Оппозиция бириге алабы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президенттик шайлоону утурлай Кыргызстанда саясий күчтөр ирилешип, оппозициялык саясатчылар, топтор бириге баштады. Алардын катарында саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков бар. Бул арада президент эски саясатчылардын мезгили бүттү деп, парламентте системалуу, келечектүү оппозиция пайда болгонун кыйытты.