Павел: Саякаттоо үчүн көп акча зарыл эмес

Павел Мунтян

Интернетте "Глобус в кармане" деп таанылган орусиялык саякатчы Павел Мунтян чөнтөгүндө дээрлик акчасы жок болсо да, дүйнө кезип саякаттап жүрөт. Үнөмчүл саякатчы жана блогер өз сырларын "Азаттык" менен бөлүштү.

Парижге баруу үчүн 400 сом, Тажикстанды айланып чыгууга жана президент Рахмондун дачасын айланууга 150 сом жетет дегенге сиз ишенесизби? Испаниядагы курорттук шаардын чок ортосунан 300 сомго 3 батирлүү үйдү ижарага алуу мүмкүн деп ойлосузбу? Павел Мунтян бул тууралуу бизге айтып берди.

Павел: Мен жерлерди кыдырып, ар бир өлкөнүн салттары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндап айтып берип турам. Билеттерди кайсы жерден алган оң экенин, чөнтөккө оор келбеши үчүн каерге барса болорун, кантип туура саякатташ керектигин жазып турам. Мындайча айтканда, ультрабюджеттик саякатчымын.

«Азаттык»: Канча өлкөнү көрүп келдиңиз?

Павел: Азырынча башка саякатчылардай көп эмес. Бирок биз эми гана баштап жатабыз да. Бүгүнкү күндө 29 мамлекет, 222 шаарда болдум. Быйыл дагы тогуз өлкөгө барам. Алар: Израил, Иордания, Марокко, Испания, Италия, Хорватия, Венгрия жана Словения. Бул быйылкы бара турган жерлер. Январга Вьетнамга да билет алып койгом.

«Азаттык»: Сиз бюджетиңизди кантип түзөсүз? Саякаттаганга канча каражат коротосуз?

Павел: Мен өзүмө чек коюп алгам. Кайсыл өлкөгө барбайын, авиабилеттен тышкары айына сом менен эсептегенде 35 миң сомдон көп коротпойм. Мен бул акчанын баарын коротпой да коюшум мүмкүн.

«Азаттык»: Мындай суммага кээде саякаттамак тургай бир жерде жашаган да оор болот го...

Борбор Азияда бир ай жүрүп болгону 10 миң сом короттум. Бул акчага эл көрүп, жер кыдырып, бардык кызыктуу жерлерге барып келсе болот экен.

Павел: Жаңылышасыз. Менин тажрыйбам көрсөткөндөй, күнүнө 150 сом коротуп, эң кызыктуу жерлерди көрүп келсе болот. Мисалы, акыркы жолу Тажикстанга бардым. Бир күндө 150 сом короттум. Бул акчага мен Хоженттен 300 километр алыстыктагы Искендер көлүнө барып, президент Эмомали Рахмондун дачасын көрүп, көлдө кайыкка түшүп, шаркыратмага барып, кечинде аш жедим. Француз коньягы дагы бар болчу.

Адамдарга акча коротпой саякаттап жүргөнүңдү айтып бергенде алар өздөрү эле “окуяларыңды айтып берчи” деп үйлөрүнө чакыра беришет. Курсак тойгузуп, жаткырып алышат. Чөнтөгүмдө 150 сом калса да ачка калам деп эч коркпойм.

«Азаттык»: Ошондо капчык жука болсо деле саякаттап жүрө берсе болот экен да...

Павел кыргыз айымдары менен.

Павел: Болот. Бирок интернет кызматтары өнүккөн өлкөлөрдө жеңил. Европада аябай жеңил. Негизгиси, ал жакка жетип алыш керек. Азыр Pegasus Asia деген деген аябай арзан авиакомпания бар. Бул компанияга Европага учууга тыюу салынган, бирок анын Стамбулдагы Pegasus Airlines деген негизги ишканасына уруксат берилген. Европанын каалаган шаарына арзан жетип алсаң болот. Же Стамбулдан Ukrainian Airlines, Wizz Air деп аталган авиакомпаниялар менен учсаң, кыргыз акчасына которгондо 400 сомдук билеттерди таба аласың. Мисалы, Болгария же Грекиядан Рим же Парижге чындап эле 400 сомго жетип алууга мүмкүн.

Негизи, Европанын ичинде жүргөн жеңил. Башкысы интернет кызматтарын туура пайдалана билүү керек. Мисалы, BlaBlaCar деген сервис бар. Айдоочулар сапарлаш адамдарды таба алат. Кыргызстанда бул колдонмо анча өнүккөн эмес, бирок Бишкектен Москвага барса болот экен.

Жакында карап көрсөм, бирөө 3500 сомго ала кетем дейт. Бул такси эмес. Система аралыкты ченеп туруп суммасын чыгарып коёт. Айдоочу ошол сумманын чегинде же бир аз көбүрөөк, же бир аз арзаныраак бааны айтат. Кандай болсо да кадимки таксиден бир топ арзан түшөт.

Адамдарга акча коротпой саякаттап жүргөнүңдү айтып бергенде алар өздөрү эле “окуяларыңды айтып берчи” деп үйлөрүнө чакыра беришет.

