Бул окуя үчүн дагы үч бир тууган кылмышка шектүү катары кармалышты.
Окуяга тиешеси бар деп саналып жаткан сегиз адамдын бардыгы Үч-Козу айылынын тургундары. Алардын бири, 30 жаштагы Кыял Карыбаев ур-токмокко кабылган иниси Үсөнгө болушам деп, чыр-чатакка аралашып, айылдаштарынын колунан каза тапты. Ал эми анын эгиз бир туугандары Асан менен Үсөн учурда ооруканада жатышат. Биринин абалы оор.
Оюндан от чыкты
Мындай кайгылуу окуяга Алмалуу айылындагы бир жыл мурда көзү өткөн маркумдун ашына карата уюштурулган көк бөрү оюнунда чыккан чатак себеп болгон. Окуяга күбө болгон Рахманберди Абакиров буларды айтты:
- Алардын урушу "көк бөрү оюну учурунда улакты мага бербей алып кеттиң" дегенден чыкты. Ачууга алдырган бир тууган Айтиевдер оюн бүткөн соң "бизди уят кылдың" деп Үсөндү катуу уруп, бычак сайышкан. Аны уккан акеси менен иниси барып, алар менен уруша кетип, натыйжада Кыялбек башынан катуу таяк жеп, ошол жерде каза болуп калды. Алардын колунда бычак, камчы жана темирлер бар болчу.
Токмоктон каза болгон Кыялбектин сөөгү 28-октябрда жерге берилди. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбеков окуя тууралуу мындай маалымат берди:
- Окуяга эки үй-бүлөдөн төрттөн адам катышып, жабырлануучу Карыбаевдин үй-бүлөсүнөн бир адам каза болуп, экөө азыр ооруканада жатат. Ал эми ур-токмокко алышкан Айтиевдин үй-бүлөсүнөн үч адам кармалып, алар ооруканадагы атайын палатада жатышат. Ал эми бирөө качып кетти деген маалыматтар айтылууда. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Мындай окуялардан соң той ээлери жана күч түзүмдөрү анын жүрүшүн көзөмөлгө алышы керек болуп турат.
Көк бөрүдөн чыккан жаңжалда жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан кылмышка шектүү үч бир тууган менен баарлашууга шарт болгон жок. Милиция тергөө кызыкчылыгы үчүн деп уруксат берген жок. Кылмышка шектүүлөрдүн жакындарын да үйүнөн табуу мүмкүн болбоду.
Мушташта мерт болуп калган маркумдун жакындары тажия күнү шектүүлөрдүн үйүн өрттөөгө аракет кылышып, айыл аксакалдардын арачылыгы менен токтошкон. Айылдыктардын мындан кийинки аракети тууралуу айылдын башчысы Дүйшөн Нуруев:
- Кыялдын тажиясы күнү ачууланган жаштар жана жакындары Айтиевдердин үйүн өрттөөгө барабыз деп турушкан. Аксакалдар койгула деп жатып араң алып калдык. Бул маселени касташып эмес, мыйзамдуу жол менен жөндөйлү дедик. Алдыдагы күндөрү да бардык органдын өкүлдөрүн чакырып, аны ортодо талкуулап, чечели деп жатабыз. Айылдыктар Айтиевдердин үй-бүлөсүн башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат. Аны эми жыйында чечебиз.
Көзөмөл зарылчылыгы
Той-аштардагы улак тартыштарга командалык көк бөрү мелдештеринен айырмаланып, улакчылар жапырт-аламан ат салышат. Анын арты көп учурда чыр-чатак менен аяктайт. Бул тууралуу кеп кылган сузактык аксакал Төлөгөн Саипов адам өмүрүн алган мындай чырды биринчи жолуктуруп жатыптыр:
- Бул илгертен келаткан кыргыздын улуттук оюну. Ага тыюу салып койгонго болбойт. Бирок мындай окуялардан соң той ээлери жана күч түзүмдөрү анын жүрүшүн көзөмөлгө алышы керек болуп турат. Бардык оюндарда сөзсүз чыр чыгат. Ошол себептүү буга көзөмөл керек.
Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов "Азаттыкка" билдиргендей, бул багытта райондук деңгээлде жыйын өтүп, анда Көк-Бөрү федерациясына аламан улактын жол-жобосун жана эрежесин иштеп чыгуу боюнча сунуш берилди.
- Азыр райондук бийлик айыл өкмөттөргө кайсы жерде ушул сыяктуу көк бөрү оюну өтсө, алдын ала анын иш-чарасын алгыла деп тапшырма бердик. Жергиликтүү бийлик маалымдар болгон соң ал жерге милиция кызматкерлерин катыштырганга милдеттүү болот. Эгерде той-маараке ээлери андан баш тартса, райондук кеңеш өзүнүн токтому менен аламан улак тартышка чектөө киргизиши мүмкүн.
Жергиликтүү байкоочулар мындай ары кайгылуу, ары жагымсыз окуядан жергиликтүү бийлик, эл жана оюнчулар сабак алышы зарыл деп жатышат.