Термечикова: 16-17 жаш - өспүрүм курактан чыга элек учур. Адам төрөлгөндөн баштап, ар кандай мезгилди баштан кечирет. Ар бир курактын өзүнүн кризистик доору бар. Анын эң олуттуусу 15-17 жаштагы кризистик мезгил. Ал учурда турмушка чыгуу - опурталдуу. Өткөөл мезгилдеги кризистик доор бүтө электе кызды күйөөгө узатып, аны дагы бир оор сыноого кабылтып коюшат.
Турмуш куруу "бактылуу учур" деп сыпатталганы менен адам психологиясы үчүн түйшүктүү мезгил болуп саналат. Жашы жетпей күйөөгө тийген кыз өзүнүн жоопкерчилигин толук түшүнө албайт. Үй-бүлөлүү болуунун оош-кыйышын талдаганга даремети жетпейт. Себеби, анын психологиясында туруктуу жүрүм-турум калыптана элек болот.
“Азаттык”: Анын жыйынтыгы кандай кесепеттерге алып келет?
Термечикова: Көбүнчө кесепети оор болот. Өткөөл курактагыларда болуп жаткан кырдаалга каршылык көрсөтүү реакциясы басымдуулук кылат. Бир нерсе жакпаса же капачылыкка батса дароо өз жанын кыйышы мүмкүн. Же ден-соолукка зыян келтирген башка кадамдарды жасайт. Демек, ата-энелер кыздарын өлүмгө түрткөнгө тете болуп калат.
Турмуш куруу жашына жете элек болгондуктан, тиричиликтин өйдө-ылдыйын түшүнө албай депрессияга батат. Түшүнөйүн десе, тажрыйбасы аз. Депрессияда жүргөн аял төрөгөн баланын саламаттыгы да начар болот.
“Азаттык”: Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылындагы 16 жана 17 жаштагы эки кызын күйөөгө берген үй-бүлө “мыйзамга каршы иш кылган жокпуз” деп жатышат. Үй-бүлө кодексинде турмуш курууга 18 жаштан кийин гана уруксат экени жазылган. Мыйзамдардын элге жетпей жатышын эмнеден көрөсүз?
Термечикова: Түшүндүрүү, агартуу иштери жакшы эмес. ЮНИСЕФ уюму 2013-2014-жылдары изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында турмуш курган аялдардын 13 пайызын бойго жете электер түзөрү аныкталган. Андан бери да бул цифра өзгөрө элек.
Билим берүү министрлиги бул жаатта алдын алуу, түшүндүрүү иштерин мектептерде окуучулар менен кошо алардын ата-энелерине да жеткириши керек. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери да эл аралап, кыздарды эрте күйөөгө берүүнүн кесепеттерин айтышы зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги бойго жете электе турмуш курган кыздардын ден-соолугуна байланыштуу маселелерди козгоп, маалымат өнөктүгун улам жүргүзүп турса, көйгөй азайышы мүмкүн.
Кыздарды эрте турмушка берүү динчил үй-бүлөлөрдө көп катталып жаткандыктан, элге сөзү өтүмдүү диний лидерлерди да агартуу иштерине тартса, адамдарга жеткиликтүү болот.