Равшан Жээнбеков соттун ачык өтүшүн талап кылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Чечим 26-декабрда чыкты. Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев бул чечимди негизсиз жана мыйзамсыз деп атады. Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.