Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйынга аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да чакырылган.
Жалпы жонунан 42 журналист катышкан жыйында Жээнбеков геосаясат, экономика, сот-укуктук реформа, коррупцияга каршы күрөш ж.б. бир катар суроолорго жооп берди.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, эл арасында “Райым миллион” деген ат менен таанымал Райымбек Матраимов тууралуу айтып, коррупция менен күрөштө кол тийбестер болбой турганын кыйытты.
Матраимов эки жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебесин белгилеген мамлекет башчы журналисттерге жемкорлукка байланыштуу иштерде факты менен сүйлөөнү сунуштады.
- Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилди. Февралдан бери текшерүү жүрүп жатат. 24 млн. сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат. Анын мүлкүнө байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлөрдөн да тактоо иштери жүрүп жатат.
Анткен менен эл арасында бийликти Матраимовдорго боор тарты деп сындагандар да арбын. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалганга чейин "Ош бажысындагы иштер тууралуу маалымат берген эмес" деп Жээнбековду айыптаган жайы бар.
Дагы караңыз Матраимов жашырган салык жана жазаМурдагы президентти кармоо операциясы учурунда Кой-Ташта күч органдарынын бир кызматкери окко учуп, бир даары ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган. Мындан кийин Алмазбек Атамбаев камакка алынып, азыр анын жакындарына тиешелүү мүлктөр текшерилүүдө.
Жээнбеков азыр Кой-Таштагы чыр боюнча атайын комиссия түзүлүп иштеп жатканын, өзү бул окуяга баа бере албасын белгиледи.
- Атамбаевге күбө катары бир нече жолу чакыруу берилген. Келбей койду. Мыйзамга баш ийген жок. Кой-Таш боюнча комиссия иштеп жатат. Мен азыр ал окуяга баа бербейм. Баа бере турган парламент, комиссия, сот бар. Ошолор чечим чыгарат. Алдын ала эч нерсе айта албайм.
Атамбаев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат жана ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп кетишине байланыштуу сотко баруудан баш тартууда. Ошол эле маалда бул ишке катышы бары айтылган бир топ саясатчылар тергөө менен кызматташары маалым болгон.
Жээнбеков Батукаевдин иши тууралуу сөз болгондо документтердин көбү жашыруун экенин белгиледи.
- Мен деле соттун ачык өтүшүн каалайм. Бирок Батукаевдин ишине байланыштуу документтер жашыруун болгондуктан баары жабык өтүшү керек экен.
Ал эми Бишкек ЖЭБи боюнча өтүп жаткан сотко кийлигишпесин айтып, сот-укуктук реформалардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
- Эки жылдан бери сот-укуктук реформалар, ИИМдин реформасы, санариптештирүү жүрүп жатат. Мыкты эксперттер бар. Реформа токтобойт. Ансыз Кыргызстанда эффективдүү өнүгүү болбойт. Бул жалпы коомчулук кирише турган иш.
Дагы караңыз Жээнбековдун оош-кыйыштуу эки жылыКоомчулукта бийликке жакын адамдар майлуу жерлерде иштеп жатканы тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келет. Буга чейин коомчулуктун реакциясынан кийин өз эрки менен кызматын тапшыргандар да болгон. Жээнбеков мындай кептин чыгышына анын атын саткан айрым адамдар себеп болуп жатканын айтты.
- Кыргызстанда эч качан кландык башкаруу болбойт. Мен үй-бүлөмдү да, аппаратты да катуу кармайм. Ар ким өз ордунда иштеши керек. Албетте, менин атымды саткан жасалма тууган, жасалма кудалар чыгып жатат. Андай кабарларга тез реакция болуп жатат. Бирок азыр мага кеңеш берген киши жок. Менин өзүмдүн жеке оюм бар. Элдин баарын угам, бирок өзүм чечим чыгарам, - деген президент аны көзөмөлдөгөн оппозиция барына токтолгон.
- Бизде кыйын, күчтүү оппозиция бар. Ар бир саясатчы оппозиция десек болот. Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок.
Дагы караңыз Коомдук пикир "куданы" иштен кетирдиПрезидент мындан тышкары Кыргызстан менен АКШнын алакасы, тышкы карыз тууралуу да кеп козгоду.
Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишим өкмөттө каралып жатканын, анда мамлекеттин кызыкчылыгын эске алууга көңүл буруларын белгиледи.
Финансы министрлигине таянып, 2024-жылдан тарта тышкы карыз төлөнө баштарын белгиледи. Кыргызстанга жол курулушу, таза суу үчүн акча керек экенине токтолуп, көмүскө экономиканы алып чыкса, бюджет толоруна ишеним артты.
Белгилүү журналист, "Кабар" мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен бүгүнкү жыйынды оң баалап, президент коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берди деген пикирде.
- Президент менен жолугушуу эки жарым саатка созулду, айрымдар бир эмес, эки-үч суроо берип, жооп алышты. Коомчулукту кызыктырган анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге, Кой-Таштагы окуяларга, Райымбек Матраимовго байланыштуу суроолор узатылды. Жыйын учурунда жетишпей калгандар чай үстүндө да суроо беришти. Бул жагынан алганда, президент Жээнбеков коомчулукка ачык экенине, жашыра турган нерсеси жоктугуна ишендирген жыйын болду.
Ал эми “Кактус” интернет сайтынын башы редактору Дина Маслова жыйында президент өзүнө ишенген маанайын көрсөттү деп белгиледи.
- Президент Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууну эске алып жатканына кубандым. Бүгүнкү жолугушууда журналисттер бардык суроолорду берип үлгүрбөдү. Ага убакыт аздык кылды. Анткени, журналисттерде бир эмес, бир канча суроолор бар. Мамлекет башчынын жооптору жөнүндө айтсам, президентте бул ирет мурдагы учурларга салыштырмалуу өзүнө ишенген маанай сезилип турду. Бирок жооптору көбүнчө жалпылаштырылган сөздөр болуп, конкреттүү жооптор аз болду. Балким суроолор так болбой, ошого жараша жооп болгондур. Балким айрым көйгөйлөрдүн анык жыйынтыгы жок болгондуктан, конкреттүү жооп бербеген болушу мүмкүн.
“Говори ТВ” порталынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова калган суроолорго чоң жыйында жооп алабыз деген ниетин билдирди.
- Президент менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин жыйыны пресс-конференция эмес, жолугушуу форматында болгондуктан, өз талабына жооп берген чогулуштардын бири болду. Жакын арада пресс-конференция болорун айтты. Ошондо суроолорду кеңири берип, кеңири жооп алабыз деген үмүтүм бар. Бүгүнкү жолугушуу 7-ноябрь - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулгандыктан, маанайы да майрамга жараша жыйын болду деп эсептейм.
Быйыл президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодон жеңгенине туура эки жыл толду. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн саясий айдыңында бүйүр кызыткан окуялар орун алды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президент алты жылга бир мөөнөткө гана шайлана алат. Азыркы өлкө башчынын мөөнөтү 2023-жылы аяктайт.