Юрист Нурбек Токтакунов Интернетке жарыялаган президент Сооронбай Жээнбековдун "шайлоо кассасына" байланыштуу жаңжалдын жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда.
Маалымат каражаттарында Токтакунов жарыялаган баракчаларды "Тизмегейт" же “шайлоо кассасы” деп атап жатышат.
Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракесинин алдында жарыяланган бул маалыматтарды социалдык тармактарда президенттин каршылаштары даярдаган "белек" катары сыпатташты.
Президенттик аппарат болсо Токтакунов ачыкка чыгарган маалыматты "фейк" деп атап, ал жөнүндө кеңири комментарий бербей турат.
Дагы караңыз Шайлоонун акчасы шек туудурду“Азаттык” тизмеде аты аталган бир катар адамдар менен байланышууга аракет кылды. Маселен, документтер Жээнбековдун шайлоо штабына акча кошту деген Примов, Туманов деген фамилияларды Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов, жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Токтогул Туманов болушу мүмкүн деп болжолдоп, байланышууга аракет кылдык.
Туманов менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Примов болсо алгач тизме менен тааныша электигин айткан. Бирок кийин чалып, байланыша алган жокпуз.
Ал эми тизмеде "Таласта үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акча алды" деген Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев муну "чындыкка дал келбейт" деп билдирди:
- Биринчиден, Нурбек Токтакунов уялышы керек. Менин акча алып жатканымды көрбөсө, ага эч бир далил жок болсо, жөн эле "бирөөдөн уктум" деп каралай берген болбойт да. Мен бир тыйын да алган эмесмин. Мага аны ким бериптир? Эми адамдан деле сурап койсо болот да. Шайлоодо Бакай-Ата районунда Жээнбековду сүрөгөнүм чын.
Дал ушундай эле жоопту Жээнбековдун шайлоо штабында иштеген журналист Нурканбек Керимбаев да берди:
- Былтыр Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегеним анык. Аны эч ким тана албайт. Бирок Нурбек Токтакуновдун "аты аталбаган адамдардан алдым" деп коомчулуктун башын айландырган “фейк” маалыматтарына мен реакция жасабайм.
Ошол эле учурда президенттик аппарат да, штабда иштегендер да бардык каржылык жана башка маселелерге экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, Сооронбай Жээнбековдун штабынын башчысы болгон Фарид Ниязов жооптуу болгонун айтышууда.
Фарид Ниязов болсо бүгүн билдирүү таратып, Токтакунов жарыялаган “тизмедеги” айрым маалыматтар чындыкка жакын экенин билдирди.
- "Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы жооптуу эки адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин моюнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузмак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган", - деп айтылат Ниязов тараткан билдирүүдө.
Токтакунов жарыялаган баракчада бир нече жолу аты-жөнү аталган, учурда КСДПнын расмий өкүлү катары иштеп жаткан Кундуз Жолдубаева да ушундай эле мааниде жооп берди:
- Биз бул документти кечээги күндөн бери партиянын кеңсесинде талкуулап жатабыз. Суммалар боюнча конкреттүү түрдө бирдеме айтуу кыйын, бирок ал жакта көрсөтүлгөн расмий иш-чаралар жана фамилиялар реалдуу. Баарын айтпаганда да, менин атым көрсөтүлгөн жерде ошондой.
Чынында эле Жолдубаеванын "Фейсбуктагы" баракчасын изилдеген учурда "шайлоо кассасында" жазылган маалымат менен айрым окуялардын дал келгенин байкаса болот.
Маселен, баракчада Кундуз Жолдубаева 2017-жылдын 27-сентябрында туристтик операторлор менен жолугушууну уюштуруу үчүн шайлоо кассасынан 43 миң сомдон ашык каражат алганы жазылган.
Ал эми Жолдубаеванын "Фейсбук" баракчасында 28-сентябрда ал кездеги талапкер Жээнбековдун туристтик операторлор менен жолугушканы тууралуу сүрөттү көрүүгө болот.
Ошентип, мурда өнөктөш, учурда каршылашка айланган экс-президент Атамбаев менен учурдагы президент Жээнбековдун командалары юрист Токтакунов жарыялаган документти эки башка мааниде түшүндүрүүгө аракет кылууда.
Эксперттер бул окуя эки саясатчынын ортосундагы тиреш абдан күчөп, ачык формага өткөнүн далилдегенин белгилешүүдө.
Туулган күнүндө президенттикке шайлангандан кийин алгач ирет интервью берген Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаев жөнүндө айткандары акыркы тирешти күчөткөндөй болду.
24.кg агенттигинде жарыяланган маегинде Жээнбеков Атамбаевди ачык сынга алып, өзүн "жетеленме жетекчи кылгысы келген" деп айыптады:
- “Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, - деген Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев да Жээнбековдун бул айыптоосун жөн калтырчудай эмес. Ал өзү ээлик кылган “Апрель” каналына кийинки аптада маек куруп, акыркы жагдайлар боюнча түшүндүрмө берерин жарыялады.
Саясат таануучулар бул кырдаал өлкөдөгү саясий абалга таасирин тийгизерин айтышууда.
Эксперт Даниел Кадырбеков мындай шартта эки тарап тең өз позициясын ырасташ үчүн аракет көрүшөрүн айтты:
- Саясатта белгилүү эрежелер бар. Элдин баары билет. Эгер бир нерсе айткың келсе аны тастыктап беришиң керек. Маалыматты ыргытып коюп, "өзүңөр тастыктап алгыла" дегени коомду дүрбөлөңгө салышы ыктымал. Жоопкерсиздик. Бул кырдаалда эки эле жол бар. Же бул маалыматты ырастап, чын-бышыгын аныктап импичментке жеткириш керек, же жалган маалымат бергени үчүн айрым адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек. Андан башка жолу жок деп ойлойм.
Ошол эле кезде эки саясатчынын ортосундагы “компроматтар күрөшү” туруктуулукка таасирин тийгизбейби деп чочулагандар да чыгууда. Эксперт Алмазбек Акматалиев бул окуядан жалпы саясий чөйрө сабак алышы керек деген пикирде:
- Буга чейин партияда "акча, кайдан каржыланат, талапкердин шайлоо фонду кандай болот" деген маселе көтөрүлгөн эмес. Ушул маселенин арты менен так эрежелер аныкталып, мындай чырдын кайталанбашы керек. Ошол эле учурда бул чырга өкмөттү аралаштырбай, учурда аткарылып жаткан иштерге терс таасири тийбеши керек.
Учурда камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты болгон Нурбек Токтакунов 15-ноябрда "Фейсбуктагы" баракчасына Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган.
Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, азыркы учурда "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин билдирген.
Жарыяланган тизмеде штабга ондогон адамдардын канча акча төккөнү, аткарылган иштерге канча акча бөлүнгөнү жана президенттикке талапкердин ишенимдүү адамдарына бөлүнүп берилген деген суммалар көрсөтүлгөн.
Нурбек Токтакунов колундагы документке таянып маалымдаганы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө билдирген каражаттан, атап айтканда, 158 096 175 сомдон көп сумма иштеткен. Анын версиясы боюнча, Жээнбековдун штабы чынында шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаган.
Нурбек Токтакунов бул мыйзам бузуу экенин айтып, сөз болуп жаткан жагдайлар азыркы президентке импичмент жарыялоого негиз түзөрүн билдирүүдө.
Бирок Токтакунов жарыялаган документтерде эч кандай мөөр же анын ырастыгын күбөлөндүргөн эч бир адамдын колу жок экенин, аны далилдөө кыйынга турарын айткан пикирлер басымдуулук кылат.