"Сары-Челек коругу корголбой калды..."

  • Ырысбай Абдыраимов
Аксы районунун тургундары мамлекеттик Сары-Челек коругу ойдогудай сакталбай жатканын айтып, токой дарактары кыйылып, жаныбарлар суюлуп баратканына кабатыр болушууда.
Аксылык Бакыт Мамыралы уулу жаратылыш начар корголгонуна нааразы болуп, корукту анын кызматкерлери менен райондун Аркыт кыштагынын тургундары өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатканын айтты:

- Сары-Челек коругу адам кейий турган абалда. Сыртынан караган адамга жакшы көрүнөт. Ичин аралап көрсөң карагайлар кыркылган. Бир да жапайы жаныбар жок. Коруктагы ар бир үйдө отуздан-кырктан малы бар. Жаңгагын, мөмө-чөмөсүн теришет. Бул мамлекеттик биосфералык корук болгондон кийин мал күткөнгө жана мөмө-чөмөсүн тергенге да мүмкүн эмес болчу. Карагайларды кыркып келип, үйлөрүн кош сынч менен жабышат. Корук деген аты эле бар. Сары-Челектин эли балыгын алып сатышат. Доңуз, аюу жана башка жан-жаныбарларды атышкан. Кийик-элик дегенди калтырышкан эмес.

Коруктун токой коргоо бөлүм башчысы Шералы Алишеровдун ырастоосунда, коруктун жапайы айбанаттарына кол салуу буга дейре болгон:

- Корукка эл жакын жашагандан кийин мыйзам бузуулар болот экен. 2011-жылы мылтык менен колго түшүп, доңуз аткандар болду. Мыйзам бузгандар сот органдары аркылуу айып пулдарын төлөштү. Өз алдынча дарак кыйгандарга да айып пул салынып, мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Балык саткандар боюнча коруктун деректири да, мен да жаңы иштерди баштап атабыз. Корукту коргойлу жана Аркыт айылынын тургундарынын малынын санын азайталы, тартипке келтирели деп, токтом кабыл алганбыз.

Аксынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Масалбек Жээнтаев жаратылыштын азыркы абалын билүү үчүн корукту мамлекеттик текшерүүдөн өткөрүүнү сунуш этти:

- Ал жерде жашаган адамдардын малдары токой аралап, жайылып жүрөт. Сары-Челекке ылайыктуу болгон токой айбанаттары жокко эсе, аларды көрбөйсүң. Айбанаттар бар деген шылтоо менен Сары-Челекти кармап турушат. "Кайтарып атабыз, мынча аюуну өстүрүп атабыз" дегендери куру сөз. Эгер акыйкаттык кылам десе, өкмөт келип, токойду аралап, кандай айбанаттар бар экенин көзү менен көрсө, ошондо ишенет эле. Азыр аралап барсаңыз бир дагы айбанатты жолуктура албайсыз.

Коруктун илимий кызматкери Токтоналы Жунусов уруксатсыз мал жайган адамдар табият сактоого зор зыян келтиргенин билдирди:

- Коруктун сакталышы жакшы эле. Бирок Совет учурундагы абал менен салыштырып болбойт. Акыркы жылдары тартип бузулуп, жаныбарлардын саны да азайды. Ага өткөн айда жайылган малды айтса болот. Өсүмдүктөргө да зыян келтирди. Токойду сактай турган атайын егерлер бар. Ошолор иш жүргүзүп атышат, бирок алар жакшы көзөмөлдөп жатат деп айтуу кыйын.