Ок жеген илбирске операция жасалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жарадар илбирсти Бишкекке алып келишти

Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган жаралуу илбирс Бишкекке жеткирилди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, ак илбирске ок тийген. Бул Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен өткөн кеңешмеде аныкталды.

Агенттик алдыда укук коргоо органдары менен бирге мыйзамсыз аңчылык боюнча териштирүү иштерин баштай турганын билдирди.

Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган. Анда ак илбирс жарадар болушу мүмкүн экени айтылган.

Көк-Ой айылынын тургуну Куттубек Эркебаев түштөн кийин ат сугарганы барып, ээрчий келген ити катуу үргөн тарапка байкоо салып, дарак башында отурган илбирсти көргөн. Дароо тиешелүү жактарга чалып, илбирс кечке жакын жергиликтүү тургундардын жардамы менен кармалган.

- Эч кандай куралдары жок. Атайын десе уктата турган октору жок. Аркандары да жок экен. Келип баары тостоюшуп карап туру.

Видеодон жерге түшүрүлгөн ак илбирсти туш тарабынан курчап, камап жаткан толтура кишилерди көрүүгө болот.

Дагы караңыз Ак илбирс мөңгүнүн сакчысы

"Бооз окшойт. Экөөлөп карма. Шашпа! Шашпа, тапырабагыла. Бирөө атса керек ээ? Башынан жарадар болуптур. Курчагыла", - деп сүйлөшүп жаткан бул адамдар жапайы жаныбарды байлап, автоунаага салып келип айыл тургундардын биринин темир торуна убактылуу жайгаштырышкан.

Жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын көйгөйүн чечүүгө көмөк берүү үчүн түзүлгөн "Бугу Эне" коомдук фондунун төрайымы Салтанат Сеитова илбирстин мындай абалга туш болушу көп суроолорду жаратат деди.

- Суроо көп. Ак кар, көк музда жашаган ак илбирс жакага кантип түшүп келди? Экинчиден, илбирстер бакка чыкпайт. Бул жарадар илбирс кандайча бакка чыгып кеткен? Менимче, айбан башынан жараат алгандан кийин кайда баратканын билбей ушундай абалга дуушар болгон.

Колго түшкөн илбирсти Таластан Бишкекке Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери алып келди.

Аталган уюмдун браконьерликке каршы тобунун башчысы Жыргалбек Султанов жаралуу илбирске кам көрүүгө даяр экенин айтты:

- Кечээ түнү кармалган илбирсти алып келдик. Бул жерге алып келгенден кийин мамлекеттик органдарга өткөрүп бердик. Тактап айтканда, илбирстин мындан аркы тагдырын Токой чарба жана био ар түрдүүлүктү сактоо департаменти чечет. Алар дарылап бүткөндөн кийин бизге өткөрүп берсе, анда аны Ысык-Көлдөгү илбирстерди калыбына келтирүү борборуна кабыл алганга даярбыз.

Дагы караңыз Ак илбирc - Азия тоолорунун керемети

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев 10-январда кечке жуук Бишкекке жеткирилген илбирстин башына ок тийгени аныкталганын маалымдады.

Анын айтымында, 10-январда кечинде Кыргыз Мамлекеттик Агрардык университетинин Ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын баш бөлүгүндөгү чачма октун (бытыра) 18 калдыгын алып чыгышкан.​

- Врачтардын консилиуму​ болуп, рентгенге тартканда, башынан мылтыктын чачма огу чыкты. 70тен ашуун бытыранын калдыгы бар экен. Операция учурунда ветеринарлар жаныбардын өмүрүнө коркунуч туудурган 18 калдыкты алып чыкты. Азыр жаныбардын абалы оор, бирок туруктуу. Кечээ эч нерсе жебей калган. Азыр суу ичип жатат​. Абалы жакшы эмес. Дарыгерлер керектүү дарыларды жазып беришип, тезинен операция кылуу керек дешти. Чачма мээге жетпептир. Тери менен сөөктүн ортосунда туруп калган, - деди Рысалиев.

Анын айтымында, илбирстин абалы оңолгон соң дагы бир операция жасалып, башындагы калган бытыралар алынмакчы.

Рысалиев илбирс азыр алсыз экенин, жакшы болуп кетсе, талаага кое берилерин кошумчалады. Учурда ак илбирске аңчылык кылып, ок аткан адамдар укук коргоо органдары тарабынан изделе баштаганын айтты.

ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы «Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктары ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк 20 ландшафттын тизмесине киргизилген.

Ак илбирс – кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар катары сыпатталып, кыргыз элинин колдоочусу болуп эсептелип келген.

Бул жаныбар өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин өлкөнүн бир топ жеринде кездешсе, акыркы жылдары анын саны эки эсе азайып, Нарын, Ысык-Көл, Алай тоолорунда гана калган.

Мурда ак илбирстерге аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, 2017-жылы кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча айыппулдун көлөмү 1,5 миллион сомго көтөрүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​