Жээнбеков Эрдогандын инаугурациясына катышты

9-июлда Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясы болду. 

Эрдоган өлкө президенти болуп экинчи жолу шайланып жатат. 9-июлда анын бийлигин бекемдеген Баш мыйзам күчүнө кирди. 

 

Эрдоган 80 миллион калкы бар өлкөсүнө "жаңы доорду" убада кылды. 

Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын саясий аренасында 15 жылдан бери келе жатат. Алгач премьер-министр анан президент болгон. 
 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков башка коноктордун арасында. 

Ант берүү аземинен кийин Эрдоган "түрк атасы" аталган Мустафа Кемал Ата Түрктүн кабырына барып, анда сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү азыркы жол менен өнүктүрүүнү уланта турганын айтты.

Жогорку шайлоо кеңеши 4-июлда шайлоодо Эрдоган 52,59% добуш менен жеңишке жеткенин жарыялаган. Анын АК партиясы 600 орундуу парламенттен 295 орун алды.

Сооронбай Жээнбеков, орус премьери Дмитрий Медведев жана Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев. 

С.Жээнбеков жана Б.Сагинтаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-июлда Анкарада түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышты.