"Адепсиз саясатчыларды эл өзү колдоп жатпайбы"

Саясатчылардын адеп-ахлаксыздыгы, коомдун жиктелиши жана мамлекетте коопсуздуктун жоктугу тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова "Азаттыкка" маек берди.
“Азаттык”: Жакында өткөн тегерек столдо сиз мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла албайт, сот системасы такыр жарактан чыкты жана өз мамлекетибизди сактай албай калдык деген ойду айтып кеттиңиз. Сиздин оюңузча, Кыргызстанда цивилизациялуу, укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмеспи? Мындай көңүл чөгөтөрлүк тыянак чыгарууга эмнелер түрткү болду?

Жакупова: Ал тегерек столдо мен азыркы кырдаалга баа берген элем. Азыркы кырдаалга карасак, менимче, биз мамлекеттүүлүгүбүздү кыйратууга бүт күчүбүздү үрөп жатабыз. Ошол тегерек столго бүгүнкү жана мурда иштеп кеткен саясатчылар катышып, өкмөткө толтура сындар айтылды. Ошону менен бирге жарма-патриоттук сөздөр да кулактын кужурун алды. “Биз, кыргыздар – Манастын урпактарыбыз!” деп төш кагып жатышты. “Төшүңөрдү каккылап, кыйынсынгандан мурда оболу коопсуздукту камсыздап бергилечи!” деп, ошондо алардын намысына тийдим. Азыр эстесем, университетте окуп жүргөн кезде көчөгө сейилдеп баскандан коркчу эмеспиз, ата-энебиз болсо эч чочулабастан мектепке жалгыз өзүбүздү жөнөтүп коюшчу, ким бирөө зордуктап, уурдап же сабап кетет деген ой келчү да эмес.

Эми азыр эмнени көрүп турабыз? Кичинекей балдардын органдарын сатуу үчүн уурдап жатышат, бачабаздардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө, бой тартып калган кыздарыбызды сейилдеп келүүгө көчөгө чыгара албай калдык – чаламандын чак түшүндө сүйлөшкөн жигитинин көзүнчө эле зордуктап кетип жатышпайбы! Жөнжай жарандар өз шаарында ээн баскандан коркуп турса, ата-энелер балдарын кароосуз мектепке жөнөтө албай отурушса, бул биздин эркектер үчүн уят иш, анткени, кадыресе коопсуздукту камсыз кыла алышпайт.
Карагылачы, соттор чечим чыгаргандан коркушат. Өкүм чыгарган соң өз үйүндө жашагандан коркушат. Сот деген эмне? Бул бардык укук коргоо системасынын туу чокусу. Соттор коркуп турушса, алардын коопсуздугун мамлекет камсыздай албаса, калган жарандар жөнүндө айтыштын кереги барбы? Биз азыр укуктук мыйзам эмес, жунгли мыйзамы менен жашап калдык! “Ким көбүрөөк адам чогултуп келет” деген принцип тескеп калды.

Азыр Ташиевдин туугандарынын наадан жүрүш-турушу тууралуу айтып жатышат. Аны коюп, 7-апрель сотун карайлычы – үч жылдан бери бүтпөй созулуп келатат. Өкмөт мунун баарына ат үстүнөн мамиле кылууда. Бардык укук бузуулар кечирилбей, тетирисинче, жазаланарын жана жоопкерчиликке тартыларын өкмөт өзү көрсөтүшү керек. Эгерде өкмөт бир учурда көрмөксөн болуп, ал эми башка учурда кайра өзү эле нааразылыгын көрсөтсө – бул эч убакта жакшылыкка алып келбейт. Мындай мамиле соттордо мыйзам эмес, саясат үстөмдүк кыларын көрсөтөт. Мыйзамсыз мамлекет болбойт, а мамлекетсиз эч качан коопсуздук болбойт.

Эң эле ийгиликтүү инсандардын адеп-ахлакка жатпаган, бузуку жүрүш-турушунан коом бузулуп баштайт. Биз дайым ийгиликтүү, бай адамдардан үлгү алабыз, анткени, ар бир адам ийгиликтүү болгусу келет. Дал ошол эң ийгиликтүү, эң бай, эң таасирдүү деген кишилерибиз адепсиздиктин, ыймансыздыктын үлгүсүн берип жатпайбы. Мисалы, улгайып калган эркектер төртүнчү же бешинчи токолу кылып небересиндей болгон секелектерди алып жатышат. Мен баарын текши айыптагым келбейт, албетте, жашоодо бардыгы болот эмеспи, бирок бул өлкөдө жаш кыздардын баары абышкаларды сүйүп жатканына ишенбейм.

Менимче, саясатчы – бул коомдук, элдик кесип, ал адамга абдан көп адептик чектерди коёт. Эгер сен шерменде видеонун “жылдызы” болуп же кайсы бир жаңжалдын каарманы болуп калсаң – саясаттан кетип, кесибиңди алмаштырышың керек. Ошондо гана жөнөкөй эл бузулгандын да чеги бар экенин көрөт. Биз саясатчынын адепсиздигин көрүп туруп, ошол эле учурда ага добушубузду берип жатсак – демек, биз бузукулукту колдоп жаткан болобуз. Өлкөбүз өтө эле чакан, коомубуз болсо жамаатчыл болгондуктан, ким бирөө Нарында саунага барса, ошол эле күнү кечинде Бишкекте баарына маалым болот. Ар бир өлкөдө коомдук уяткаруу институту болушу керек. Ошондо гана биздин саясатчыларыбыз бузукулукка баргандан сактанып калышат, анткени, эмкиде алар элдин добушун алалбай калабыз деп коркушат.

“Азаттык”: Эмне үчүн биздин коом эки революциядан жана 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларынан кийин дагы эле эсине келип, тынчыбай жатат? Элдин жаалы күчөп, жаратмандыктын ордуна кыйратууга ыктап баратабы?

Жакупова: Эл кандай кыйынчылык болбосун чыдайт, бирок адилетсиздик адамдардын жинин кайнатат. Менимче, өз элиңди караңгы тутуп, малга жасагандай мамиле жасабаш керек. Эл адилетсиздикти көрүп турбайбы: бирөө келип, уурдап-тоноду, экинчиси келди – уурдап-жеди да качып кетти, эми булар келип “Биз эл менен” деген ураанды жамынып алып, мурункулардын эле кылыгын кайталап жатышат. Мен оппозициялык кыймылдан билген көп эле адамдар кезинде ресторанда жеген тамагына төлөй албай жүрүшчү. Азыр болсо “Ландкрузерлерди” минип алышып, шаардын ар жеринен батирлерди сатып алып жатышат. Кечиресиздер, үч жыл ичинде мынчага жетишүү мүмкүн эмес. Анда Бакиевдерден эмне айырмаңар бар? Жазасыздыкты жана жоопкерсиздикти көрүп турган элдин жини келет да. Камбар-Ата ГЭСи менен байланышкан алдамчылык үчүн же банктардагы кутучаларды талап-тоногондору үчүн ким бирөө жоопкерчиликке тартылдыбы? Жок. Эч ким эч нерсеге жооптуу эмес. Ушундан кийин ким аларга ишенет?

“Азаттык”: Өлкөнү кризистен алып чыгууга азыркы өкмөт кудурети жетеби? Президент Атамбаевдин Нарындагы сүйлөгөнү сизге кандай таасирин калтырды? Көп жарандар аны көөдөндү жарган сөздөр катары кабыл алды деп жатышат.

Жакупова: Алмазбек Шаршенович өтө эмоциялуу деп айткан мага кыйын, себеби, өзүм көп учурда эмоцияга алдырып жиберем. Менин оюмча, башында Убактылуу өкмөткө элдин ишеними зор эле. Ошол ишенимге таянып, алар кийин өздөрү аткарбай койгон милдеттерди моюндарына жүктөп алышкан. Ошол кездеги оппозиция лидерлери революция жасап, Убактылуу өкмөттү башкарып, андан кийин объективдүүлүктү сактоо үчүн кийинки шайлоого барбайбыз, деп убада беришкен. Бирок ал убадасын бузуп коюшту.

