Шайлоо дүбүртүн укпаган айылдар

Иллюстрация

Жалал-Абад облусундагы жолу татаал жана электр энергиясы жок эки айылда шайлоо күнү көчмө урналар иштеп, ток берүүчү генераторлор коюлат. Анткен менен Кызыл-Бейит жана Жаз-Кечүү айылдарына эч бир талапкер бара элек жана эл алардын программалары менен тааныш эмес.

Аксы районуна караштуу 70 түтүн эли бар Кызыл-Бейит айылы Нарын дарыясынан 15 чакырым алыстыктагы тоо арасында жайгашкан. Айылда электр энергиясы, медициналык пункт, мектеп жок, уюлдук байланышы да жакшы тартпайт. Жергиликтүүлөр тышкы дүйнө менен байланышуу үчүн Нарын дарыясын кайык менен сүзүп өтөт.

Ал эми президенттик шайлоодо алар добушту көчмө урна аркылуу берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдын башчысы Гүлчоро Романов билдирди:

- Разан-Сай айылында шайлоо участкасы уюштурулган. Бизге ал жакка барып келүүгө жол алыс. Ошондуктан ушул жерде эле көчмө урна иштейт. Айылда 80дей шайлоочу катталган. Эч бир талапкерди же алардын атайын өкүлдөрүн көргөн жокпуз. Талапкерлердин программасы менен да тааныштыгыбыз жок. Элдин каалаганы эле ким айылга жарык жеткирип берсе, ошону шайлайбыз деп турат. Бирок айылдыктардын баары шайлоого активдүү катышат.

1980-жылдарга чейин Кызыл-Бейит Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.

Базар-Коргон районуна караштуу дагы бир алыскы айыл Жаз-Кечүүдө 160ка чукул шайлоочу катталган. Жолу татаал, тээ союз мезгилинен бери электр энергиясы жок жашап келаткан бул аймакка талапкерлер тургай, алардын өкүлдөрү да бара элек. Айылдыктардын айтымында, айрым көчөлөргө Сооронбай Жээнбековдун гана үгүт жарнактары илинген. Кимиси электр жарыгын чечип берсе ошону шайлайт элек деген айылдыктар четтен чыгат, бирок бири да басып келе элек дейт жергиликтүү тургундардын бири Кубанычбек Пирматов.

- Талапкерлер башка жактарга барып, эл менен жолугушуп жатат. Ал эми биздин айылдыктарды эл катары көрбөсө аларды кантип шайлайбыз? Ошондуктан тургундар арасында ушундай нааразычылык жаралууда. Балким шайлоодо баарына каршы добуш беребиз.

300дөн ашуун түтүн жашаган Жаз-Кечүү айылында буга чейин эки шайлоо участкасы иштеп келген. Былтыркы жылы бирөө жабылып, азыр айылдын мектебинде жайгашкан №2385 шайлоо участогу президенттик шайлоого даярдык көрүүдө. Добуш берүү күнү генератор аркылуу электр жарыгы берилет дейт айыл башчысы Замирбек Масиркулов.

- Жергиликтүү бийлик мектепте жайгашкан шайлоо участкасын генератор жана күйүүчү май менен камсыздап беребиз. Азыр жабдыктар толукталып жатат. Бир күнү аппараттарды текшерүү үчүн шайлоо жүргүзөт экен. Азыр ошого даярдап жатабыз. Эч кандай үзгүлтүк болбойт деп ишенебиз.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы 426 шайлоо участкасынын быйыл экөө жаңыдан уюштурулду. Добушканалардын баарына жумуш телефондору орнотулуп, Кызыл-Бейит жана Жаз-Кечүү сыяктуу тоолуу аймактардагы 83 шайлоо участкаларында чөнтөк телефондору колдонулат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков буларга токтолду:

- Облустун аймагындагы шайлоо участкаларынын баары даярдыктан өттү. Электр энергиясы жок болсо, кошумча генераторлор менен камсыздалды. Кызыл-Бейит, Разан-Сай айылдары үчүн Нарын дарыясынын жээгиндеги Разан-Сай айылында шайлоо участкасы иштейт. Дарыянын аркы жээгиндегилер үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен сүйлөшүп, кайыктарды уюштуруп жатабыз. Ал эми Жаз-Кечүү боюнча күйүүчү май маселеси чечилген.

Облус аймагында быйыл шайлоочулардын тизмеси "форма 2" кагазын толтуруу менен 14 миң 600 адамга көбөйдү. Жалпы шайлоочулардын тизмеси акыркы маалыматтар боюнча 547 миңге жакындады. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.