Мен бул сервисти көбүнчө Прибалтикада колдоном. Ал жакта lowcost, башкача айтканда, арзан компаниялар бүт Европага жана башка аймактарга учат. Мисалы, ноябрда мен Литвадан Израилге барам. Сапар алыс, төрт сааттык жол. Барып, кайра келгеним мага болгону 5 миң сомго турду. Бул өтө эле арзан.

«Азаттык»: Интернетти колдоно билсең, Кыргызстанга караганда Европада саякаттаганың арзан түшүп калабы ошондо?

Павел: Ооба. Европада учак менен саякаттоо арзан. Негизи, башка өлкөгө учак менен барган баарынан арзан түшөт. Салыштырып көрсөм, Кыргызстанда маршруттук такси менен жүргөндөн да арзан болуп калат экен. Бишкектен Караколго жол кире 400 сом турат. Бул акчага учак менен башка өлкөгө бара аласың.

Дагы Airbnb деген колдонмо бар. Анда ортомчуларсыз ижарага батир алсаң болот. Испаниянын түштүгүндө Малага деген курорттук шаарга барып калдым. Чок ортосунда үч киши болуп үч бөлмөлүү батир алдык. Үй чоң, эмеректери жаңы. Күнүнө болгону киши башына 300 сомдон төлөп жаттык. Бактылуу болгонубузду айтпа. Ар бирибиз өзүнчө бөлмөдө жаттык. Баары бар болчу.

«Азаттык»: Бирок чынына келгенде мындай учурлар миңден бир болот да...

Павел: Андай деле эмес. Мына мен азыр Будапештте беш күнгө батир алып жатам. Күнүнө 1100 сомдон төлөйбүз. Төрт кишибиз. Бирок мунусунда үч эмес, бир эле бөлмөлүү. Бирок башкалар менен барганда арзан түшүп жатат да.

«Азаттык»: Кандай деп ойлойсуз, Кыргызстанда арзан саякаттоо мүмкүнбү?

Павел: Мүмкүн. Бирок өзүнө жараша кыйынчылыктары бар. Бара турган жерлериңди алдын ала пландай албайсың. Себеби, автокаттамдардын анык жадыбалы жок. Европалыктар жана орусиялыктар саякатка даярданып жатканда авиа, темир жол жана автобус каттамдарын алдын ала карап, маалымат алууга көнгөн. Кыргызстанда Бишкек менен Ошко аба каттамынан башка маалыматты эч жерден таппайсыз. Себеби, менин байкашымча, башка аэропорттор эл аралык деңгээлде сертификаттан өтүшкөн эмес. Тагыраак айтканда, интернеттен Бишкек-Баткен багытына билет сатып алуу мүмкүн эмес. Автобус каттамдарында да ушул эле көйгөй. Бишкектен Чолпон-Атага качан, каерден кандай автобус кетерин биле албайсыз. Болжолдоп гана жүргөнгө туура келет. Бул аябай ыңгайсыз. Ага карабай, аз эле акча менен Кыргызстанда саякаттоо мүмкүн. Хостелди так тандап, автостоп колдонуу керек. Автостоп дегени - жолдон машине кармоо. Кыргызстанда бул жагы жакшы.

Мен автостоп менен Дүйшөмбүгө баргам. Биринчи же экинчи машине токтойт. Эч качан беш мүнөттөн ашуун күткөн эмесмин. Көбү түшүнбөйт. Бирок сен турист экениңди, акчаң жок экенин, бирок Кыргызстан деген кооз өлкөнү бүт көрүп чыгууну кааларыңды айтсаң, алар унаасына отургузуп, өлкөсү жөнүндө көп маалыматтарды айтып беришет.

Мен Бишкектен Баткенге, Тажикстандын чек арасына чейин барып келдим. Алгачкы машинени жеңил эле кармадым. Алар мени Кара-Балтага чейин жеткиришти. Ал жерде таанышымдын үйүндө калдым. Эртеси эрте трассага чыгып, машинеге кол булгалап турдум. Үч улгайган аял бар унаа токтоп, мени Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна чейин жеткиришти. Алар Ысык-Көлдөн кетип жатышыптыр. Ал жерден нары Арстанбапка бардым. Рулдагы эне аябай акырын айдады. Кара-Балтадан Базар-Коргонго 14 саатта бардык. Ал чарчагандыктан, жолдо токтоп уктады. Биз жарым түндө жеттик. Чатырымды тиккенге жер таппадым. Мейманкана таппадым. Интернетте Maps.me колдонмосунда ал жердеги конок үйлөрү жөнүндө маалымат жок экен. Мен алгачкы туш келген үйдүн дарбазасын чертип эле, жатканга жай сурадым. Каршы болушкан жок. Албетте, ал жерде бай-манаптардыкындай шарт жок, бирок тамаркада сөрү бар экен. Ошол жерде уктадым. Баса, мага чай берип, аш да сунушташты.

«Азаттык»: Саякаттаганга алгач акча топтоп алдыңыз да э?

Павел: Мен Москвадагы батиримди ижарага берип койгом. Ошол акчага жер кыдырып жүрөм.

«Азаттык»: Жетип жатабы?

Павел: Артып калат. Борбор Азияда бир ай жүрүп болгону 10 миң сом короттум. Бул акчага эл көрүп, жер кыдырып, бардык кызыктуу жерлерге барып келсе болот экен.