Жаңы өкмөткө үмүт жана талап

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекитти. Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка 2016-жылдан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жаткан Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуш кылган. Коомчулукта жаңы өкмөттүн курамы, азыркы кыйын кырдаалдан чыгаруу дарамети, даярдыгы жана ага 6-октябрдагы окуялардын активдүү катышуучуларынын кирбей калганы талкууланып жатат. Кыргызстан кандай премьерге жана өкмөткө муктаж? Жаңы өкмөт батыл реформаларга барып, азыркы кризисти жеңилдете алабы?
Студиянын коноктору – мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев, Жогорку Кенештин депутаты Аалы Карашев.