Эркек догдур төрөткө катышса күнөөбү?

Жалал-Абадда жыл башынан бери 600 аял көз жарган. (Иллюстрация)

Жалал-Абаддагы "Ислам таалими" коомдук борбору мусулман аялдардын жана эркектердин атынан акыйкатчынын облустук өкүлүнө кайрылуу жолдоп, төрөт учурунда эркек догдурду киргизбөөнү суранышкан.

Ошол эле учурда колу жеңил деп, аял акушерлерге караганда эркек адистерге артыкчылык берген кош бойлуулар да четтен чыгат. Эксперттер болсо бул маселени көтөрүүнү обужоктук деп эсептешүүдө.

Дилмурат ажы Орозов Жалал-Абад шаарындагы "Ислам таалими" коомдук борборунун башчысы. Ал төрөт учурунда эркек акушерлерди катыштырбоо себебин мындайча түшүндүрдү:

- Эки жыл мурун бизге шаардыктар төрөт учурунда эркектин болгону туура эмес деп кайрылган. Ошол эле төрөгөн аялдар, алардын күйөөлөрү, ата-энелери дегендей. Бир топ атуулдар мага кайрылуу жазып, ушул маселени чечип берүүнү суранышкан эле. Мен ушундан кийин облустагы акыйкатчынын өкүлүнө кат жолдодум. Себеби, шариятта аял киши уяттуу жерин көргөзмөк тургай, эркектин көзүнө тике карабашы керек. Аялдардын бүгүн тандоого укугу бардыгын эске алып, бүтүндөй мусулман коомчулугу саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрүнөн ушул маселени чечип берүүнү суранабыз.

Диний уюмдун жогорудагыдай өтүнүчү каралып жатканын омбудсмендин аймактагы өкүлү Алима Аманова да тастыктады. Ар бир аялдын тандоого укугу бардыгын айткан акыйкатчы өкүлү кийинки жумада бул багытта тийиштүү тараптарга билдирүү жөнөтүлөрүн маалымдады.

Дарыгерлер эмне дейт?

Жалал-Абад облустук төрөтканасында бүгүнкү күндө төрт эркек акушер эмгектенет. Алардын бири 28 жылдык тажрыйбасы бар акушер-гинеколог Кочкорбай Султанов. Кесиби менен сыймыктанган дарыгер жоолукчан келиндердин далайын төрөткөнүн айтууда.

Оштогу төрөт үйү. 2011-жыл.

- Кээ бир жоолук оронгон аялдар толготуп атканда, менин төрөткөнүмө каршы чыгышат. Аялдын ден соолугу жана ымыркайдын эсен-аман төрөлүшү менин моюнумда болгондуктан андай учурда тил кат жаздырууга туура келет. Бирок абалы оорлошуп, төрөй албай кыйналган кезде аргасыз жардам сурашат. Мен ага капа деле болбойм, бирок ак халатчандарды аял-эркек деп бөлүп, алардан шектенүү туура эмес.

Облустук оорукананын дарыгери Аман Нуралиев медицинада бардык бейтап бирдей жана догдур биринчи кезекте адамдын саламаттыгына көз салууга милдеттүү деп эсептейт:

- Мен эркек дарыгер төрөтпөсүн дегенге такыр кошулбайм. Бейтаптын улуту же болбосо жынысы биз үчүн бирдей. Дарыгер болуп ант берген соң жаны кыйналып аткан адамга жардам берүүгө милдеттүүбүз. Айымдарга антип тартынбаш керек, биз үчүн сиздин жана балаңыздын өмүрү кымбат деп айтаар элем.

Көпчүлүк кош бойлуулар колу жеңил деп, аялдарга караганда эркек адистерге көбүрөөк кайрылышат. Шаар тургуну Орозалы Карасартов дин өкүлдөрүнүн бул демилгесине каршы экенин жашырган жок:

Жаңы ыкма менен төрөтүү. Кыргызстан.

- Дин өкүлдөрү эми медицинага аралаша баштадыбы? Турмуш-шартка байланыштуу кээде эркек төрөткөн окуяларды көрүп жүрөбүз. Мисалы, кош бойлуу аял төрөтканага жетпей, жолдон айдоочунун жардамы менен көз жарган учурлары болгон. Көп эркектер азыр киндик ата болуп эле жүрүшөт. Ошондуктан бул кайрылууну туура эмес деп эсептейм.

Соңку учурларда аялды төрөтүүнүн жаңы ыкмалары пайда болду. Адистер көз жаруу маалында аялдын жанында жакын адамынын турганы, төрөттүн жеңил өтүүсүнө жардам берет дешет.

- Мурда аял киши төрөп жатканда эркектин үнүн укса, толгоосу качып кетет дешчү. Азыр доор башка. Бизде төрөт учурунда "Кош адам" ыкмасы киргизилген. Төрөп жаткан аялдын каалоосу менен анын жанында апасы, күйөөсү же өзү каалаган адамы турса болот. Бул ыкма төрөттүн жеңил өтүшүнө жардам берет. Ошондой эле ымыркайды бир саатка чейин эненин көкүрөгүнө жаткырып коебуз. Бул ыкма эне-баланы жакындатары медицинада далилденген, - деди облустук оорукананын дарыгери Аман Нуралиев.

Жалал-Абад облустук төрөтканасында жыл башынан бери 600 аял көз жарган. Алардын басымдуусун эркек акушерлер төрөткөн.