Журналисттер байкабаган бир саамалык

Ишен Жакыпбеков.

Ушул тапта уюмдаша койгондун көбү “Жыл мыктылары” номинациясын удургуп белгилешүүдө. Белгилешсин. Алар кандай критерийдин негизинде “мыктыларды” аныкташарын билбейбиз. Биз тек гана быйылкы жылдагы улуттук сыймык жарата турган бир-эки жагдайга басым коюуну эп көрүп турабыз.

Алар ансыз да саналуу, ансыз да бааланбай келет. Ал ийгиликтердин бири – мындан бир аз, саналуу күндөр мурда эле болду.

Андай ийгиликти жаратуу кыргыз тарыхында дегеле биринчи окуя, бирок жулунган журналисттер да, коомчулук да ага маани берген жок. Демейде болор болбоско тебетейди көккө ыргытып кубанган улутчул сезимибиз мындайга келгенде ойгонбойт шекилдүү.

Ал эми улуттук маанайдагы кубанычыбызды жаратар жаңылыктарды элге жайылтууга келгенде журналисттер журту да коомдун алдыңкы өкүлү экенин сезбей келишет.

Алар кай жерди кырсык тооруп өрт чыкса, ошол жерге куткаруучулардан мурда буту үзүлгөнчө чуркап жетип барат, кай жерде бирөөнүн канына забын болгон окуяны укса, ошол канды булоон таркай электе жарыялай салат. Муну калемгер журту журналисттик ыкчамдык, журналисттик милдет деп түшүнөт да, миңди кубандырган жаңылыктарга анчейин назар салбайт.

Ишен Жакыпбековдун бильярд столу.

Маселен, мындан бираз күн мурда Орусияда бильярд боюнча дүйнөлүк мелдеш өттү. Ага дүйнөнүн элүүгө жакын мамлекети катышты. Орусиянын “Наш спорт” каналы бул дүйнөлүк чемпионатта бильярд үстөлдөрү Кыргызстандан даярдалганын жарыя салды.

Себеби, дүйнөлүк бильярд мелдешин уюштурууда эң сапаттуу үстөлдөрдү даярдоо кыргызстандык Ишен Жакыпбековдун гана колунан чыкканы – дүйнөлүк спорт билермандарынын урмат-сыйына ээ болду. Бирок өзүбүздө бул тууралуу билгендер аз болду.

Кыргызстандан башка бир өнүккөн өлкөнүн атуулу дүйнөлүк мелдешке спорттун кайсы бир түрүнө тиешелүү инвентарды жогорку чеберчилик менен келиштире жасаганы үчүн ошол инвентарь дүйнөлүк стандарт деп кабыл алынса, же эч ким ойлоп таппаган жөндөмү менен спорттук шаймандын артыкчылыгын дагы жакшыртып же өзгөчөлөнткөн элемент киргизип койсо кандай болмок?

Жооп жөнөкөй эле Батышта дүйнөлүк спорт билермандарынын купулуна толгон буюм, ийгилик дароо улуттук брендге айланып кетмек.

Арийне, Дүйнөлүк футбол мелдешинде кайыш топту же бут кийимди кайсы өлкө сапаттуу деңгээлде өндүрсө, ошол өлкөнүн сыймыгын арттырган рекламалар Жер шарын дароо каптап, ошол өлкөдө экспорттук товардын көлөмү үч-төрт эселеп өсөрү белгилүү.

Ал эми биздин каарманыбыз Ишен Жакыпбековдун бильярд боюнча Орусияда өткөн Дүйнөлүк мелдеште Кыргызстанда жасалган спорттук инвентары эмнеси менен дүйнөлүк бильярд билермандарынын оозун ачырып, эмне болуп тандалып алынды десек, көрсө, ал киши бильярд үстөлүнө мурда болуп көрбөгөн эң чоң артыкчылык, эң чоң жаңылык киргизиптир!

Ал жаңылыгы – үстөлдүн бортун алюминий менен каптатканында. Аныгында ал жыгачтан жасалат эмеспи. Жыгач борт дегениң сыйрылат, сапатын жоготот. Оюнчу бортко боортоктоп салмагын салып ойногон сайын беш-алты жылдан кийин жарактан чыгып, оңдоого туура келет.

Ал эми алюминий менен капталган борт жүз жылдан кийин да сапаты кемибей турганына – аны жаратуучу кыргызстандык мекендешибиз кепилдик берип отурганы үчүн учурда Орусия, Испания, Чехия жана Түркмөнстандан заказдар түшүп атса, мурдунан алысты көрбөгөн кыргыз бийлигиндегилер мындан кабары жок отурушат.

Болбосо өлкөнүн экономикалык саясатын жүргүзүүгө кудуреттери жетсе, дал ушул мүмкүнчүлүктү Кыргызстандын экономикалык брендин өстүрүүгө пайдаланышат эле го, жолуң болгурлар. Кыргызстандын экспортко чыгара турган товарларынын бири дал ушул алюминий менен капталган бильярд үстөлдөрү болмок. Себеби, бүгүнкү күндө бильярд өнөрү да футболдон кийинки эң популярдуу делген спорттук оюндардын бир түрү эмеспи.

Эгер мындай ойлоп табуучулук жөндөмдү жапондор киргизген болсо, таңдайыбызды шыкылдатат элек, ал эми кыргыз урпагынын акылына келген ийгилик ачкычы дүйнөнү таңгалдырганы менен, өзүбүздү таңгалдырбайт экен го, чиркин.

Болбосо муну дароо өндүрүш ишине айландырып жиберүүгө эмнеге болбосун? Дүйнөлүк бильярд мелдешин уюштурууда талапка жооп берген үстөлдөр капысынан Кыргызстандан табылып, Кыргызстандан тандалып алынганы туурасында Орусиянын теле каналдары атайын репортаж да чыгарышты. Ал эми КТРК же башка каналдардан бул боюнча коомчулук эмне угуп, эмне көрдү?

Саналуу гана журналисттер Ишен Жакыпбековдун өзү менен азыноолак маек кургандай болду.

Аныгында мына ошол үстөлдөр өз ишинин чебери, Эл аралык “Пирамида” Конфедеренциясынын вице-президенти, техника илимдеринин кандитаты Ишен Жакыпбековдун колунан жаралганы жамы журт үчүн сыймык эмей эмне?

Демек, анын мындай ийгилиги өлкөбүздүн дагы бир өндүрүш тармагы үчүн приоритеттүү долбоор катары ишке ашырылышына өлкө башчы, өкмөт башчыбыз көңүл бурганга жарачудай эмес.

Оболу, бул багытта Кыргызстандын экономикалык саясатында чоң киреше алып келер мындай приоритеттүү долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып кеткен болсо, сөзсүз түрдө бизден чыккан бильярд үстөлдөрү экспорттук товар катары сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк болуп турат, бай болгур, кыргыз! Себеби, Кыргызстандын брендине айланар товарга замандаштарыбыздын бири жол ачты, жолуң болгур, кыргыз.

Олжобай Шакир

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.