Социалдык тармактардын салымы

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашты.

Бүгүнкү күндө интернет жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Ансыз жашоо токтоп калгандай сезилет. Телефонун чукулап, клавиатурадан тамга терип жаткан жаштарды кайдан гана жолуктурбайсың.

Барган сайын Кыргызстанда социалдык тармактарды колдонгондордун саны өсүүдө. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашты. Алардын ичинен 1 миллиондон көбү социалдык тармактарда отурушат. Бир катар блогчу жана жаңы медиа адистеринин маалыматтары боюнча, учурда кыргызстандык интернет колдонуучулар Фейсбук, Твиттер, Менин дүйнөм, Классташтар, Инстаграм өңдүү социалдык тармактарга көбүрөөк киришет.

Учурда дүйнө боюнча Фейсбук социалдык тармагын колдонуучулардын саны 1 млрд. 200 миллиондон ашкан. Кыргызстанда фейсбукчулардын саны 100 миңден ашканы жана колдонуучулар саны улам артып жатканы айтылууда.

Фейсбук кызмат даражасына жана жаш курагына карабай бардыгына бирдей баарлашуу аянтчасына айланды. Маселен, окуучулар менен студенттерден тарта белгилүү саясатчыларга чейин өздүк баракчаларына түрдүү маалыматтарды жайгаштырып турушат.

Бир топ психологдор социалдык тармактарды ашкере колдонуу көзмө-көз табигый байланышты жок кылат деп кооптонушса, бир катар филологдор жаштардын сабатсыз болуп баратканын айтып, коңгуроо кагып келишет. Интернет активист Тимур Токтоналиевдин айтымында, социалдык тармактардын терс таасирлеринен сырткары, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга пайдасы чоң:

- Бүгүнкү күндө билим берүү системасы кризиске учурап отурат. Мектеп, окуу жайларда эски материал, эски китептер менен сабак өткөрүлөт. Ал эми социалдык тармактар аркылуу жаштар дүйнө таанымын кеңейтип, дос топтоп, ар кандай жаңы маалыматтарды ала алышат. Башка өлкөдөгү достор менен баарлашып, жаңы чыккан китептер тууралуу билүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Социалдык тармактар маалымат алуунун ыкчам бир түрү болгондуктан, бирөө менен таанышып, достор менен баарлашууга эле эмес, жумуш үчүн колдонгондор да аз эмес. Алардын бири Нурдана Бегимали кызы “Миң түркүн” айымдар журналында эмгектенет. Социалдык тармактардын дээрлик бардыгын колдонгону менен, алардын жаман таасирин албай, тескерисинче пайдасын көрөм дейт:

- Кызыктуу маалыматтарды алууда социалдык тармактардын орду чоң. Менин жумушума да абдан ыңгайлуу. Керектүү адамдарды ыкчам таба аласың. Кээ бир учурда ар кандай окуяларды жазып чыгышат, андан таасирленесиң.

Жаш акындардын интернеттеги күйөрмандары

Акындар алар кимдер?

Дүйнөсү такыр бөлөк.

Алмадай чындык үчүн,

Ажалга башын берет,

Алаамат болбошу үчүн,

Ааламга акын келет... Бул ыр саптары жаш акын Мирлан Алтымыш уулуна таандык. Ал күнүнө болбосо да байма-бай Фейсбуктагы баракчасына өзүнүн ыр саптарын киргизип турат. Жаш акындын айтымында, анча-мынча китеп барагын ачпаган жаштар үчүн социалдык тармактар аркылуу ырды, башка адабий чыгармаларды жеткирүү оңой:

- Менин ырларымды окугандардын көпчүлүгү жаштар. Мисалы, китеп чыгарсам, мынчалык окулбаса керек эле. Анын үстүнө социалдык тармактар мендей жаш акындар үчүн өзүн-өзүн өстүрүүгө аянтча болуп берет. Себеби, ар кандай комментарийлер келет, ал моралдык жактан бир топ эле жардам.

Социалдык тармактардын жаштарга тийгизген таасирлери туурасында азыркы күнгө чейин эки ача пикирлер айтылып келет. Бирок акыркы учурда жаштар социалдык тармактар аркылуу түркүн долбоорлорду ишке ашырып, кайрымдуулук акцияларын жүргүзүп, бир топ алгылыктуу иштерди аткарууда. Мындан улам, социалдык тармактардын кайсыл жагын сиңирип алуу ар кимдин өзүнө көз каранды деген пикир жаралууда.