Маркумдун сөөгүн жерге коюуга тоскоолдук кылгандарга мыйзам кандай баа берет? Дин философиясындагы сабырдуулукка шек келтирген бул өңдүү окуяларда мамлекеттин, дин алымдарынын ролу кандай болушу керек?
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолор талкууга алынды. Ага Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу, укук коргоочу Турсунбек Акун жана дин таануучу Назира Курбанова катышты.
“Азаттык”: Бактияр мырза, байбиченин сөөгүн жерге берип, кайра эки ирет казып чыккан окуя коомчулуктун үрөйүн учурган жорук болду окшойт. Акыркы сапарга узаган адамдын жер алдынан тынчын алып, сөөгүнө акарат келтирүү аракетине дин кандай карайт?
Бактияр Токтогазы уулу: Бул жерде маселени такташ керек. Имам айткандай, бизде ар бир диндин өкүлдөрү өз-өзүнчө коюлуп келет. Бишкекти ала турган болсок, мусулмандардын мүрзөсү өзүнчө жайгашкан. Ошондой эле негизде окуя болгондур. Бул жерде маселе мындай, башында сөөктү имамга алып келгенде, ал жаназасын окуп берген. Кийин эл нааразы болуп, сөөктү койдурбайбыз деген ишараларын жасаган. Кандай гана өлүк болбосун ага урмат-сый керек, бирок өзүнүн эрежеси сакталыш керек. Бул жерде имам өзүнүн милдетин аткарган. Ал эми каршылык көрсөткөндөр жергиликтүү эл болгон.
“Азаттык”: Турсунбек мырза, сиз Кыргызстан дин эркиндиги боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялагандан кийин диндин баары козу карындай жайнап кеткендигин, дин эркиндигин сыйлаган мамлекет болгондон кийин аларга кичинекей болсо да жер бөлүп берүү керектигин айтып жатасыз. Бирок бийлик өкүлдөрү аныктап берген жерди дагы ыраа көрбөгөндөр чыкты деп жатат. Керек болсо христиандардын көрүстөнүнө коюлганына каршылар чыкты. Имамдар эл өзү каршы чыкты деп жатышат. Кимдер анда алар каршы болуп жаткандар?
Турсунбек Акун: Биринчиден, Шумкар ажы баштагандар, УКМКнын кызматкерлери, айылдагы молдолор, айылдагы айрым жетекчилер биригип алып, кыскасы, буларды куугунтуктоонун чегине жетти.
Алар маркумдун кызына келип, андан дининен кайтуу боюнча ант алышкан. Катуу кысым кылганда ал апасын жерге берүү үчүн дининен кайтканын айткан. Алар болсо “апаң динден кайткан жок” деп жатат, апасы өлүп калды, ал кантип эми жооп берет? Мунун баары камерага тартылган.
Мага жеткен маалыматтар боюнча, балким муфтият билбейттир, ал жерден ташбараңга алуу маселеси пландалган экен. Анда эмне болот эле?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттык": Назира айым, бүгүнкү күндө айрым талдоочулар башка секталарга кирип кеткен кыргыздардын саны он миңге жакындап калганын, анын ичинен баптисттердин саны үч миңден ашып, алар улуттун келечегине залакасын тийгизет деп жатышат. Чын эле ошондой чочулоого негиз барбы? Өз ара сабырсыздыкка түрткөн жагдайлар кайсылар деп эсептейсиз?
Назира Курбанова: Бул көйгөй прозелитизм маселесине, бөлөк динге өтүп кетүүгө байланыштуу. Биз иликтөө жүргүзүп, бир нерсени байкадык. Биз суроо салдык. Эмне үчүн кыргыздар башка динге өтүп кетүүдө? Алар бир нече себептерди көрсөттү. Биринчиден, социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, миссионерлердин иштеп жатышы, каржылык маселелер бар.
Анан биздин эл мурда атеист болгон. Ошондуктан ушул идеологияга келип калышты деген көз караштар айтылды.
Бул жерде коркунучтуу маселе эмнеде болуп жатат? Биз 938 кишини республика боюнча сураганда 77 пайыз жооп бергендер бизге бөлөк динге өтүүгө тыюу керек дешти, калган 19 пайыз гана Контитуцияга таянып, ар бир жаран өзү тандайт деп жатат. Демек, биз азыр Ала-Буканын эле мисалында эмес, көйгөйдү өлкө боюнча чечүүгө аракет кылуубуз керек. Ала-Букада эгер прецедент болгон болсо, мурун эле чечсе болот эле.
Кадыр Маликов айтып жүрөт, мисалы, көрүстөндөр арасында суу жүргүзүп, арык чаап койсо же жол салып койсо маселе чечилет деп жатат. Ошентип маселени чечпестен, чырды мамлекеттик деңгээлге көтөрүп жатышат.