Мамлекеттин келечеги үчүн ким жооптуу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамы алынгандан кийинки кырдаал коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Саясий чөйрөдө абал опурталдуу деп бааланып, бийлик жана анын каршылаштары кыска кызыкчылыктардын деңгээлинен көтөрүлүп, мамлекеттүүлүктү, биримдикти, туруктуулукту сактап калуунун камын көрүшү керектиги айтылууда. Жогорку Кеңештин экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча чечими мурдагы жана азыркы президенттердин өзүн барымтага алып койгон жокпу? Кризистик кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү ушул суроолорго жооп издейт.