Жалал-Абад: Майып балдар тамга таанууда

  • Ырысбай Абдыраимов
Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен Сузак районундагы Таш-Булак айылында майып балдардын реабилитациялык борбору ачылды.
2010-жылдагы башаламандыкта Таш-Булак айылы да жабыркаган. Ошол жылдын күз айында эл аралык ЮНИСЕФ уюму элет балдары үчүн лагерь да уюштурган. Бул жерде жакында ачылган майып балдардын борборун каржылоону да аталган уюм колдогон.

Тарбиячы Рано Исакова тополоңдон эси чыгып калган балдар үчүн борбордун мааниси чоң экендигин белгилөөдө. Анткени бул жерде жарым күн бою өспүрүмдөргө педагогикалык-психологиялык кызмат көрсөтүлөт. Райондогу майып балдардын бардыгына каалгасы ачык. Борборго азырынча 53 баланын келээри такталды, ал эми райондо миңге чукул бала жөлөк пул алат:

- Бул - сенсордук бөлмө. Бул бөлмөдөгү кургак бассейнде балдардын колу-буттарынын кыймылы, сезимдери жакшы болуп калат. Топ да кыймылга жакшы, массажга жардам берет. Борбор 8-февралда ачылган. Тополоң балдарга да таасирин тийгизген. Кыздар ыйлап жиберген, балдар тамак ичпей, сүйлөбөй да коюшкан. Биринчи лагерде иштегенимде балдарга ЮНИСЕФтин оюнчуктарын берип, жомок айтканыбызда, апалары келип, ыйлап, рахматын айтышкан. “Балдар тамак жеп, сүйлөп калды. Мунун баары бир жыйынтыгы жакшы болот экен”, - дешти. Бир тамгадан үйрөнүшсө да, булар үчүн канча сүйүнүч.

Тарбиячы Адина Тиллаева өткөн сабагын кайталап, бүгүн майып балдарга сүрөт тартууну жана тамгаларды үйрөтүүдө. Кыштын суугунда Таш-Булак айылынан башка кыштактарда жашаган балдардын бул борборго каттоосу кыйын. Жол кире кымбат, ата-энелеринде унаалары жок, жол убаракерчилиги да бир топ.

- Алыс жактагылардын келе албаганы машина менен жол киреге байланыштуу. Ыраак жактагылар жол кире көп кетет деп алып келе алышпайт. Балдардын өздөрү бул жерге келүүгө өтө кызыгып жатышат, бирок транспорттун айынан кыйын болду.

Борборго ата-энелер майып балдарын өздөрү алып келип, кайра алып кетишет. Миясар Мамитованын баласы мурда көнбөй жатты эле, эми күнүгө келүүгө ынтызар. Уулу мугалимдердин суроолоруна туура жооп берип, арип, өң-түстөрдү ажыратып, санаганды үйрөнгөнүн айтып отурат:

- Стресстен улам корко берчү. Көчөгө чыккандан да коркчу. Сүйлөчү эмес, кыйла сүйлөбөй жүрдү. Тамгаларды, сандарды окуп калды.

Борбордун кызматына баласы майып Насиба Мадазимова да ыраазы. Анын баласына өнөр үйрөтүү тилеги бар. "Көзүм өткөндөн кийин өзүн-өзү бакканга жараса болот эле", - дейт ал:

- Бул жерде мугалимдер жакшы карайт. Баламды окутушат, көнүгүү жасатат, физкабинетте ойнотушат. Көчөнү көрсүн, өз теңтуштарынан артта калбасын деп алып келдим.