Кандуу жүктүн иши кайра козголду

Архивдик сүрөт.

Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылып, тергеле баштады.

Башкы прокуратуранын чечимине ылайык, тергөө иштерин Ички иштер министрлиги (ИИМ) жүргүзүп жатат. Милиция азырынча кайсы бир шектүү адамдарды суракка чакыра элек. Кырсыкка күбө болгон адамдардан маалыматтарды чогултуу баскычында экени кабарланууда.

ИИМдин акыркы маалыматына караганда үч жыл мурда 39 кишинин өмүрүн жалмаган учак кырсыгы боюнча бардык экспертизалардын жыйынтыктары кайрадан электен өткөрүлүп, башынан изилдене баштады.

Ал эми Башкы прокуратура 2019-жылдын 14-январында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык-процессуалдык кодексинин 240-беренесинин («Токтотулуп турган сотко чейинки өндүрүштү кайра улантуу») талаптарына ылайык, бул ишти жандандырып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганы тууралуу маалымат тараткан. Азырынча эки күч органы тең бул иш боюнча жазуу түрүндөгү ушундай кыскача маалыматтар менен гана чектелүүдө.

Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жыйынында учактагы жүк кимге таандык болгону тууралуу «тергөөнүн купуялыгы үчүн» деп маалымат берген эмес.

Милиция Дача СУ иши боюнча эч ким суракка чакырыла элек экенин билдирип жатканы менен, айрым журналисттерге, юристтерге кайрылып, чакырып, күбө катары маалыматтарды чогултуп жатканы белгилүү болду. Алардын бири - кырсыктаган учак жүгү боюнча журналисттик иликтөөлөргө катышкан журналист Элнура Алканова. Бирок журналист колуна расмий чакыруу кагазын алганда гана барарын билдирген. Алканова учак кырсыгын териштирүү өтө татаал деп эсептейт жана иликтөө аягына чыгарынан күмөнү бар.

«Бүгүн "Тергөө аягына чыгабы?" деген суроого божомолдоп жооп бере албайбыз, - деди ал. - Алар ишти аягына чыгарууга дарамети жетет деп да айтуу кыйын. Бул белгисиз чоң суроо. Жүк аткезчилик менен ташылып баратканбы, ал жүккө жогорку кызмат адамдарынын байланышы барбы? Муну калыс, саясаты жок иликтешеби деген суроого так жооп берүү кыйын».

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристи Канатбек Азиз милиция бул иш боюнча телефон аркылуу кайрылып маалымат сураганын билдирди. Учак кулаган учурда бийликте турган Алмазбек Атамбаев менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси чыңалып турган учур болчу. Ошол кезде «Ата Мекен» партиясынын юристтери жүктү Атамбаев менен байланыштырып чыгышкан. Бирок Атамбаев муну «курулай доомат» деп, Башкы прокуратуранын арызы менен юристтерди миллиондогон доого жыккан.

Убагында парламентте учак кырсыгы кызуу талкууланып, он депутаттан турган атайын комиссия да түзүлгөн. Бирок комиссиянын чечимин талкуулоо жалпы жыйынга сунушталган эмес. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Бакиров атайын түзүлгөн топтун жыйынтыгы жөнүндө буларды айтып берди:

Мирлан Бакиров.

«Өкмөттүк комиссия, депутаттык комиссия да иштеген. Ал учурда олуттуу фактылар аныкталган эмес. "Май куюш үчүн конуп, андан ары учуп кетмек" деген гана маалымат болгон. Ушунун тегерегинде гана сөздөр айтылган».

Өкмөттүк комиссия демекчи, азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп турганда Дача СУ аймагындагы кулаган учакка байланыштуу өкмөттүк комиссияны жетектеген. Бир жылдан кийин президенттин өкүлү катары кырсыктын курмандыктарын эскерүүгө катышкан Мухаммедкалый Абылгазиев кандуу окуяга «учкучтар күнөөлүү» деп айткан жана тергөө аягына чыга элек экенин эске салган.

Алмазбек Атамбаевдин саясий каршылаштары жүк аткезчилик менен ташылып келаткан деп эсептешип, анын териштирилбей калышын ошол кездеги бийликтин кызыкчылыгына байлап жүрүшөт.

Саясий талдоочу Айнура Арзыматова мурдагы президент менен азыркы мамлекет башчынын мамилеси курчуп турган учурда учак кырсыгынын иликтөөсүнө кандай болбосун саясий боек сүртүлөт деп эсептейт. Андыктан учурда тергөөнүн бейтараптуулугунан күмөн санагандар көп болот.

Айнура Арзыматова.

«Дача СУ азыр иликтенсе акыйкат болбойт. Болбосо таптакыр эле өз алдынча күчтөр иликтеп бериши керек. Ал эми азыркы Башкы прокуратура менен милициянын иликтөөсү белгилүү эле болуп жатат», - деди ал.

Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча маселе парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп, эл арасындагы бүдөмүк, каңшаар кептерге чекит коюлушу керек экени айтылып келет.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача СУ айылынын 35 тургуну, учактагы төрт учкуч мерт болгон. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2017-жылы учак кырсыгынан кийин Транспорт прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү боюнча иш козгоп, кийин ал токтотулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.