Бир кезде демократиянын аралы аталган Кыргызстанда кийинки мезгилде террористтик-экстремисттик уюмдарга жан тарткандардын саны арбып баратканы байкалып, анын жолуна бөгөт коюу милдети алдыга коюлган.
Натыйжада кармалган адамдардын саны бир топ. Өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет террористтик-экстремисттик уюмга мүчө 500гө чукул адамды аныктаган. Алардан алынган ок-дарылар, диний экстремисттик китептер, электрондук үгүт материалдары, атүгүл жардыруучу заттардын саны жүздөп саналат.
Кыргызстанды чулгап турган бүгүнкү көрүнүштүн тамыры - эгемендик алгандан кийин дин мамлекеттен тышкары деген өткөн кылымдагы саясатты карманып, сырттан өлкөгө агып кирген түрдүү диний агымдарга эшикти ээн коюуда жатат.
Диний багытта мамлекеттик саясаттын жоктугунун кесепети кандай күчтүү экендигин жети атасы укпаган Сириядагы согушка 500дөн ашык кишинин, анын ичинде бүтүндөй тууган-уругу менен аттангандардын жоругу айгинелеп турат.
Бийлик бул жааттагы абал кооптуу экендигин 1999-жылы куралчан адамдар Баткенге кирип келгенде бир сезип, 2003-2004-жылдары Улуттук коопсуздук концепциясын даярдаган менен аягына чыгара албай изи сууган.
Бийликтин дин жаатындагы ыргылжың саясатынан пайдаланган түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү парламентке чейин аралап кирип, мектептен мечит көбөйүп, бир үй-бүлө мүчөлөрү түрдүү динди тутуп, бири-бири менен сүйлөшпөгөн учурлар катталганда гана 2014-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы иштелип чыгып, Кыргызстан салттуу исламды же ханафи-масхабын тутаары айтылды.
Анткен менен экстремисттик идеологиянын жайылышына бийликтин шалаакылыгы, гүлдөгөн коррупция, моралдык жоопкерчиликтин төмөндүгү, рухий жакырчылык, диний сабатсыздык, күч органдарынын талапка ылайык даярдыгынын жоктугу жакшы өбөлгө түзүп бергенине тарых күбө.
Берүүнү толугу менен видеодон көрө аласыз
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.