Жалал-Абад: жылуулуктан өксүгөн шаар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек жылуулук борборундагы кырсык аймактардагы жылуулук маселесин кошо көтөргөндөй болду. Анткени Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн 20% гана жылуулукка туташтырылган. Электр энергиясы же суу өчкөн учурда жылуулук борборунун иши токтоп, кошумча чаралар каралган эмес. Союз убагында курулган шаардагы жылуулук системасын жаңылоо каражатка байланыштуу толук аткарыла элек.