Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести. Анын иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралды. Саясатчынын жактоочулары соттун чечимине нааразы болуп, сот анын ишин кайра башынан кароо чечимин кабыл алып же жазасын 7,5 жылга чейин кыскартышы керек болчу деп жатышат.