Жүрөккө операция Өзгөн районунун 49 жаштагы тургуну Бурмаш Ибрахимовага жасалды.
Операцияны 21-мартта Органдарды алмаштыруу жана жүрөк хирургиясы боюнча илимий изилдөө институтунун Жалал-Абаддагы жаңы ачылган филиалынын хирургдары - Мурат Жүндүбаев, Илхом Бебезов, Аскар Ракимбаев, Эмил Көкөев жасашты.
Аймакта алгачкы жолу жүрөккө жасалган операция тууралуу хирург Эмил Көкөев "Азаттык" менен ой бөлүштү.
- Жалал-Абадда жүрөккө операция жасалыптыр. Ушул операция тууралуу кенен айтып берсеңиз? Бул кандай операция болду?
- Операция жасалган оорулуу бизде мурда эле каттоодо турган. Өзгөн районунан келген эле. Жүрөк хирургиясы боюнча түштүк аймагында филиал ачылганда бул оорулуу бизге кайрылган. Бизге келгенде бул аябай оор абалда экен. Натыйжада биз шашылыш түрдө 21-мартта операция жасаганга аргасыз болдук. Анын үстүнө операция жасаганга филиал даяр болуп калган. Бардык аппараттар, жасалма жол менен кан айлантууучу аппаратыбыз да келген. Мындан улам оорулууну кабыл алдык.
Оорулуунун жүрөгүндө эт өсүп кеткен. Бул эт жүрөктүн сол карынчасына өсүп кеткен экен. Анын көлөмү 5-6 сантиметр болгон. Ошентип биздин жаңы жетекчибиз Илхом Бебезов, Мурат Жүндүбаев, Аскар Ракимбаев, ошолордун арасында мен да бармын, төртөөбүз операция жасадык. Операциянын жүрүшүндө жүрөктү токтотуп, жүрөктүн ичиндеги этти кесип салып, анан кайра жүрөктү иштеттик.
- Операция канча убакытка созулду? Жүрөк канча мүнөткө токтоп турду?
- Жүрөктү 18 мүнөткө токтоттук. Ал эми кан айлануунун баары 45 мүнөттө болду.
- Азыр оорулуунун абалы кандай?
- Оорулуу жакшы болуп калды, кудай буйруса. Азыр реанимация бөлүмүндө жатат. Эми бир аптанын ичинде өзүнө келип, ден соолугу калыбына келет. Азыр эми реанимация бөлүмүнөн өзүнүн палатасына которобуз.
- Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө операцияны Иса Ахунбаев жасабады беле. Ошондон бери Жалал-Абадда эми гана жүрөккө операция жасалууда. Буга чейин Кыргызстандын түштүгүндө мындай операция жасалбай жатканына эмне себеп болду?
- Мунун себептери аябай көп. Түштүккө Органдарды алмаштыруу жана жүрөк хирургиясы боюнча илимий изилдөө институтунун филиалы ачылат деп 2005-жылы Жогорку Кеңештин токтому чыккан, уруксат берилген. Ошондон бери филиал ачылбай, мамлекеттен каржыланбай келген. Эми гана Бишкектеги институттун директору Калдарбек Ашировичтин демилгеси менен Түркиядагы демилгечилердин жардамы аркылуу операция жасоо үчүн аппаратуралар жаңы сатылып алынды.
- Эми Жалал-Абадда туруктуу түрдө жүрөккө операция жасала береби?
- Ооба, кудай буйруса!
- Рахмат.