Жээнбеков көп векторлуу саясатка даярбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Түркия жана Бельгияга сапар менен барды. Президенттин бул сапары мурдагы бийлик учурунда солгундаган саясий диалогду жандантуу катары кабыл алынды. Азыркы шартта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болушу керек? Орусияга ыктаган көндүмдөн алыстап, реалдуу көп векторлуу багытта саясат жүргүзүүгө бийликтин эрки жетеби? “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө ушул суроого жооп издедик.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов, мурдагы экономика министри, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев катышты.