“Өкмөттү өтө көп сындайсың, каршы чыга бересиң”,- деп мага көп айтышат. Бирок, сегиз ай мурун Ташиев жана анын партиялаштарынын иши жаңы эле козголуп келатканда, мен ачык жана ак ниеттик менен: “Бул иштен майнап чыкпайт, эл алдында абийириңерди жоготуп аласыңар”, - деп, аларга алдын ала жазып эскерткем. Тилекке каршы, ошондой болбодубу. Апрель окуялары боюнча сот иштери башталганда да мындай иш жарабайт деп ачык эскерткем. Улутташтыруу боюнча декреттерди киргизе баштаганда, мен аларга кеңири аналитикалык кат жазып, бардыгын өз ирээти менен түшүндүрүп: “Мунун баары кийин өзүңөргө эле ашыкча түйшүк болот”,- деп айткам. Угушкан жок. Жети-Өгүз боюнча кырдаалды карап көргүлөчү. Мен дароо эле башкы колбашчы катары Алмазбек Шаршеновичке, мурунку президент катары Роза Исаковнага кат жазгам. Оозеки да, кат түрүндө да: “Эгер эртең жаңжал чыкчу болсо, силердин коопсуздугуңарды ким камсыздайт? Ким бирөө төңкөрүш уюштурса, эмне кыласыңар?” - деп эскерткем. Дагы кантип жардам береримди билбейм.
Эл башчы болуу чынында абдан жоопкерчиликтүү жана өтө эле ыңгайсыз абалдарга кептейт, себеби, ал жакындарынын башын алышы керек. Эгер ал өзүнүкүн калкалап, жалаң гана душмандарынын баштарын ала берсе, адилетсиз көрүнө баштайт. Бирок эл башчынын башка жолу жок. Сенин жолдошторуң да, туугандарың дагы жок болушу керек, баарынан бирдей аралыкта кармоо керек. Ошондуктан, башчы адам өзүн сызга отургузгандардын, жалган маалымат бергендердин, туура эмес кылмыш иштерин козгогондордун баарын жазалашы керек.

“Азаттык”: Тышкы факторлор Кыргызстандын өнүгүшүнө канчалык таасир тийгизет?

Жакупова: Тышкы факторлор жалгыз эле Кыргызстанга таасир этпейт. Себеби, азыр ааламдашуу кылымында бардыгыбыз бири-бирибизге кандайдыр бир даражада көз карандыбыз. Бирок, мамлекет экономикалык, саясий, институциялык мааниде канчалык чабал жана туруксуз болсо, ошончолук тышкы факторлорго көз карандылыгы арта берет. Биз азыр күчсүзбүз, чечимдердин 80% ошол тышкы факторлорго жараша алынат. Көз карандылыкты азайтыш үчүн күчтүүрөөк болуш керек, ал эми күч иштегенде гана келет. А биздин урушуп-талашып, айлабыз куруп отура бергенибиз алсырата берет.
Путиндин биринчи президенттик мөөнөтүн эстейличи – бир жыл ичинде эле картайып кетпеди беле. Ошондо анын тынбай иштеп жатканы көрүнгөн. Азыркы биздин саясатчылар арасынан баш көтөрбөй иштеген бир да адамды көрбөйм. Алар өз кызыкчылыктары жана бизнеси үчүн гана иштешет, эл аны көрүп турат. Мен өкмөткө жардам берип, кээ бир окуяларды алдын-алууга же токтотууга жасаган аракетимдин бир аз эле мисалын айтып кеттим. Бирок алар мени угушпайт, анысы аз келгенсип мени душман тутушат. Мен түпкүлүгүндө душман же мамлекеттүүлүккө кыянатчыл боло албайм, себеби, мен революционер же төңкөрүшчү эмесмин.

“Азаттык”: Ошол эле учурда бизде сөз эркиндиги бар, аны эч ким муунтуп, журналисттерди камакка алган жок...

Жакупова: Ооба, бизде ММКнын чексиз эркиндиги бир, бирок маселе реакциянын жоктугунда болуп жатпайбы. Каалаганыңды жаза берсең болот, эркиндикти эч ким баскан жок, бирок сынды эч ким тоготпой калды. Юристтер менен журналисттердин иши маанисиз болуп келатат – жазып, айтып келебиз, бирок эч кулак да кагып койбойт. Мародерчулук, банк кутучуларын тоноолор – мунун баары ММКда чагылдырылды, эмне чыкты? Бизде күн сайын сансыз жаңжал жана талаш-тартыштар боло берип, көнүп да бүттүк. Бузукулук кадыресе болуп калды. Башкаларда уят көрүнгөн көрүнүштөрдөн уялбай калышты. Ушул ыплас иштерден дендароо жашап жүрүп, аны да сезбей калдык. Укук коргоочулар менен журналисттердин башкы ролу адамдардын маскаларын сыйрып, маалымат берип, ушул аркылуу коомду тарбиялоо эмеспи. А бирок биз андай миссиябызды аткара албай калдык, себеби коомчулук деле үрөй учурган жаңылыктарга, соттордогу тополоңдорго көнүп, тоготпой калды... Ошентип, биз коомдун санитарлары болбой калдык. Азыр баарына болгон ишенбестик өтө эле жогору болуп турат. Адамдар революциялардан тажап, азыр аларды козутуу, көкүтүү да кыйын болуп калды.