Малчынын иши боюнча сот создукту

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалал-Абаддын тоолуу Калмак-Кырчын кыштагында бирөөнүн үйүндө убактылуу баш калкалаган Жаанбек Чилетиров былтыр аны иштеткендерге чара көрүлбөй жатканына нааразы болууда.
Жаанбек Чилетиров жарым жылдан бери Калмак-Кырчын кыштоосунда эки баласы жана аялы менен бирөөнүн үйүндө баш калкалоодо. Ага дейре райондун Үрүмбаш деген кыштоосунда өзү оозеки келишим түзгөн үй-бүлөнүн коюн бир ай баккан. Ошондо Жаанбек "мал ээси макулдашууну бузуп, кул катары иштетип, кордоодо" деп телефон аркылуу акыйкатчыдан жардам сурайт.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү койчуну бошотуу үчүн жергиликтүү күч уюмдарына кайрылат. Өкүлдүн өтүнүчүнөн кийин райпрокуратура түзгөн ыкчам топ аны январь айында башка жакка кетирбей кармап турган адамдын кыштоосунан үй-бүлөсү менен бошотуп чыккан. Жаанбек Чилетиров азыр өзүн уруп-соккондорго чара көрүлбөй, оозеки макулдашкан акысын эмдигиче бербей жатканына даттанууда.

- Токмоктошту, кийим-көйнөктөрүмдүн баарын айрышты. Үчөө болуп сабашкан, Руслан жанан анын эки карындашы. Машинаны талкалап, андагы буюм-тайымдарыбыз, көрпө-төшөктөрүбүз бүт жоголду. Идиш-аяктардан калган жок. Ошолордун баарын төлөп берсин. Сот чечим чыгарбай, создугуп жатат. Сотко үч күбө тең барып, мени ачкыч менен урганын көргөндөрүн айтып беришти. Аялымды Октябрскидеги доктурга булар эмес, Данияр аке машинасы менен жеткирген.

Жаанбек Чилетиров кышында "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешкен учурда тартылган сүрөт

Калмак-Кырчында ага баш паанек берген үй ээси Данияр Бекболотов жабырлануучунун укугу корголбогонуна тынчсызданууда:

- Булар үй-жайы жок селсаяктар. Үч баласы бар экен, бир баласын туугандарына беришиптир. Эгер ошол 18-январда милиция ыкчам барып, буларды куткарып калбаганда, азыр алты айга толгон бөбөктүн тагдыры эмне болот эле? Ошондо Асел кош бойлуу экен, төрөт үйүнө мен жеткиргем. Булардын ушундай абалын көрүп туруп да сот “жарашып албайсыңарбы” деп атпайбы. "Сен эмне булар менен жүрөсүң", - деп менден сураганда, мен: "сиз чечим чыгарып бериңиз, биз андан ары кайрылалы” дедим. Буларды мамлекет, сот, прокуратура коргоого алышы керек.

Жаанбектин жубайы Асел Абдувалиева Сузактагы сот арызды канааттандырбаганын билдирди. Асел аларга кордук көрсөткөн үйдүн сотко келбеген баласын Жалал-Абаддан көргөнүн айтты:

- Сузактын соту жыйынтык чыгарбай, бизди жети жолу чакырып, жети жолу убара кылды. Бир баламды колума көтөрүп, бир баламды жетелеп алып, Сузактын сотунун алдында жүрдүм. Прокурорлор Кыралиевди сотко алып келе албай жатышат. Күбөлөрдү өзүбүз менен кошо алып барып жаттык. Ошентип биз тарткан чыгым үч жүз миң сомдон ашып кетти. Төлөп берсин. Кош бойлуу кезимде Кыралиевдин эки сиңдиси сүйрөп чыгып, мени сабап, Русландын өзү болсо күйөөмдү ачкыч менен мурдуна уруп, күйөөм ошондон бери мурду менен эмес, оозу менен дем алууда. Руслан телефон менен коркутуп жатат. Ооруганымда ооруканага жеткиришип, миң сом берген, андан башка бир тыйын да көргөн жокпуз.

Бирок айыпталуучунун эжеси Венера Кыралиева мындай дооматтарга макул эмес. Ал ини-сиңдилери койчуну урган деген айыпты четке какты.

Ишти ырбатпай бүтүрүүгө Чилетиров көнбөй жатат. "Жаанбектин төрөтканага бараткан аялына үч миң сом акча берилген, эми эки миң сому калды", - дейт Венера Кыралиева:

- Иним Руслан Кыралиев алты-жети жылдан бери ооруп жүрөт, төрт-беш жолу операция болгон, анын бирөөнү ура турган абалы жок. Биздин үй-бүлө бизге коюлуп жаткан дооматтар жана “Жаанбекти барымтага алды” дегенге макул эмеспиз. Анткени ал Токтогул районунан өз макулдугу менен келген. Баа акысын да өзү чечкен. Кетебиз десе кетирбей койгон себеби, бизге айтпай кыштоого барган кимдир бирөөлөр менен караңгыда жүгүн жүктөнүп келаткан кезинде иним алдынан тосуп, “сени кайсы жерден алып келсек, ошол жерге жеткиребиз. Туугандарыңа эмне деп жооп беребиз" деп, кетирбей койгон.

Райондук прокуратуранын тапшырмасы менен Октябрь айылдык милиция бөлүмү Кылмыш кодексинин 125-234-беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, аны райондук сотко жиберген. Кылмыш ишти териштирген судья Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп, Бишкекке кеткен. Анын телефону өчүрүлгөндүктөн “эмне үчүн кылмыш иши токтоду?” деген суроого жооп алуу мүмкүн болбой жатат.

Прокурордун орун басары Талант Аккозуевдин айтымында, тергөө туура
жүргүзүлгөн, соттук отурум бир нече ирет болгон жана жабырлануучулардын "прокуратура айыпталуучуну сотко камсыз кылбай, ишти кароо токтоду", - дегени негизсиз:

- Сот иши жүрүп жатканда айыпкер Кыралиев ооруп жатат деген билдирүүгө байланыштуу соттук кароо өндүрүштөн убактылуу токтотулган. Кыралиев оңолгондон кийин соттук процесс кайра жандандырылат.

Анткен менен жактоочу Абдималик Аблакимов жабырлануучулардын доо арызын райондук сот канааттандырган жок деп, ишти кайра тергөө маселесин чечүү үчүн облустук сотко кайрылган.

Аталган кылмыш иши облсотко 14-июнда түшкөн. Жобого ылайык, ал 26-июнга белгиленип, бирок сот отуруму ал күнү болбой калган. Анын себебин иш боюнча соттук коллегиянын төрагасы Атамбек Маматов айыпталуучу менен анын жактоочусунун сотко келбегени менен түшүндүрдү:

- Кыралиевдин жактоочусу Оштогу аскер сотуна кетип, келе албай калгандыгына байланыштуу сот ишин жылдырууга туура келди. Айыпталуучу да келген жок. Кылмыш иштин ичинде айыпталуучу ооруп, ооруканада жатат деп, кылмыш ишти кароону токтоткон токтом бар экен.

Ал сот иши 3-июлга жылдырылганын билдирди.