“Азаттык”: Мунара айым, Италияда жүргөнүңүзгө канча болду? Кайсы тарабындасыз?
Мунара Сыдыкова: Италияга 2006-жылы келгем. Ошондон бери Сардиния аралында жашап, иштеп келатам. Негизинен эле Италиянын ар бир бурчунда кыргыздар бар. Алгач Неаполь шаарына келип, анан Милан, Рим жана башка шаарларга тарап кетишет.
“Азаттык”: Сиз жашап аткан аймакта кыргыздар көппү?
Мунара Сыдыкова: Так санын айта албайм, эл деген агын суу да. Бири кетип, бири келип дегендей. Алгач биз келген жылдары кыргызстандыктар абдан эле аз болчу. Жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Сардинияда эле 300-400дүн тегерегинде болсо керек. Он жыл ичинде бир топ көбөйдү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алгач келген жылдары биз документти даярдоодо жана башка маселеде көп укуктарыбызды билбей кыйналсак, азыр кыргыздар көп нерсени үйрөндү. Бул жактагы кыргыздардын 80 пайызынын документтери жайында, өз орду менен. Кыргызстандагыга караганда Италияда өз укугубузду жакшы билсек керек деп ойлойм.
“Азаттык”: Сиз өзүңүз, ал жактагы журтташтар эмне иш кылышат?
Мунара Сыдыкова: Мен ресторанда иштейм. Бул жактагы кыргыздардын көбү жалданып иштегендер. Башкача айтканда, өздөрүнүн жеке иштерин ачкандар жокко эсе. Ресторанда, барда иштешет. Мындан сырткары Сардиния туристтик аймак болгондон кийин орустар көп келет. Бул жактан турак-жай, вилла сатып алгандары бар. Ошондуктан орус тилин билгендерге жумуштар бар.
Каада-салттар унутулбайт
“Азаттык”: Италия тилин үйрөнүп, эркин сүйлөп калсаңыз керек?
Мунара Сыдыкова: Ушул жакта иштеп, оокат өтүп аткандан кийин булардын тилин билүү негизги талаптардан деп ойлойм. Биз кыргыз тили өнүгүш керек же тил сүйлөнбөй жатат деп маселе көтөрүп жатабыз. Италиялыктар өздөрүнүн тилин башынан эле жоготпоптур. Негизги тил - италия тили.
“Азаттык”: Сиз Италияда Кыргызстан-Сардиния ассоциациясынын президенти экенсиз. Сиздердин биримдик кандай иштерди жасайт?
Мунара Сыдыкова: Жалпы Италияда мыйзамдар бир болгон менен ар бир аймактын өзүнүн мыйзамдары бар. Ошого карап ар бир шаарда кыргыздардын ушундай уюмдары, диаспоралары түзүлгөн. Ошол сыяктуу эле биз дагы ассоциация түзүп, расмий каттоодон өткөнбүз. Биз мекендештерибизге колдон келген жардамды беребиз. Мисалы, баш кошкондор болот, баласы төрөлгөндө нике күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганга жардам беребиз, ал тууралуу маалыматтарды айтабыз. Же паспорт мөөнөтү бүтүп калган учурлар болот.
Андан сырткары ар кандай майрамдарда, иш-чаралар болгондо өзүбүздүн үрп-адатыбызды, каада-салтыбызды көрсөтүп, кыргызды улут катары таанытканга аракет кылабыз.
Сардинияда жыл сайын 1-майда этникалык фестивал өтөт. Орус тилинде сүйлөсөк эле бизди кээде Орусиядан деп ойлошот. Фестивалда кыргыздын туусу, гимни менен чыгып, улуттук тамак-ашын жасап, улуттук кийимдерин кийип, кол өнөрчүлүгүн, маданиятын көрсөткөнгө аракет кылабыз.
“Азаттык”: Кыргызстанды таанытууга салым кошуп жаткан турбайсыздарбы. Жергиликтүү калк Кыргызстанды билет бекен?
Мунара Сыдыкова: "Кичине аттын жүгүргөнү билинбейт" дейт го. Аз да болсо көпүрө болгонго аракет кылып жатабыз. Алгач Италияга келген жылдары Кыргызстанды билбесе аябай ыза болуп, ыйлагым келчү. "Европа, Европа" деген менен географияны окушкан эмеспи деп таң калчумун. Биз тарых китептерин ачканда эле Колизей, Рим деп окуйбуз, кантип булар билбейт деп ойлочумун. Азыр бул жакка келген кыргыздар да көбөйдү, ар кандай иш-чараларды өткөрүп атабыз. Италиялыктарга турмушка чыккандар бар. Алар Кыргызстанга барып, таанышып келип атышат. Азыраак болсо да билип, айырмалап калышты деп ойлойм.
Ат айланып казыгын табат
“Азаттык”: Италиялыктарга турмушка чыккан кыздар көппү?
Мунара Сыдыкова: Аябай көп деп айта албайм. Бирок жок эмес, бар. Кыргыз кыздары чет элдиктерге турмушка чыгып атат деп көп сөз айтылып жатпайбы. Улут маселесинде ушул сөздөр айтылып жатат, аны деле туура түшүнөм. Бирок бул кыздарга караганда өзгөчө кыргызды кыргыз кылган жигиттерибизге да байланыштуу деп ойлойм. Негизинен улут атадан кетет да.
“Азаттык”: Кыргызстанга тез-тез келип турасыздарбы?
Мунара Сыдыкова: Азыр жумушума, шартыма карап барып турам. Бул жакта да туугандарым бар. Кыргыздарды билесиң, чоң пландар менен жашайт. Биринин артынан экинчиси келет. Бирок Кыргызстанга сөзсүз кайтып барабыз деген ойдомун. Мындай тилек менин эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргыздардын баарында болсо керек. Киндик каны тамган жерге кантип кайтып баргысы келбесин...
Азыр сыртта жүргөн ар бир адам бул жактын жакшы жагын алып, өзүнүн үй-бүлөсүн өзгөртсө, Кыргызстандын өзгөрүшүнө жардам берет деп ойлойм. Мигранттардын кошумчасы чоң. Бул жакта окуп, иштеп жүргөн жаштардын ой-пикирин угуп абдан ыраазы болосуң. Биздин жаштар кыйын.