Паспорту жок кыргыздар

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалал-Абаддын Түрк-Абад аттуу чек ара кыштагына Өзбекстандан көчүп келген кыргыздар жарандык алалбай кыйналууда. Алар жумуштун жоктугунан ар кимдин ишин бүтүрүп, акы табышат.
Бир жыл мурда Өзбекстандан үй-бүлөсү менен көчүп келген Шарип Бегматов Барпы айыл өкмөтүндөгү кайын журту ушул айылдан сатып берген жерге үй курарын жана жумуш менен каражаттын жоктугунан курулушту өз колу менен бүтүрөрүн айтты.

Үчтөн бир дубалы чийки кыш менен урулган үйү кышка дейре бүтпөсө, быйыл да кайындарыныкында жашоону чамалап турат. Ал этникалык кыргыздарга жарандык берүү жагын жеңилдетүүнү өтүндү:

- Документтерди толтуруп койдум. Ал жерде “анысы кем, мунусу кем” деп эле өтө чуркатат экен. Барып-келип жүрө берип эле убакыт өтүп жатат. Аялым чуркап жүрөт. "Кайрылман" күбөлүгүң бар экен дейт. Нотариуска барсак туура эмес болгонун айтты. Барабыз, кайра оңдотобуз. Ушинтип эле убактыбыз короп атат. Эми бизди кыйнабай эле, паспорт алуунун жеңил жолун таап берсе жакшы болмок.

"Кайрылман" күбөлүгүнө ээ болгону менен кыргыз жараны боло элек Саадат Абдулаева да жумушсуздуктун азабын тартууда. Үч балалуу бул келинге тигүүчүлүк кесибине ылайыктуу ишкана Түрк-Абадда жок. Каражаттын тартыштыгынан орто мектепти быйыл бүткөн уулу билимин андан ары уланта албай калды.

Көчмөн кыргыздар таза сууну жарым чакырым аралыктан ташып ичет. Алар өздөрү байырлаган жерге электр зымдарын тартып алышкан. Саадат жарандыгы болбогондуктан Өзбекстандагы туугандарынан кабар алганы баратканда жана ал жактан кайтканда чек арада кыйла түйшүк тартканын билдирди:

- Сузакка паспорт алайын деп эки жолу барсам, "нике күбөлүгүңүз Өзбекстандыкы экен" деп, эки жолу тең кайтарып жиберди. Паспортко тиешелүү кагаздарды толтурганга деле акча керек экен да. Акча жогунан алалбай атабыз. Жумушум жок, балдарымды күйөөм Орусияда иштеп жүрүп багат. Балам ишке жарап калды, колунан бардыгы келет: телевизор, телефон оңдойт, уста. Окууга киргизейин десем акча жок. Корообузда жада калса чычкак улагыбыз да жок.

Өзбекстанда иштеп жүрүп, ошол жактан пенсияга чыккан Чыныгүл Чотонованын уулу жер сатып алып, үч жыл мурда келген Түрк-Абадга үй курган. Кыргыз жарандыгына анын эки баласы муктаж. Ал Кыргызстандын паспорту тийсе эле уулун Орусияга жумушка жиберерин айтты:

- Балама иш жок. Кечээ мен бирөөнүн жүгөрүсүн кайрып берип, 300 сом мээнет акы таап келдим. Балам тиги-булардын чөбүн орот, байлайт. Өзүм Кыргызстанда, Жийде айылында төрөлгөм, кийин өзбекстандык адамга турмушка чыккам. Ата-энем ушул жакта. Өзбекстандагы пенсиябызды бул жакка которуп бере турган болсо, үй-бүлөбүз менен эле ушул жакка көчүп өтөбүз.

Кыргыз жарандыгы бар Камчыбек Абдуллаев эптеп бүткөн тамынын терезе көздөрүн жылтырак кагаз менен тосуп отурат. Ал Өзбекстандан көчүп келгенден бери ар кимдердикинде жашап жүрүп, жер сатып алып, ага чийки кыш менен там куруп алган. Бирок анын жубайы кыргыз паспортун алуу кыйын болгондуктан Өзбекстандын жараны бойдон жүрөт. Балдарына жөлөк пул да алган эмес:

- Түрк-Абадга келгениме эки жыл болду. Көздү жумуп, Орусияга барып иштеп келип, ушул алты сотик жерди сатып алдым. Эптеп үй курдум, же полу жок. Бир бөлмөсүн араң бүтүрдүк. Бирөөнү карап, жардам күткөнүбүз менен батирден батирге көчүп жүрө берет экенбиз да. Эми бир аз жардам беришти, төшөнчү, одеял, чай ичкенге чайнек-пияла дегендей, андан башка жардам болбоду. Бир уул, эки кызым, аялым бар. Өзүм он жыл мурда Чүйгө көчүп баргандыктан паспорт алып алгам, балдарым да жарандык алышкан. Бирок аялыма жарандык берише элек.

Ошентип эптеп там-таш курса, жумушу жок, иш табылса, жарандыгы жок этникалык кыргыздарды ушул кезде кыш камылгасы ойлондурууда. Өзбекстан өз аймагыбыз деп, чек ара бойлой казган терең ор (аң) Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындай эле коншу өлкөгө чектеш Түрк-Абад кыштагын да айланып өтөт.