам таштоосуна негиз болуп бергенин, парламенттик демократия кыргыз коомунун табиятына шайкеш келерине ишенерин жана муну 2020-жылдагы боло турган парламенттик шайлоо дагы бир ирет ырастай турганын билдирди:

- Мамлекеттик башкаруу ар бир адамдын муктаждыктарына, анын укуктарын, эркиндигин жана коомдогу адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Жогоруда айтылган бардык орто мөөнөттүк реформалар Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген. Ушуга байланыштуу биз Кыргызстандын өнүгүү үчүн аракеттерин БУУ жана өнөктөш өлкөлөр мындан ары да колдойт деп үмүттөнөбүз.

Дагы караңыз Дүйнөдө суу ресурсу азайып жатат

Мамлекет башчы аймактагы маселелерге токтолуп, акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылдыгын көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошону менен катар терроризм, экстремизм коркунучтары тууралуу айтты.

- Эл аралык коомчулук бул терс көрүнүштөр, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды жана курал-жарактарды сатуу, арам жол менен табылган акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу көрүнүштөргө каршы биргелешкен күч-аракеттер менен активдүүрөөк күрөшүүсү зарыл. Бул наркотрафиктин огунда жайгашкан биздин өлкө үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, бул жаатта эл аралык коомчулук көрүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда.

Мындан сырткары уран калдыктары, климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө жана суу ресурстарына барган сайын көбүрөөк таасир этип, табигый кырсыктардын көбөйүшүнө өбөлгө болуп жатканы тууралуу маселени көтөрүп, дүйнө коомчулугунун чакан мамлекеттердин проблемаларына көңүл буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөтүп жатканы айтылды. Ошондой эле президент Жээнбеков дүйнөлүк трибунадан өз мекендештерин биримдикке чакырды.

Эдил Байсалов.

Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзүнөн мурда анын бийик трибунага барып, жергиликтүү жана глобалдык маселелерге Кыргызстандын көз карашын айтып келишин кубаттагандар да бар. Саясатчы Эдил Байсалов ошолордун катарында:

- БУУга биринчи эле жылы барып, дүйнөнүн толук кандуу мүчөсү экенин көрсөтүп, маселелерди көтөрүп барганы сүйүндүрөт. Ал жерде өзүбүзгө тийиштүү көйгөйлөрдү айтты. Мисалы, тоо, суу, Көчмөндөр оюндары, демократия, шайлоолор менен мактанды. Өтө эле чоң демилгелер, Франция, Америка, Кытайга үйрөтөбүз дечүдөй нерселерде деле ал жерде айтылбашы керек. Кыргызстан өзүнүн деңгээлине, салмагыбызга жараша, элден калбай, бирок аша чаппай ошол жерге барып келгени эле оң.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков Жээнбековдун бийик трибунада сүйлөгөн сөзү менен кылган иши шайкеш келиши керек экенин эскертип жатат. Анын айтымында, эми мамлекет башчы ошол эле өзү көтөргөн сот реформасы, коррупцияга каршы күрөш, экология боюнча айткандарын аягына чыгарышы керек.

Ишенбай Кадырбеков.

- Дүйнө жүзүндөгү глобалдык экологиялык маселелерди көтөрүп, ошол эле учурда Кыргызстанда Кумтөрдүн тегерегинде маселеге көз жуумп, экологиянын талкаланып, келечекке катуу таасир берерин көрүп туруп Сапар Исаков 2017-жылы сентябрда кол койгон келишимди жокко чыгарбай, ноябрда макулдашууга кол коюп койсо анда элдин шору болот. Башкы ассамблеяда айтылган сөздөргө маани бериш керек. Эгер ал айтылып аткарылбаса, ал жерде канчалаган эксперттер, башка мамлекеттердин жетекчилери отурат, алардын баары карап, көзөмөлдөп турат. Экинчи кадамы - Кыргызстанга келгенде айтылган сөздөрү боюнча чоң иш жасашы керек.

Анткен менен саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров БУУнун жыйынында өзүнүн атагы, жеке амбициясы үчүн барган жетекчилер сүйлөйт деп эсептейт. Анын пикиринде, ал жерде айтылган маселелерге көп учурда көңүл бурулбайт. Саясатчы Йемендеги ачка калгандардын саны күн санап көбөйүп, ал жакка жардам жетишпей жатканын мисал келтирди.

Адахан Мадумаров.

- Кыргызстан демократия жолунда баратабыз, экология, тоолордун өлкөсүбүз деп кыйкырганыбызга 27 жыл болду. Андан Кыргызстанга пайда таап кеткен долбоор же программаны уккан да, көргөн да жокмун. Муну Йемендин мисалында карасаңар болот. Ал жакта тамак жебей, ачка калып жаткан кишилердин саны 18 миллионго жетти. Ага карата боорукердик, кайрымдуулук деп эчендеген жыйын, акцияларды өткөрүп жатышат. БУУ ушул сыяктуу маселеге көңүл буруп, чече алабгандан кийин Кыргызстандын экологиясына көңүл буруп береби? Дежур варианттар, тек гана кайран гана ошол жакка учуп барып келген каражат.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөнүн кубаттап жатат.

Руслан Казакбаев.

- Кыргызстан 2010-жылы да талапкерлигин көрсөткөн. Биз ал убакта Пакистан менен чыгып, 55 добуш менен жеңилип калганбыз. БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо жөнүндө маселе канча жылдан бери айтылып келет. Өнүгүп келаткан чакан мамлекеттер ал маселени көп көтөрөбүз, дүйнөлүк коопсуздукту жалаң эле туруктуу мүчөлөрү эле чече бербей, көйгөйлөрү болгон тоолуу, аралча жана жаңы өнүгүп келаткан мамлекеттер көп көтөрөт. Президенттин сүйлөгөнү ошол шайлоонун башталышы деп билсек болот. Анткени ал жерде отурган өлкөлөр жазып алышат жана эми өз чечимин ойлоно башташат.

Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин башчысы жана 42 өлкөнүн премьер-министри катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.