Нарындыктар жапон маданияты менен таанышты

Нарында Жапон күнү деп аталган фестиваль өттү. Анын алдында эле Кыргызстандагы Жапония элчилигинин демилгеси менен Нарын мамлекеттик университетинде жапон борбору ачылган эле.
Жапон фестивалы добулбастын кагышы менен ачылды. Майрамга Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруо өзү баш болуп келиптир:

- 11-мартта, Жапонияда жер титирөө болгон күнү кечинде эле силердин президент жардам берүү үчүн чалды. Чындыгында Кыргызстан жардам берген биринчи өлкөлөрдөн болуп калды. Чоң рахмат, биз унутпайбыз. Жапония жакында бутуна турат, биз сиздер менен мамилени мындан да өркүндөтүүнү каалайбыз.

Нарын облус губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова Күн чыгыш өлкөсүнөн үйрөнө турган өрнөк көп экенин белгиледи:

- Жапония элин билебиз, эң өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп келе атат. Ошондой басымыңыздардан жазбай дагы эле алдыңкы өлкөлөрдөн болуп ушул кызматташтыгыбыз, бир тууганчылыгыбыз арта берсин деген ишеничте, үмүттө айтып кетүүгө уруксат этиңиз.

Жапон борборунун окуучулары жана ыктыярчылары жапон тилинде ырдап, добулбаста чыгарма аткарышты. Ошондой эле ыктыярчылар нарындыктар тууралуу ойлорун орто салып жатышты. Алардын бири Уно Томоко:

- Нарында жашагандыктан ар кандай тажрыйбаны көп алып атам. Мисалы, айылда жашагандар менен чогуу талаага картошка айдап, тоого чыкканда деле атка минип, дайыма менин жанымда жүргөн досума, чогуу жашаган үй-бүлөмө ыраазымын. Дайыма жардам берген кишилерге чоң рахмат.

Ал эми Атсушиге кыргыздын маданиятындагы коноктон кетип атканда баштыгына устукан салып бергени жагып калыптыр:

- Дайыма коноктон үйгө кайра келе атканда үй ээлери конокко барбагандар үчүн устукан салып бергендери – барбагандар менен чогуу бакыт бөлүшөлү дегени мага аябай жакты.

Нарында Адилет деген кыргызча аты бар Атсуши комуздун коштоосунда “Нарындан жазган салам кат” деген ырды созду.

Фестивалга кызыгын арткандар арбын болду. Жайнагүлгө, мисалы, добулбаста аткарган чыгармалар жагыптыр:

- Мага аябай жакшы таасир калтырды. Мисалы, жапондун каада-салты менен тааныштым. Эсимде калганы – барабан черткендери, ырдагандары.

Жапон борборуна барып жаткан Айсулуу бул өлкөнүн кол өнөрчүлүгүнө кызыгат:

- Барабан ойногондору абдан жакты, өзүн түшүнбөсөм да жагат. Сүрөт көгөзмөсү ачылды деп атпайбы, биздин кесиптештер ошого баралы деп атабыз.

Курстарына барайын деп атам, азырынча моюн орогуч токуганга кызыгуудамын.

Нарында Күн чыгыш өлкөсүнөн келген ыктыярчылар саны арбып баратат, алар жергиликтүү үй-бүлөлөрдө турушат жана бат эле кыргызча үйрөнүп кетишет.

Жакында Нарында Жапон борбору ачылып, анын ийримдерине жергиликтүү жаштар жазылып, жапон тили менен кошо ар кандай өнөрлөрүн үйрөнүүдө.