Ички иштер министрлиги кармалган адамга тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюму менен байланышта болгон деген айып койду. Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн мындай ишке айыпталышы кызуу талкууларды жаратты.
Базар-Коргон районунда экстремисттик мазмундагы басылмаларды жайылтууга шектелген жергиликтүү депутат 29-июнда камакка алынды. Тыюу салынган материалдарды Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табышкан.
Табылган баракчалар “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык болгону аныкталганын ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” ырастады:
- ИИМдин оперативдүү кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты экстремисттик материалдарга тиешеси бар деп кармалды. Ал "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердигине тиешеси бар деп айыпталууда. Анын үйүн тинтүүгө алганда атайын материалдар табылган. Бул багытта Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси ("экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу жана экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Терроризм сөз менен жеңилбейт
"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?
Кылмышка шектүү Максутбек Шарипов экенин анын адвокаты тастыктады. 36 жаштагы Шарипов Базар-Коргон айылдык кеңешине эки жолу депутат болгон.
Жергиликтүү депутаттын экстремисттик уюмга тиешесинен шектенген тартип коргоо органдары май айында үйүн тинтишип, табылган баракчаларды экспертизага жөнөткөн. Экспертиза жыйынтыгы менен Шарипов камакка алынганын анын жактоочусу Минура Сатыбалдиева билдирди:
- 24-майда ал жашаган үйдө тинтүү болгон. Анда табылган материалдар экспертизадан келген соң баш коргоо чарасы каралып, 15 суткага камакка алынды. Ошентип ал 13-июлга чейин райондук ички иштер бөлүмүндө кармалат. Азырынча башка маалымат жок.
Максутбек Шариповдун камакка алынышы Базар-Коргон айылдык кеңешиндеги башка депутаттар үчүн күтүүсүз болду. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Бакытбек Көчөровдун айтымында, депутаттын тыюу салынган уюм менен байланышы болушу мүмкүн деп эч ким ойлогон эмес.
- Биз бул тууралуу кечээ интернеттен окудук. Анын баш коргоо чарасы өзгөрүп, камакка алыныптыр. Өзү болсо бизнес менен алектенет. Бул багытта биз депутаттар менен чогулуп сессияда чечебиз. Алгач уккканда ишенген эмеспиз. Жөн эле оюн болсо керек деп билчүбүз. Ал беш убак намаз окуган жигит.
Тартип коргоо органдарынын маалыматынан соң айылдык кеңеш Шариповдун маселесин жакынкы сессияда караганы жатат.
Кылмышка шектүү депутат сурак маалында өз үйүндө табылган экстремисттик баракчаларды ушул эле айылдык кеңештин депутаты Шакиржан Шариповдон алганын билдирген. Бирок кийин ал көрсөтмөлөрүн өзгөрткөн.
Алгачкы көрсөтмөлөрүнүн негизинде экинчи депутаттын да үйү тинтүүгө алынган. Бул тууралуу Шакиржан Шарипов “Азаттыкка” айтып берди:
- Ал бала үйү тинтүү болгон учурда коркуп кетип, менин атымды айтып жиберген экен. "Ошол акем убактылуу сенде болсун деп алып келген" дептир. Кийин ошол сөзүн өзгөрттү. Ошондон кийин да милиция менин үйүмдө тинтүү жүргүздү. Бирок эч нерсе табылган жок. Мен светтик билим алып, балдарыма атеисттик тарбия берип, мугалим болуп жүргөн адаммын. Ал эми Максутбек боюнча эч нерсе айта албайм.
Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”
Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”
Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын тыюу салынган уюм менен байланышы көптөгөн суроолорду пайда кылып, талкууларды жаратты. Себеби айылдык кеңештин депутаты күнөөлүү деп табылса, анда жергиликтүү бийликтин кадыр-баркына доо кетирерин адистер айтышууда.
Жалал-Абаддагы “Ислам таалими” коомдук уюмунун жетекчиси Дилмурат ажы Орозов бул окуяны терең изилдеп, тиешелүү чара көрүү зарыл деген пикирде:
- Бүгүнкү күндө ишенимдердин жана ынанымдардын күрөшү жүрүп жаткан маалда саясий адамдар да алардын катарында болушу мүмкүн. “Хизб ут-Тахрир” бул жөнөкөй партия эмес. Диндин атын жамынган саясий партия. Мен дыйкан же малчы маалыматы болбогондуктан радикалдуу агымга кирип калыптыр десе түшүнмөкмүн. Ал эми акыл-эстүү депутат жана саясатчылардын ушундай жолдо жүрүшү өтө коркунучтуу нерсе. Алар билип туруп ошол кадамдарга барып жатышы мүмкүн. Мамлекеттик кызматкерлер да акчага, башка бир кызыкчылыкка алданышат.
Өткөн жылы Нарын облусунда да диний экстремизмге байланыштуу мамлекеттик кызматкер кармалган.
2015-жылы болсо Жалал-Абад облустук телеканалынын жооптуу кызматкерлерине “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун тасмасын обого чыгарганы үчүн кылмыш иши ачылган.
Милициянын маалыматы боюнча, Жалал-Абадда 500гө чукул адам “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна мүчө катары каттоодо турат. Алардын басымдуу бөлүгү Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун тургундары. Быйыл жыл башынан бери милиция экстремизмге байланыштуу 30дан ашык кылмыш ишин козгогон.